Кыргызстанга ЕККУнун элчилери келишет

215
0

Кыргызстанга ЕККУнун элчилери келишет

 Кабар: Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франциянын Европада Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы (ЕККУ) туруктуу өкүлдөрү Борбор Азия турнесинин алкагында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Британиянын Бишкектеги элчиканасы кабарлады.

 Кабарда айтылышынча, келе турган топтун курамында Нил Буш (Улуу Британия), Геза Браутигам (Германия), Майкл Карпентер (АКШ) жана Кристин Фаж (Франция) бар.

 Буга чейин алар Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанда болушту. Кыргызстанга сапардын алкагында алар тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсесине, андан кийин академиясына барышат. О.э. жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу пландаштырылган.

 “Борбордук Азия биз үчүн маанилүү аймак, ошондуктан биз бул жакка төрттүк форматта саякаттайбыз. Жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушабыз, долбоорлорду жеринде көрөбүз, бийлик өкүлдөрү менен жолугушабыз. Биз дагы бир жолу биргелешкен иштин маанилүүлүгүн баса белгилейбиз, ЕККУнун ишмердүүлүгүн жана уюмдун ишинин бардык приоритеттүү багыттары боюнча коопсуздук маселелерин талкуулайбыз”, –  деп айтылат элчилердин иш сапарынын алдындагы биргелешкен билдирүүсүндө.

Комментарий: ЕККУ аймактагы мамлекеттерди бири-биринен бөлүп турган жасалма чек араларды бекемдөөгө, “терроризмге каршы күрөшүүгө”, наркотикалык заттардын соодасы менен күрөшүүгө о.э. жарандык коомдор менен демократиялык институттарды өнүктүрүүгө демөөрчүлүк кылып келет. Россия Украина баткагына батып барган сайын Американын таасири алдындагы эл аралык уюмдардын жана Европа мамлекеттеринин  расмийлери Борбор Азияга тынымсыз каттап калышты. ЕККУ элчилеринин Борбор Азия турнеси да ушулар түркүмүнөн. Батыш мамлекеттери адам укуктары, демократиялык  институттарды өнүктүрүү, инвестиция жаткыруу, соода-экономика, транспорт-логистика тармактарында активдүү кызматташуу шылтоосу менен аймактагы мамлекеттерди байлап алуу аракетин күчөтүүдө. Аймактагы мамлекеттер менен мамилени тереңдетүүдөн тышкары, өзүнүн дүйнө карашы жана сакафатын да сиңирүүгө аракет кылууда. О.э. бүгүнкү күндө АКШ алдыга койгон негизги максаттардын бири – аймакта аскерий база ачуу. Эгер АКШ муну эптей алса, аймактагы негизги жана маанилүү кызыкчылыктарда Россияны сүрүп чыгаруу, Кытайдын экономикалык экспанциясына тоскоолдук кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here