Бир айда Россиядан 15 “Жүк-200” келди
Кабар: 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстанга Россиядан 15 “Жүк-200” алынып келинди. Бул тууралуу Россиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн айда дипломатиялык мекеме айлык маянасын ала албай калган кыргызстандык 50 мигранттын 1 963 600 рубль өлчөмүндөгү акча каражатын өндүрүп берген.
О.э. элчиликтин көмөгү менен Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн РФ укук коргоо органдары тарабынан кармалган 48 кыргызстандык бошотулган.
“Элчиликтин жана Канцеляриянын кызматкерлери Красноярск крайынын, Москва, Владимирск жана Самара облустарынын жаза-аткаруу тутумунун мекемелерине барышып, ал жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын 42 жаранынын ар бири менен жолугуп, жеке баарлашышты… Ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 8544 адамга консультациялар берилди”, – деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Быйыл август айында Россиянын аймагында түрдүү шартта каза болгон 31 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинген.
Комментарий: Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирерде бул уюмга мүчө болгондо “төрт эркиндик” – жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызматтардын эркин аракеттенүү мүмкүнчүлүгү пайда болорун айтканы менен, орус өкмөтү эмгек мигранттары үчүн ар түрдүү тоскоолдук жана кыйынчылыктарды жаратып келди. Россиядагы эмгек мигранттарынын акы-укуктары, жашоо шарты жана башка маселелер жаатында дээрлик өзгөрүү болбоду. Эмгек мигранттары Россияда эң бир корголбой турган катмар болуп калды. Мигранттар полиция жана Федералдык миграция кызматынын (ФМС), улутчул такырбаштардын жеңил олжосуна айланышты. Полиция жасалма жана уюштурулган иштер аркылуу мигранттарды камакка алып жаткан болсо, ФМС болор-болбос себептер менен “кара тизмеге” киргизип коюуда. Такырбаштардын кол салуусу жана жумуш ордунда коопсуздугу камсыздалбаганы себептүү жыл сайын жүздөгөн кыргызстандыктын сөөгү мекенине “жүк 200” менен кайтууда. Мисалы, 2021-жылы чет өлкөдө каза болгон 540 кыргызстандыктын сөөгү келген болсо, анын 489у Россиянын Москва, Екатеринбург, Новосибирск облустарынан келген. Бул 2021-жылы күн сайын кеминде бир кыргызстандык каза болгонун түшүндүрөт. Быйыл январь айында Москванын өзүнөн эле алты кыргызстандыктын сөөгү келген болсо, апрель айында Россиядан 15 “жүк 200” келген.
7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде акыйкатчынын жылдык баяндамасы учурунда Россияда курьер болуп иштеп, узак мөөнөткө камалган кыргызстандык жаштар маселеси көтөрүлгөн. Анда омбудсмен Атыр Абдрахматова Россияда 18-25 жаштагы кыргызстандык улан-кыздар “аябай көп камалып жатканын” билдирип: “Көпчүлүгү баңгизат менен камалууда. Курьерлик кызмат деп онлайн окутушат экен да, жеткирип берген жерден полиция камакка алып жатат “баңгизат саттың” деп”, – деген эле.
А бирок, көтөрүлгөн көйгөй ошол бойдон т.а айтылган сөз бойдон калды. Расмий бийлик эмгек мигранттары жана алардын акы-укуктары жаатында бирер алгылыктуу кадам жасай албады.
Ал эми өкмөт менен президент болсо завод-фабрикаларды ачып, жумуш орундарын түзүүнүн ордуна президент үчүн жаңы өкмөт үйүн, “Асман” шаарын, эс алуучу жайларды куруу о.э. кумарканаларды кайрадан ачуу менен алек.
Абдурахман Адилов