Эй залим бийлик, муслималардан колуңду тарт!

190
0

Эй залим бийлик, муслималардан колуңду тарт!

 Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 12-ноябрь күнү Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылткан «аялдар канатынын» жашыруун ишмердүүлүгү аныкталганын кабарлады.

 Маалыматка ылайык, атайын кызматтын өкүлдөрү 14-октябрда жана 4-ноябрда беш кишинин жашаган жерин тинтүүгө алган. Жыйынтыгында шектүүлөрдүн экстремисттик уюмга тиешеси бар экенин тастыктаган далилдер табылган.

Айтылышынча, бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

 30 жылдан бери бири кетип, экинчиси келип жаткандардын жана экстремисттик жолдор менен бийликке келип жаткандардын бардыгы башкарууда саясий жана экономикалык жактан туңгуюкка кептелип калса, бийликке карата нааразылыгы күчөй баштаган адамдардын көңүлүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшкө бурууну адатка айлантып алышты. Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдордун – алардын саясий чоркоктугу себептүү мамлекет кризиске кептелип калган кезде – даъват жүгүн көтөрүп чыккан момундарга, алсыз муслималарга каршы күрөштү күчөткөнү жөнүндө көптөгөн мисалдар бар. Бул тууралуу ошол кезде кеңири билдирүүлөрдү таратканбыз.

 Учурдагы бийлик, айрыкча, Садыр Жапаров бийликке жеткенге чейинки убадаларынын бирин да аткарбады. Өлкөнү карыз берүүчү мамлекетке айландырууну убада кылган Жапаров, тескерисинче күн өткөн сайын мамлекетти карызга батырып барууда. “Кумтөр” алтын кени улутташтырылса чет өлкөдөн карыз алууга зарылдык болбой каларын сайрап келген Жапаров быйыл он айдын ичинде элдин мойнуна дагы 180 миллион доллар карыз илип койду. Өзбекстан менен “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча түзүлгөн келишимдерге жергиликтүү калк каршы чыгып, нааразылык маанайы күчөп кеткендиктен, Жапаров дагы кайрадан баягы эле сыноодон өткөн ыкманы  т.а. “экстремизм” жана “терроризм”ге каршы күрөшүү куралын ишке сала баштады.

Жапаров режими мамлекетке миллиондогон, ал тургай миллиардаган зыян жеткирген чиновниктерди “кустуруп” эркиндикке чыгарып жиберүүдө. Ал “кустурулган” каражаттар кайда жумшалып жатканы тууралуу элге бир да маалымат берилген жок. Ал эми, Роббим Аллах дегенден башка айыбы болбогон, адам бул дүйнөгө сыноо үчүн жаратылганын, адамдын жашоодон көздөгөн максаты Аллахтын ыраазылыгына жетишүү экендигин түшүнүп жеткен о.э. адамдарды жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарууга аракет кылып жаткан алсыз аялдарга каршы ар түрдүү жалаалар менен кылмыш ишин козгоп, куугунтуктоону токтотпой жатат.

Эй Садыр Жапаров, сага мурункулардын тагдыры сабак болсун. Алсыз, мазлума муслималардын дубасынан этият бол, анткени мазлумдун дубасы менен Аллахтын ортосунда парда жок, пакиза муслималардан колуңду тарт!

Аллах Таала айтат:

وَالَّذِينَ يُؤْذُونَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ بِغَيْرِ مَا اكْتَسَبُوا فَقَدِ احْتَمَلُوا بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُّبِينًا

Момун эркек жана момун аялдарга алар бир да күнөө кылбаса да азар бере турган кимселер жалаа жана ачык күнөөнү өз моюндарына алышат. [33:58]

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here