Саламаттыкты сактоого таасир көрсөтүүчү эң маанилүү аамилдердин бузуктугу (5)

227
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

               Бисмиллахир рохманир рохиим

Бүгүнкү күндөгү саламаттыкты сактоонун вакиъси о.э. Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо негиздери жана анын максаттары

Саламаттыкты сактоого таасир көрсөтүүчү эң маанилүү аамилдердин бузуктугу (5)

  Жеке тартиптеги ишкердикти коргоо мыйзамдары – монополия жана базарлар үстүнөн өкүмдарлык орнотуу куралы болуп эсептелет. Бул мыйзамдарды ири капиталисттик мамлекеттер башка калктарды жаңы дары-дармектерди ойлоп табуу жана алардан пайдалануу укугунан ажыратуу үчүн алардын үстүнө мажбурлап киргизген. Анткени, бул аркылуу дүйнөдөгү башка мамлекеттер ири капиталисттик мамлекеттер өндүргөн продукцияларды керектөө базарына айланышын көздөшөт. 1980-жылдан кийин Америка конгресси саламаттыкка колдонула турган негизги изилдөөлөрдү пайдалуу жаңы продукцияларга айландырууну тездетүүгө каратылган бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Бул мыйзамдардын эң маанилүүсү Bayh Dole (Бэя-Доула мыйзамы) деп аталат. Бул мыйзам топторго жана кичине ишканаларга, Улуттук Саламаттыкты сактоо институттары башкарган изилдөөлөрдөн келип чыккан ачылыштар үчүн лицензия алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондон кийин фармацевтикалык компанияларга эксклюзивдик лицензиялар берилет. Конгресс чыгарган бул мыйзамдар фармацевтикалык компаниялар жаңы дары-дармектерди чыгарууда өздөрүнүн жеке изилдөөлөрүнө таянууга мажбур эместигин түшүндүрөт.  Андан соң конгресс 1974-жылы фармацевтика өнөржайы үчүн өтө пайдалуу болгон бир катар мыйзамдарды чыгарды. Бул мыйзамдар бренд дарыларды монополия кылуу укугун кеңейтет. Натыйжада бренд дарылар үчүн бериле турган лицензиянын жарактуулук мөөнөтү 1970-жылы 8 жыл болгон болсо, 2000-жылга келип, бул мөөнөт 14 жылга узартылды. Сөз Lipitor, Celebrex, Zoloft сыяктуу адатта жылына бир миллиард доллардан ашык соода кыла турган дары катары мүнөздөлгөн белгилүү продукциялар жөнүндө болууда. Мындай бренд дарылардын лицензиясынын жарактуулук мөөнөтүнө кошуп берилген 6 жыл фармацевтикалык компаниялар үчүн алтынга барабар убакыт болуп эсептелет.

  80-90-жылдар аралыгында ири фармацевтикалык компаниялардын пайдалары өскөндөн тышкары, алардын саясий күчү да жогорулады. Натыйжада алар азык-түлүк жана фармацевтикалык мекеме жөнүндө өздөрүнө жакпаган нерселерди түздөн-түз басым өткөрүү жолу аркылуу, же Конгресстеги достору аркылуу өзгөртүп жиберүүгө күчтөрү жете турган деңгээлге жетишти. 1997-2002-жылдар арасында фармацевтикалык компаниялардын басым өткөрүүчү топторго жумшалган жалпы чыгымы 477.6 миллион долларды түзгөн. Бул болсо, тапкан пайда менен салыштырганда анчалык деле көп эмес эмес. Себеби, 2002-жылы катталган эң ири фармацевтикалык компаниялар 36 миллиард долларга жакын киреше табышкан.

Лицензия жана дары-дармектер соодасын монополия кылып алуу Ислам назарында албетте шариятка тескери шарт болуп эсептелет. Мындай шарттарга моюн сунуу важиб эмес. Кудум мына ушул нерсе т.а. мындай шарттарга моюн сунуу важиб эместиги дары-дармек чыгаруучуларга дарылардын ар кандай түрлөрүн чыгаруу үчүн базарларга кирүү кепилдигин берет. Натыйжада дарылардын баасы кескин арзандайт. Элдин бардыгында дарыларды сатып мүмкүнчүлүгү пайда болот. Илимий талкуулар шыктандырылат, алар идеяларга ээ болуу жана кабыл алууга тоскоолдук себептүү таштай катып калбайт. Илимий талкуулар пайдага жабышып алуу себептүү жана жакырлардын оорусуна көңүл бурбастык себептүү бир жерде сенек болуп калбайт. Чындыгында, мусулман аалымдар өздөрүнүн ачылыштарында о.э. эсепсиз илимий талкууларында адамдарга пайда келтирүү менен Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү үмүттөнүшөт эле. Алар маддий кыйматка жана пайдага гана жабышып алышпайт эле. Тескерисинче, алардын назарында алсыздарга жардам берүү жана бейтапты дарылоо биринчи кезекте турат эле. Бирок, капиталисттик дүйнөкараш, капиталисттик хазарат илимий талкуу элементтерин да, илимдердин өнүгүшүн, анын ичинде медицина илимин, дары-дармек чыгаруу өнөржайын да кыйроого учуратты. Илимий изденүүлөрдөн көздөлгөн максатты жалаң гана пайда жана кызыкчылыкка чектөө менен илимий өнүгүүнү солгундатты. Алдоо жана жасалмалоо (фальсификация) мыйзамдуу жолго айланды. Изилдөө жана үйрөнүүлөр алдын ала пландаштырылган натыйжаларды бериши үчүн тартиптештирилди. Изилдөөлөр дарылоо үчүн тийиштүү даярдыктарды, фармакологиялык дозаларды манипулация кылуу, дарылоо усулдарын жана сунуштун түрлөрүн манипулация кылуу аркылуу алдын ала күтүлгөн натыйжаларга жетишүү үчүн өткөрүлө турган деңгээлге түшүп кетти. Төмөндө айрым дарыгер жана изилдөөчүлөрдүн дары-дармек компаниялары менен мыйзамсыз мамилелери боюнча кээ бир мисалдарды келтиребиз:

“Mediker” медициналык комплексинин аткаруучу директорунун жардамчысы, доктор Шэрон Лэфин айтат: “Эгер мен дары чыгаруучу ишкер болсом, мага таандык болгон лицензиянын жарактуулук мөөнөтү аякташына жакын калганда мен дары чыгаруудагы бир кичинекей гана бөлүктү өзгөртүп койсом о.э. дарыгерлерди дарынын сапатына ынандыра алсам жана продукциям менен дары керектөөчүлөрдү да, мисалы, күнүмдүк Прозак (PROZAC) оорусун дарылоодо жардам беришине ынандыра алсам жана менин лицензия мөөнөтүм дагы 20 жылга узартылышы мүмкүн болсо, анда мен эмне үчүн дагы акча кетирип, башка жаңы дары чыгаруу жөнүндө баш катырышым керек?!

АКШда жайгашкан, рак оорусунун дүйнөлүк масштабдагы эң ири борборлорунун бири “Кетринж Слоан мемориал” ооруканасынын медициналык жетекчисинин бир катар фармацевтикалык компаниялар менен мамилеси жана бул мамиленин натыйжасында  миллиондогон долларга ээ болушунун ачыкталышы, анын бир катар журналдарда, анан ичинде “Жаңы Англия журналы” жана “Лансет” журналдарында жарык көргөн медициналык изилдөөлөрү жаатында күмөн пайда кылат.

Изилдөөлөрдүн бири төмөнкүдөй тыянакка келди, изилдөөчүлөрдүн үчтөн биринен көбүрөөгү ал же бул формада фармацевтикалык компаниялар менен жакын мамиледе болгон. Америка медициналык журналынын тыянагы боюнча, ооруканалардагы бөлүм башчылардын 60 %ынын фармацевтикалык компаниялар менен байланыштары бар. Кээде алардын арасында кызыкчылыктар кагышы да жүз берип турат.  Бул маалыматты дал ошол журналдагы дагы башка бир булак да тастыктайт. Анда айтылышынча, 40% изилдөөчүлөр фармацевтикалык компаниялардан ар түрдүү белектерди алышкан.

Британиянын эл аралык өнүктүрүү министри Клэр Шорт фармацевтикалык компанияларды сындап, аларды жарандардын оорусун айыктыра турган дары-дармектерди натыйжалуу чыгара албагандыкта айыптаган жана изилдөөлөр үчүн бөлүнгөн каражаттардын болгону 10 %ы гана дүйнөдөгү жарандардын 90%ына таасирин тийгизе турган ооруларга тиешелүү болгон изилдөөлөргө жумшаларын кошумчалаган.

О.э. медициналык изилдөөлөр Батыштагы кызыкчылык түшүнүгү себептүү алдоодон кутула алган жок. Натыйжада алдоо деген бул оору илимий өнүгүү жана илимий изденүүлөргө сокку берди. Ал эми Ислам алдоону, анын ичинде илимий изденүүлөрдөгү жасалмалоону арам кылган. Расулуллах с.а.в.:

مَن غشَّ فليْس مِنِّي

Ким алдаса, ал менден эмес, – деген”. Муслим Абу Хурайрадан риваят кылган. Муслимдин Абу Хурайрадан кылган дагы башка бир риваятында Расулуллах с.а.в.:

مَنْ غَشَّنَا فَلَيْسَ مِنَّا

Ким бизди алдаса, ал бизден эмес”, – деген. (уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here