Эрдаган Шам козголоңун Башар Асаддын кучагына түртүүдө

211
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган Шам козголоңун Башар Асаддын кучагына түртүүдө

 Устаз Ахмад Муаз

Ражаб Таййиб Эрдаган 2022-жылы 6-октябрь күнү Башар Асад менен убагы келгенде жолугушуусу мүмкүн экендигин жана муну четке какпашын баса белгиледи. Эрдаган Чехия борбору Прагада болуп өткөн кеңейтилген Европа саммитинде берген маалымат конференциясында: «Мындай жолугушуу учурда күн тартибинде жок. Бирок, Асад менен жолугушуу мүмкүн эмес дей албаймын», – деди. Ал: «Убагы келгенде Сирия президенти менен жолугушуу өткөрүшүбүз мүмкүн», – деп кошумчалады.

Акыркы кездерде түрк режиминин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу билдирүүлөрдүн көбөйүп жатканы Эрдагандын узак убакыт ичинде көптөгөн себептерге ылайык жашыруун болуп келген түпкү позициясын ачыктоодо. Кээ бирөөлөр келерки доордо Түркия көз караштарынан алып караганда бул билдирүүлөр күчтүү ыңкылап деп баа берүүдө. Бирок, мунун тескериси катары, баарысы муну күтүлгөн абал, жакындан бери ушундай болушу күтүлүп жаткан эле деп билүүдө. Айрыкча, мубарек Шам козголоңу башталгандан бери Түркиянын ойноп келген ролун жана ал амал кылган графикти дыкат күзөткөн о.э. Эрдаган Американын саясаты алкагынан чыкпаган адам экенин билген киши муну күтүлбөгөн абал деп эсептебейт.

Американын алкагында жүргөн түрк режими “Адилет жана Өнүгүү” партиясы бийлик башына келгенден бери тышкы саясатта Американын кызыкчылыктарына кызмат кылышы мүмкүн болгон бардык нерсени жасап келүүдө. Т.а. бул режим Сирия жаатында Американын Шам козголоңуна каршы күрөшүү жана аны жок кылууга каратылган планынан тышкары бир кадам да чыкпаган. Туурасы, Сирияга аралашып жаткан күчтөрдүн эч бирине жеке өзү аракет кылышына уруксат берилбеген. Себеби, бул үрөй учурган проблемаларды келтирип чыгарышы мүмкүн. Ошондуктан, Түркиянын ролу башынан эле Американын пландарын ишке ашыруу болгон.

Ушул орунда суроо туулат: Түркиянын ролу ачык көрүнүп калгандан кийин, бүгүн козголоң күчтөрү эмне кылышы керек? Алар козголоңду улантып, аны өз максатына, негизинен Шам канкорун кулатуу максатына жеткирүү үчүн кандай планды жасай алышат? Шам калкына каршы коюлуп жаткан тузактарды алдын ала алышабы?

Шам өлкөсүнүн жайгашуусу чоң мааниге ээ болгондуктан анын козголоңу өтө кооптуу доорлорду басып өттү. Өз кезегинде, бул нерсе Американы башынан эле козголоңду чалгытуу жана жок кылууга карай бир нече мамлекеттерди жана малайларды сапарбар кылууга үндөдү. Мунун себеби, козголоңчулар башкаруу түзүмүнүн формасын белгилөөдө өз чечимдерин ишке ашырууга аракет кылышты. Түпкүлүгүндө, күрөшкө себеп болгон нерсе да мына ушул. Козголоңдун душмандары бул үчүн эч нерсе аябай, Шам калкы өз максатына жетишин алдын алуу үчүн бардык ыкма жана каражаттарды колдонушту. Анткени, козголоңчулар чечимдерин кайра колго алышса, бул бүткүл дүйнө үчүн оор проблема болмок жана дүйнөнүн формасын да, эл аралык мамилелердин формасын да өзгөртүп жибермек. Т.а. эл аралык системанын АКШ башчылыгындагы зордукчул жетекчилери козголоңдун талаптары, айрыкча, «Эл аралык түзүмдү өзгөртүүнү каалайт» деген талап канчалык кооптуу экенин түшүнүп жетишти. Ошондуктан, алар чогулуп, козголоңго каршы күрөштү «өмүр же өлүм» деген этибарда ага каршы күрөшүү жолдорун үйрөнүп чыгышты.

Башка тараптан алганда, козголоң башынан эле өз алдына койгон максатына жетүү үчүн жетекчиге муктаж болчу. Анын жетекчилигин колуна алган же анын саясий канаты катары дайындалган жетекчилер вакиъликти түшүнө ала турган даражада эмес эле же ага берилген ролду аткаруучу жасалма канат эле. Аскерий жетекчиликке келсек, ал адамдардын каалоосуна бүтүндөй тескери аракет кылды жана алардын курмандары менен соодалашып, эл аралык разведка мекемелери тарабынан даярдалган саясий жетекчиликке мыйзамдуулук түсүн берди. Аскерий жетекчилер өздөрү билген же билбеген абалда жасаган бардык саясий аракеттери козголоңдун максатынан алыстатты жана өздөрү да анын аракетин чектөөчү, ал тургай, кээ бир абалдарда жасалма далил-шылтоолор менен ага каршы күрөшүүчү тарапка айланышты. Булардын баарына финансылык колдоп-кубаттоо жана козголоңго тарапкерлик маскасын кийген Катар, Саудия жана түрк режими сыяктуу чет элдик күчтөр менен алака кылуу себеп болду.

Козголоңдун максаттары улуу жана ал өз максаттары даражасындагы жетекчиликке муктаж. Тышкы аралашуулар көп жана согушта убакыт таар болгону үчүн ал тургай жөнөкөй маселелерде да аң-сезимдүү түрдө иш кылуу керек. Жада калса, жөнөкөй күзөтүүчүгө да ушунусу ачык болуп калды, «азат кылынган» аймактардагы өкмөттөр жана алардын тарапкерлери кылып жаткан аракеттер козголоңду кыйроого алып барууга кызмат кылууда. Кудум козголоңдун жөнөкөй социалдык иштерин да, Америка белгилеген стратегиялык максатка кызмат кыла турган иштерди да жалаң бир адам башкарып жаткандай туюлат. Булардын баарына себеп, эч ким саясий аракеттин канчалык маанилүүлүгүн билбей жатат, келерки баскычтагы пландарды түшүнгөн аң-сезимдүү калыс саясий жетекчиликтин зарылдыгын түшүнбөй жатат. Анткени, аң-сезимдүү калыс саясий жетекчилик келерки доорлордогу пландарды түшүнүп эле, ар бир баскыч үчүн план жана чечимдерди иштеп чыгып, адамдарды туура жолго баштайт, тайылууларды алдын алат.

Азат кылынган региондордогу адамдар түшүп калган бүгүнкү абал өтө чебердик менен түзүлгөн план болуп, анын иштелип чыгышында аскерий жана саясий күчтөр да катышты. Кала берсе, бул абал орунсуз аракеттер, алысты көрө албоо жана саясий көз караштын жоктугунун акыбети болуп эсептелет. О.э. алар окуяларга кандай жандашууну да, аларга кандай реакция билдирүүнү да, дайыма жакшы менен жаманды ажыратууну да билишпейт… Ошондуктан, булардын акыры – көрүп турганыбыздай – ачкалык, муктаждык, качкындык жана тентимиштик даражасына алып келди.

Биз бул абалдан чыгышыбыз, козголоңдун аракетин күзөтүшүбүз, адамдарды шаарларына, үйлөрүнө, токтомдоруна жана ырыскы-насибаларына кайтарышыбыз о.э. режимди бардык жүздөрү, рычагдары жана ушунчалык кыргын-ойрондулуктарга себеп болгон илманий конституциялары менен кошуп кулатышыбыз үчүн алгач жоопкерчиликти толук мойнубузга алышыбыз керек, маселенин эч бирин калтырылбай баарыбызга тиешелүү деп билишибиз керек. Бул биринчиден, экинчиден жана эң маанилүүсү, саясий иштерге аскерий аракеттер менен эмес, саясий иштер менен каршы күрөшүү керектигин унутпайлы. Ошондуктан, мамлекеттер бизди жалаң саясий иштер менен жеңди, үй-жайларыбыздан куру калтырды. Ал саясий иштерди арабыздан адам сатып алуу, козголоң үчүн малайлык фронтун түзүү, аскерий күчтөрүбүздү тизгиндеп алуу менен баштап, учурда жараштыруу жана режимдин чеңгелине кайтаруу планы менен аяктоодо.

Ушундан улам, демек, саясий иштердин маанилүүлүгүн жана анык карама-каршылыкта пайдалуу экенин моюнга алуу керек. Моюнга алуу менен эле эмес, козголоңду улантууну жана өз максатына жеткирүүнү иш-жүзүндө каалаган кишилер ишти саясий аракеттер менен башкаруулары шарт. Саясий аракетти ишке ашыруу үчүн болсо албетте саясий жетекчилик керек, козголоңдун кызыкчылыгын кабыл ала турган, аны жетектөөгө жана аны менен максатка карай бирге жүрүүгө даяр саясий жетекчилик шарт. Бул жетекчиликтин белгилүү сыпаттары бар жана аны көңүл буруп тандоо керек: ал саясий жамаат болушу, колунда анык-тунук саясий долбоору болушу жана бул долбоор эсеп суроо үчүн өлчөө болушу керек.

Шам калкы мойнуна түшкөн нерсе болсо – өз токтомдорун кайтарып алуу, өздөрүнө жетекчи тандоо о.э. максаттары жана козголоңдорунун өзгөргүс максаттарына жетүү үчүн Роббисине тобокел кылуу.

 

Роя гезити, №414, 2022-жыл, 26-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here