Иракта президенттик шайлоо өткөрүү жана өкмөт түзүү менен өлкө калкынын азап-кыйынчылыктарына чекит коюлбайт

20
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Иракта президенттик шайлоо өткөрүү жана өкмөт түзүү менен өлкө калкынын азап-кыйынчылыктарына чекит коюлбайт

2022-жылы 14-октябрь күнү Ирак парламентинин сессиясы талапкер Абдуллатиф Рашидди президент кылып шайлады. Жаңы президент өлкөгө өкмөт түзүү милдетин «Ирактагы шиаларды координациялоо чөйрөсүнөн» талапкер Мухаммад Суданийге тапшырды. Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Ирак вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү чыгарып, ушуларды баса белгиледи: «Эч кандай жаңылык болгон жок. Биз дагы эле 2003-жылдан бери саясий майданга өкүмдарлык кылып келген жүздөрдүн дал өзүн т.а. коррупцияга баткан, катардагы жарандарды өлтүргөн жана өлкө байлыктарын уурдаган кимселерди көрүп турабыз…

Мухаммад Суданийдин премьер-министрликке отурушуна каршы чыккан Садрчылар жетекчиси сүкүт кылышууда. Бул болсо алдыбызда үч сахна оюну болушу мүмкүндүгүн көрсөтүп жатат: министрлер мекемесиндеги негизги орундар акысына Садр ыраазы кылынат, же абал татаалдашат жана Садрчылар кайра демонстрацияга чыгышат, же болбосо Садр башка блоктор менен бирге оппозицияга кошулат жана бул өкмөттүн ролун алсыратат. Ал тургай, дагы бир мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өткөрүлүшүнө да себеп болушу мүмкүн».

Билдирүүнүн аягында Ирактагы мусулмандарга кайрылуу жасалып, мындай делет: «Эгерде желкеңерге бузгунчу демократиялык түзүм минип алып, баскынчы түзүп берген конституция менен башкарып жаткан соң, кайсы партиядан болушуна карабастан т.а. өкмөт түзүү менен силердин азап-кыйынчылыктарыңарга чекит коюлбайт. Анткени, силер жөнүндө милдетке да, убадага да турбаган уюм таштанды саясатчыларды өкүмдар кылып койгон мына ушул баскынчы болот. Демек, мындай саясатчыларды бийлик талашууларына таштап койгула. Өзүңөр болсо, убада-шертиңерди бекемдеп, коррупционер режимди кулаткыла, алардын кожоюндары жана жуундукорлорун кууп, түп-тамырынан өзгөрүү жасоо о.э. акыйдаңардан келип чыккан түзүмдү тикелөө башкы максатыңар болсун. Анткени, күч-кудурет жана азиздигиңер Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болгон ушул түзүмдө гана камтылат».

 

Роя гезити, №414, 2022-жыл, 26-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here