ТУРАК ЖАЙ МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРЫЛАБЫ?!

327
0

Турак жай милдеттүү камсыздандырылабы?!

Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлиги “Кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун жана ал боюнча келишимдерди мамлекеттик каттоо” жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштоодо. Кабарларда айтылгандай, бул мыйзам долбоору турак-жайларды милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Учурдагы ырайымсыз капиталисттик түзүмдө ар кандай нерсе же абал киреше табуунун булагына айланууда. Ошондуктан, киреше табууда бул түзүмдө эч кандай чек жок. Жогоруда айтылган турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу да ушул көрүнүштөрдүн бири. Жеке компаниялар адамдардын турак жайларын камсыздандыруу аркылуу пайда тапса, мамлекет болсо камсыздандыруу системасы аркылуу салык алып бюджетти толтурууну көздөп жатат.

Турак жайды камсыздандыруу келишимин түзүүдө жеке адам камсыздандыруучу компанияга жылына белгилүү бир өлчөмдө каражат төлөп турат, ал эми камсыздандыруучу компания эгер бул адамдын турагы кырсыкка учураса белгилүү бир өлчөмдө каражат берүү милдетин мойнуна алат. Мындай келешим жайиз эмес. Себеби, бул белгисиздик үстүндө түзүлгөн келишим. Адам анын турагы качан, кай убакта кырсыкка учурашын билбейт. Андан тышкары, компаниялар компенсацияны жөн эле бере койбойт, кырсык келишимде көрсөтүлгөн шарттарга туура келиши керек. Ушул себептен улам, камсыздандыруу системасы жолго коюлган өлкөлөрдө камсыздандыруу компаниялары менен соттошуп жүргөн адамдар арбын экенин көрүүгө болот.

Маселен, Кыргызстанда иштеп жаткан 14 камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2022-жылдын 1-кварталында (2021-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу) 29,8 пайызга көбөйүп, 537,7 миллион сомду түзгөн. Мына ушинтип мамлекет бир тараптан харам жол менен элди милдеттендирип жеке компаниялардын киреше табуусуна жол ачып берүүдө. Экинчи тараптан болсо бюджетти толтуруу булагын жолго коюуда. Чиновниктердин эсеби боюнча, бир гана унааларды камсыздандыруунун өзүнөн эле 50 миллион сом тегерегинде салык чогултулат.

Мындай болушу табигый. Себеби, капитализмде мамлекеттин бюджети жалаң гана элдин жон терисинен алынган салыктардан түзүлөт. Ошондой эле, салыктардын жаңы-жаңы түрлөрү ойлоп табылат жана салыктар улам жогорулай берет. Ошондуктан, шариятта харам саналган бул мыйзамдарга каршы чыгып, мындай мункар иштерди, зулумду токтотуп калуубуз милдет.

Умматта чоң кубат бар. Кала берсе, бийлик Умматка таандык. Ошондуктан, бийлик бир токтомду кабыл аларда же ишке ашырарда албетте силердин каршылыгыңарга/макулдугуңарга карайт. Негизи, турак жайды камсыздандыруу мыйзамы 2016-жылы күчүнө кирген, бирок, элдин катуу каршылыгы себептүү артка сүрүлгөн жана мыйзадын административдик жоопкерчилиги каралбаган. Ал эми, бүгүн бийлик турак жайды милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууда элдин каршылыгына бетме-бет келбөө үчүн жогоруда айтылган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Тагырак айтканда, бийлик калкты өз турак жайларын камсыздандырууга түздөн-түз мажбурлабастан, ушул мыйзам аркылуу кыйыр түрдө мажбурлай алат. Анткени, бул мыйзам долбооруна ылайык, кыймылсыз мүлк боюнча келишим түзүүдө же кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун каттоодо кыймылсыз мүлктүн камсыздандырылганы тууралуу документти Мамлекеттик каттоо кызматына көрсөтүү милдеттүү болот.

Көрүнүп тургандай, бийлик кандай болбосун шариятта харам эсептелген бул камсыздандырууну ишке ашыруга аракет кылууда. Андыктан, мусулман адам шариятка тескери келишимдерге каршы чыгуусу кажет. Анткени, шарияттын артында хикмат жана береке болсо, шарияттан тышкарыда жалаң гана адашуу жана азап бар.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here