Министрлик жолго салык салууну сунуштады

195
0

Министрлик жолго салык салууну сунуштады

         Экономика жана коммерция министрлиги жол үчүн салык салуу сунушун коомдук талкууга чыгарды. Анда автоунаа ээлеринен алынуучу төлөмдүн бир нече түрү сунушталган.

         Мыйзамга ылайык, айдоочу автоунаасынын жүргөн жолунун узундугуна жараша акы төлөйт. Башкача айтканда, күйүүчү майдын ар бир литрине кошулуп алынат. Мындан түшкөн каражат жолдорду оңдоого жана каржылоого жумшалат имиш. Буга кошумча, автоунаанын дөңгөлөктөрүн жок кылууга жана керектен чыккан автоунааларды, автоунаа майларын жок кылууга төлөмдөр алынмакчы.

         2022-жылдын башына карай Кыргызстанда 1 млн. 387 551 автоунаа катталган. Анын ичинде жеңил унаалар – 1 млн. 103 445; Жүк ташуучу унаалар – 234 650; Жүргүнчү ташуучу унаалар- 49 456.

         Белгилей кетсек, 2022-жылга консолидацияланган бюджет 403,9 млрд сом деп бекитилген. Ал эми, республикалык бюджеттин кирешеси 282,1 млрд сом, чыгашасы 291,2 млрд сом деп каралган. Бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду түзмөк. А бирок, Бажы кызматы 98 млрд. сомду чогултуу милдетин аткарбаганы белгилүү болду. Бул мекеме 10 айда 59,1 млрд сом гана жыйнаган. Жылдык планды аткаруу 20 млрд сомго же 24% аз болот деп күтүлүүдө. Мындан улам, өкмөт быйыл бюджеттин таңкыстыгы 35 млрд сомго чейин жетиши мүмкүн экенин моюнга алды. Натыйжада, бюджетти толтуруу үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табууда. Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев аркылуу мал-жандыктан салык алууну сунуштаган. Бул демилге жүзөгө аша турган болсо койго жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү малга, жылкыга жылына 200-250 сомдон салык салынат.

        Булардан белгилүү болгондой, өкмөт айрым тармактарда айлык акыны популисттик менен көтөрүп алган. Түпкүлүгүндө, карыз менен бюджетти толтуруу жана өндүрүштү жолго койбой туруп айлык акыны көтөрүү өлкөдөгү инфляцияны дагы да күчөтөт. Башкача айтканда, баалар менен кызмат акылар эселеп өсөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөн. Ал эми, айрым товарлар эселеп өскөнү маалым.

         Өкмөт буга чейин КНС салыгын көбөйтүү үчүн негизги шаарларда контролдук кассалык машиналарды орнотууга милдеттендирилген. 2023-жылга чейин Кыргызстандагы болгон соода жайлары кассалык машиналар менен иштөөгө өтөт. Ага макул болбогондор 23 миң сомго чейин айып пулга жыгылат. Бул сумма азыр патентке кеткен акчадан алда канча көп. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар кымбаттайт. Себеби, алардын өздүк наркына 12% кошумча нарк салыгы кошулат. Буга чейин соодагерлер патентке эле төлөп, КНСти төлөбөй келген.

         Жаңы кодекс боюнча жогорудагы КНС салыгынан башка өлкөдө салыктын дагы алты түрү бар. Алар: киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы. Ал эми жер салыгы мүлк салыгы менен бириктирилди.

         Мына ушундайча кыргыз бийлиги өткөн жылы берген убадаларын аткара албай бюджеттин тешигин бүтөгөнгө аракет кылууда. Салыктардан тышкары, мурдагы бийликтердин жолун улап чет элдик сүткор каржы уюмдарынан бюджетти толтуруу үчүн карыз жана кредиттерди алууда. Маселен 31-октябрда Азия өнүктүрүү банкынан бюджетти колдоого 50 миллион доллар карыз алуу келиими түзүлдү. Ал эми, акыркы он айда кыргыз бийлиги бюджетти колдоо үчүн эл аралык каржылык уюмдардан жалпы эсепте 180 млн. доллар карыз алды. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк алдыңкы беш жылда Кыргызстанга 600 млн доллар бөлөөрү белгилүү болду.

         Капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. АКШда 90%дан ашса, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө -+ 100%га жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калган кирешени, гранттар, чет элдик мамлекет жана уюмдардан алган карыз, кредиттер, дивидендден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар түзөт.

         Жогорудан маалым болгондой, учурдагы бийлик Кыргызстанда ар бир кыбыр эткен иш салыксыз калбашы керек жана аз салык төлөп калбашы керек деген саясатка багыт алууда. Блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, таксисттерге, жолдон жана малдан алынчу салык сунушу ушуга мисал болот. Булардын баарын ишке ашыруу үчүн салык кызматына күч органдарынын укугу берилүүдө. Б.а. финансылык полиция болууда. О.э. салык кызматы чогултулган салыктын 3%ын алат. Бул салыкчылардын айлыгынын көбөйүшү анын чогулткан салыгына байланыштуу болот дегени. Муну менен салыкчылар каяктан болбосун көп салык чогултууга аракет кылышат. Натыйжада, калктын жашоосу азыркыдан да оорлошот. Баалардын кымбатташы буга кошумча болот.

         Мына ушундайча, капитализмдеги бюджет элдин эсебинен толтурулат. Бийлик өкүлдөрү болсо болушунча казынадан уурдап калууга, өзүнүн ишкерлик тармагына көбүрөөк бөлүп алууга жандалбас урат. Ошондой эле, бюджетке жеткирбей, сол чөнтөктөрүн толтурушат.

         Мунун каршысында Ислам байлыктын бир ууч капиталисттердин, монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту камсыздап берет! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүр о.э. мурас сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, булар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!

Түркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here