Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

45
0

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

 Кабар: Кыргызстан парламенти кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун ратификациялады.

Бир эле учурда үч окууда кабыл алынган мыйзам долбооруна 64 депутат “макул”, 19 депутат “каршы” добуш берди.

О.э. депутаттар Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди колдоп беришти.

Эми бул келишим президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасы бул документтерди ратификациялоо боюнча мыйзамды 14-ноябрда кабыл алган.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участкаларын делимитациялоо жөнүндөгү о.э. Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери 3-ноябрда Бишкекте кол коюшкан.

 Комментарий: Кыргызстан менен Өзбекстандын бийликтери былтыр чек араны тактоо боюнча макулдашкандан бери Кемпир-Абад суу сактагычы актуалдуу маселеге айланды. Бүгүнкү күндө бул маселе боюнча талаш-тартыш чокусуна чыгып барууда. Кырдаалдан пайдаланып калмакчы болуп жаткан күчтөр да муну күч топтоо жана элди көтөрүү үчүн ыңгайлуу учур катары көрүп жатышат. Расмий бийлик болсо алардын үнүн өчүрүү үчүн 20дан ашык саясатчы жана активистти камакка алды.

 Кыргызстанда чек ара маселеси актуалдуу темага айланып, расмий бийлик да, оппозиция да бул кырдаалдан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга аракет кылып жаткан учурда, биз мусулмандардын бул ишке карата позициябыз кандай болушу керек?

 Биринчиден, колонизатор кафирлер тарабынан исламий өлкөлөрдүн ортосуна тартылган жасалма чек аралар болушу шариъий жактан арам болгону себептүү, биз мусулмандар бул чек араларды тааныбашыбыз керек. Экинчиден, ушул чек аралар эч кандай шаръий күчкө ээ болбогону себептүү, чек аралар бир сызыктан экинчи сызыкка көчүрүлүшүнүн эч кандай мааниси жок. Үчүнчүдөн, мусулман адам нашаръий т.а. арам кылынган сызыктар себептүү куфрдун кызыкчылыгы үчүн атайылап уюштурулуп жаткан жаңжал жана акцияларга катышпастыгы керек. Төртүнчүдөн, саясий абалдарды туура түшүнүп, куфрдун малайлары болгон бийлик менен оппозиция ортосундагы бийлик талашуу оюнуна катышпай, башкаларды да ага катышпоого чакырышыбыз керек.

 Куфр тарабынан ортобузга тартылган жасалма чек аралар элдин башына көптөгөн балээ жана кырсыктарды алып келүүдө. Кемпир-Абад маселесине толук чекит коюла элек. Балким, буга чейинки чек ара жаңжалдарынан ашып түшө турган абалдарга себеп болушу да мүмкүн. Анткени, чек ара жаңжалында абалдар бирдей т.а. алардын бардыгында жер талашуу согуш жана жаңжалдарга себеп болуп келет. Белгилүү болгондой, куфр өз сакафаты менен мусулмандарды, айрыкча, өсүп келе жаткан жаштарды улутчулдук жана мекенчилдик пикирлери менен сугарууга олуттуу көңүл бурууда.

Эгер биз мусулмандар азыр бул пикир жана түшүнүктөргө каршы пикирий жана саясий күрөш алып барып, анын былыктарын ашкере кылбасак, эртең бул пикир жана түшүнүктөр жемишин берери анык. Кырдаалга бир гана Ислам робитасы – мусулмандар ага-ини деген түшүнүк гана туура таасир бере алат. Анткени, мекенчилдик туйгусу чек араларда жаңжалдарды пайда кылса, улутчулдук туйгусу улуттар аралык жаңжалдарды келтирип чыгарат. Бир мамлекеттин ичинде түрдүү улуттун өкүлдөрү болушу табигый көрүнүш. Аларды Ислам робитасы гана бириктире алат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here