بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Канкор Башар менен мамилелерди нормалдаштыруу – актап болгус кылмыш
«Франс 24» телеканалы хижрий 1444-жылы 23-робиулаввал, миладий 2022-жылы 19-октябрда жарыялаган кабарда мындай делет: «Фалестиндин Хамас кыймылы Сирия президенти Башар Асад менен «тарыхий» деп бааланган жолугушуу артынан о.э. чыр-чатак келип чыгып, он жылдан ашык уланган үзүлүүдөн кийин шаршемби күнү Дамаскта Сирия режими менен алакаларды кайра тикелегенин баса белгиледи.
Хамастын Араб жана мусулман мамлекеттери менен алакалар бөлүмүнүн төрагасы Халил Хайя Фалестин фракцияларынын расмийлеринен турган делегация алкагында Асад менен жолугушуу өткөрдү. Эки тараптын бул жолугушуусу Сирияда чыр-чатак башталгандан бери биринчи ирет болууда.
Хайя жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат конференциясында: «Бул ушундай бир улуу жана маанилүү күн, биз Сириядагы ордубузду кайра тикелеп жатабыз жана Сирия менен кызматташтыкты кайра улантып жатабыз деп ойлойбуз», – деди. Ал дагы мындай деди: «Биз муну тарыхий жолугушуу жана Фалестин-Сирия кызматташтыгынын жаңы башталышы деп билебиз».
Роя:
Асад режими менен нормалдашуу канкор кылмышкер режим менен нормалдашуу дегени. Асад ушул убакытка чейин мусулмандардын канын ичип келүүдө. Исламга каршы согуш ачып, аны улантууда. Шам калкынын миллиондогонун качкынга айлантты жана урматтарын, намыстарын тебеледи. Колонизатор кафирди дос тутуп, душманга кызмат кылды, өлкөнү кыйратып, жаранды жакыр кылды… дагы эле бул кылмыштарын улантууда. Аллахка, Расулуна, момундарга душман болгон бул Асад режими – кылмыш жана бузукулукту туу чокусуна жеткирип улантып жаткан режим… Ал Исламга да, анын башкаруу түзүмүнө да тиешеси жок илманий баасчы экенин дагы эле ачык-ашкере айтууда… Куфр менен өкүм жүргүзүү жана Ислам менен өкүм жүргүзүүгө чакырган ар бир адамга каршы күрөшүү менен дагы эле Аллахка жана Расулуна душмандык кылып жатат… Яхудийлерге тынчтык, Фалестин жана Жуланды басып алган яхудий аскерлерине амандык режими болууну улантууда… Дүйнөнүн эң чоң шайтаны Америкага малай болгону о.э. Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө эң кара тарыхка ээ Россияны дос тутканы менен дагы эле ашкере мактанып жатат… Ко-ош, мына ушундай режим менен кандай мамиле кылуу жана достошуу мүмкүн?!
Аллах Таала Мухаммад ﷺды Пайгамбар кылып жиберип, ага берген шариятында адамзат өз жашоосун тартипке салууда муктаж болгон чоң-кичине иштердин өкүмүн баян кылып берди. Шариятты адамдын турмушунда экинчи даражалуу бир кооз нерсе кылып жиберген жок… Адамды каалаган нерсесин адал же арам кылышына, каалаганча туура же туура эмес кылмыштарды кылышына таштап койгон жок. Тескерисинче, Хак Субханаху Анын шариятынан кылча чектен чыгууну да адашуу жана ачык зыян деп белгилеп айтты:
﴿وَأَنَّ هَـذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيماً فَاتَّبِعُوهُ وَلاَ تَتَّبِعُواْ السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾
«Албетте мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле, (башка) жолдорго ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буюрду» [6:153]
Анын шариятынан четке чыккан адамдарга бактысыздык жана азапты убада кылып мындай деди:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾
«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз» [20:124]
Аллах Субханаху ва Таала залимдерди дос тутуу, аларга таянуу жана бир аз болсо да ыктоону арам кылып айтты:
﴿وَلاَ تَرْكَنُواْ إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللّهِ مِنْ أَوْلِيَاء ثُمَّ لاَ تُنصَرُونَ﴾
«Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла (ээрчибегиле), антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт» [11:113]
Башар Асад режими режимдердин эң касташкан залими жана кылмышкери. Демек, аны Аллахтын шариятынан жана дастурунан үстөм коюу эч бир акылга сыйбайт?!
Кала берсе, Аллах бизге мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруу режимдерин кулатууну жана алардын ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөнү фарз кылды. Демек, ушундай режимдер менен жарашуу бул фарзды аткарууга алып барабы?!
Адамдар жана жамааттар болгон мусулмандарга колонизаторлордун исламий өлкөлөрдө орноткон мына ушул зыянкеч режимдерин кулатып, Аллахтын Китеби жана Расулунун Сүннөтү менен өкүм жүргүзүүчү бир халифа шайлоо фарз. Ушул фарз Мухаммад Мустафа ﷺдын тарыйкатысыз эч качан ишке ашпайт. Себеби, ал бул туурасында акырындыкка да, кафир жана анын режимдери менен келишүү жана сүйлөшүүгө да ыраазы болбогон!
Роя гезити, №414, 2022-жыл, 26-октябрь.