Саламаттыкты сактоого таасир өткөрүүчү эң маанилүү аамилдердин бузуктугу (4)

250
0

  Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

               Бисмиллахир рохманир рохиим

Бүгүнкү күндөгү саламаттыкты сактоонун вакиъси о.э. Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо негиздери жана анын максаттары

Саламаттыкты сактоого таасир өткөрүүчү эң маанилүү аамилдердин бузуктугу (4)

   Капитализм көлөкөсү алдында саламаттыкты сактоонун дээрлик бардык тармактарында бузуктук көрүнүп калды. Медициналык камсыздандыруу системасы жана анын компаниялары, дары-дармек чыгаруучу фармацевтикалык компаниялар жана алардын изилдөөлөрү бузук болду. Интеллектуалдык менчик жана патент тармактары бузулду. Саламаттыкты сактоо түзүмү да пайда жана маддий кызыкчылык жолунда пайдаланылышы натыйжасында бул түзүмдүн бүтүндөй бузулуп бүткөндүгү ашкере болуп калды. Капитализм өзүнүн жыртык-тешиктерин жашырууга аракет кылышына карабастан, саламаттыкты сактоо түзүмү бүгүнкү күндөгү аянычтуу абалына түшүп калды. Мисалы, коронавирус пандемиясынын өзү эле саламаттыкты сактоо түзүмү канчалык начар экендигин көрсөтүп койду. Саламаттыкты сактоо аркандары силкинип, кулайын деп турат. Негизи бул түзүм дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде кулап бүткөн. Төмөнкү бөлүмдөрдө капитализм көлөкөсүндө саламаттыкты сактоо түзүмүн чулгап алган бузукулуктардын эң маанилүүлөрүнө токтолуп өтөбүз:

   Медициналык камсыздандыруу – бул саламаттыкты сактоо чыгымдарын каптоо каражаты. Медициналык камсыздандыруу эки түрдүү болот: Биринчи түрдөгү камсыздандыруу өкмөт тарабынан болот. Мында өкмөт элге медициналык кызматтар менен камсыздоо үчүн шарт түзөт. Бул жаран көтөрө ала турган деңгээлде кызматтар үчүн төлөшү мүмкүн болгон белгилүү бир баадагы камсыздандыруу түзүмү аркылуу о.э. өкмөт каржылай турган программанын алкагында ишке ашырылат. О.э. бул жерде жарандын ошол чыгымдарды өз убагында төлөшү эске алынат. Экинчи түрдөгү камсыздандыруу ден соолукту камсыздандыруучу компаниялар аркылуу болот. Мында мамлекет адамдардын саламаттыгына тиешелүү иштерди башкаруудагы жоопкерчиликтен кутулат. Себеби, мамлекет, бай жана кедей, күчтүү жана алсыз дебестен баарына бирдей кылып саламаттыкты сактоо иштерин түздөн-түз өзү башкаруунун ордуна бул иштерди компанияларга тапшырып коёт. Адатта камсыздандыруучу компаниялар камсыздандыруу төлөмдөрүнөн качуу жолдорун издешет, милдеттенмелерди жокко чыгаруу үчүн шарттарды коюшат. Көпчүлүк абалдарда саламаттыкты сактоо камсыздандыруусу кыскарып кетет жана жумуш берүүчүлөр жумушчулардан ашыкча чыгымдарды өздөрү төлөшүн талап кылышат.

  Ал эми дары-дармек өндүрүүчү фармацевтикалык компаниялар болсо, саламаттыкты сактоо тармагында өтө эле зордукчул болуп алышкан. Себеби, бул компаниялар дары-дармекке муктаждыктан, жаңы пайда болгон ооруларды дарылоо үчүн жаңы дары-дармектерди чыгаруу зарылдыгынан ач көз нафсин кандыруу жолунда пайдаланышат. Дагы буга лицензия жана монополия деген өздөрүн актоочу шылтоолор да кошулат. Мына ушул артыкчылыктар препаратты жогорку кыйматка ээ кылат жана аны бардык мыйзамдуу товарлар арасынан эң кирешелүү товарга айландырат. Ошондуктан, фармацевтикалык компаниялар пайдадан башка эч кандай кыйматты эсепке алышпайт. Ошол себептен да алар дары-дармек бааларын ашыкча көтөрүп жиберишет. Патент, лицензия шылтоосунда башка бирөөлөр бул дарыларды иштеп чыгышына жана баалар жаатында атаандашуусуна каршылык көрсөтүшөт. Мындай абалдан табигый түрдө жакыр адамдар о.э. баасы асмандаган дары-дармектер менен жарандарын камсыздоого күчү жетпей турган үчүнчү дүйнө мамлекеттери зыян тартышат.

   2004-жылы таасирдүү “New England Jornal of Medicine” (Жаңы Англия медициналык журналы) медициналык журналынын башкы редактору болгон эң алгачкы аял, америкалык врач Марсия Энджеллдин “Фармацевтикалык компаниялардын айланасындагы акыйкат” деген аталыштагы макаласы жарык көргөн. Врач ал макалада фармацевтикалык компаниялардын айыптарын, алардын басым өткөрүү рычагдарын о.э. болуп көрбөгөндөй пайдаларын (кирешелерин) ачыктаган. Мындай компаниялар мафияга барабар экендигин, алар бейтаптардын азаптары, оорулары үстүнөн киреше таап жатышканын ачыктаган.

   Албетте, дары-дармектер саламаттыкты сактоо фактурасындагы эң тез өсүүчү бөлүк. Эң көп тараган дарылардын баасы акырындык менен көтөрүлүп барат. Кээде алардын баалары бир жылда бир нече жолу көтөрүлөт. Илимий изилдөөлөр ири фармацевтикалык компаниялар  бюджеттеринин салыштырмалуу түрдө кичине бөлүгүн түзсө да, бул цифра алар маркетинг жана менеджментке жумшаган ири өлчөмдөгү каражаттардын алдында эч канча болбой калат. Ошондуктан, фармацевтикалык компаниялар тарабынан коюлган баалар дары-дармектерди чыгаруунун чыгымына байланыштуу болбойт жана бул чыгымдарды иликтөө жана изденүүлөргө коркунуч туудурбастан сезиле турган көрүнүштө азайтуу да мүмкүн болот. Фармацевтикалык компаниялар болсо, дары-дармектерди иштеп чыгаруу жана изилдөөлөр үчүн ири өлчөмдө каражат жумшаганын шылтоо кылып келишет. Бирок, текшерип көрсөк, алар айтып жаткан нерсе туура эместиги белгилүү болот. 2001-жылы эң жакшы компаниялар тизмесинен орун алган Американын 10 фармацевтикалык компаниясынын байлыгы Американын башка компанияларына караганда таң калычтуу деңгээлде жогору болгондугу катталган. 2002-жылы ошол 10 фармацевтикалык компания көргөн пайда  35.9 миллиард долларга жеткен. Дары-дармек чыгаруу өнөржайынын изденүү жана өнүгүүгө жумшаган            чыгымдары болсо, соодадан түшкөн кирешенин 14%ын гана түзгөн.

  Бүгүн фармацевтика өнөржайында алгылыктуу жаңылыктар көрүнбөйт. Себеби, акыркы жылдарда бир нече маанилүү дарыдан башка эч кандай жаңы дарылар сатыкка чыгарылбады. Бүгүнкү фармацевтика өнөржайы негизинен академиялык институттарда, кичинекей биотехнологиялык компанияларда же улуттук саламаттыкты сактоо институттарында салык төлөөчүлөр тарабынан каржыланган изилдөөлөргө таянып алган. Мисалы, Америкадагы дарылардын көпчүлүгү өкмөттүк лабораторияларда ойлоп табылган. 1995-жылы “Массачусетс технология институту” өткөн кылымдын акыркы чейрегинде фармацевтика тармагы назарындагы эң келечектүү 14 дарынын 11и мамлекет тарабынан каржыланган иштер натыйжасында табылганын аныктаган.

  Американын фармацевтика өнөржайы кайсы дарыны чыгарууну өз алдынча чечүү жана ага баа белгилөө укугуна ээ. Ал лицензия жана АКШ азык-түлүк жана фармацевтика мекемеси тарабынан тастыкталган “Экзклюзивдик маркетинг укуктары” аталышы менен өкмөт тарабынан берилген монополия саясатына таянат. Бул өнөржай өзүнүн жолуна каршы турган ар кандай мекемени өзүнө каратуу үчүн болгон күч жана мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланат. “Америка конгреси”, “Азык-түлүк мекемеси”, “Медициналык академия борборлору” сыяктуу мекемелерди жана керек болсо медициналык кесиптин өзүн дагы ишке салат. Ошондуктан, жеке акимдик жана чектөөлөр бул өнөржайдын кан тамыры болуп эсептелет. Башка эч бир компания бирдей дары-дармекти маркетинг укуктарынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин белгилүү бир мөөнөттө сата албайт. Ушул чекитте кудум ушул дарынын башка нускалары базарга чыгат жана баасы адатта мурункусунан 20%дан азыраакка түшөт.

  Фармацевтикалык компаниялар инновациялар каражаты болуунун, жаңылыктарды жаратуунун ордуна эптеп сатып өткөрүү машинасына айланган. Алар өкмөт тарабынан каржыланган изилдөөлөр жана монополия укуктары көлөкөсүндө күн көрүшөт. Ошону менен бирге фармацевтика өнөржайы Американын саламаттыкты сактоо түзүмүндөгү негизги ролду ээлейт. Доктор Марсия Энджелл ушуларды айтып, фармацевтика өнөржайы түп-тамырынан реформа кылынышы керектигин да кошумчалаган. Анын айтымында, реформа бул өнөржайда эле эмес, бул өнөржайды тандаган өкүлчүлүк жана мекемелерде да болушу керек.  Азык-түлүк мекемеси, медицина кызматы жана билим берүү борборлору да реформага муктаж.(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here