Депутат малга салык салууну сунуштады

151
0

Депутат малга салык салууну сунуштады

         Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев айыл-кыштактарды дотациядан чыгаруу үчүн мал-жандыктан салык алуу керектигин билдирди.

         Анын айтымында, бодо малга, жылкыга жана койго салык киргизүү керек. Койго жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү малга, жылкыга жылына 200-250 сомдон салык салынса, бир жылда айыл өкмөттөргө 1,5 миллиард сом акча түшөт.

         Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Алардын 80% дотацияда отургандыктан, республикалык бюджеттен каржыланат.
Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң.

         Өкмөт калктын нааразылыгын басаңдатуу үчүн айрым тармактарда айлык акыны көтөргөн менен бюджетти толтуруунун аргасын таба албай кыйналууда. 31-октябрда эле Азия өнүктүрүү банкынан бюджетти колдоого 50 миллион доллар карыз алуу келиими түзүлдү. Ал эми, акыркы он айда кыргыз бийлиги бюджетти колдоо үчүн эл аралык каржылык уюмдардан жалпы эсепте 180 млн. доллар карыз алды.

         Түпкүлүгүндө, карыз менен бюджетти толтуруу жана өндүрүштү жолго койбой туруп айлык акыны көтөрүү өлкөдөгү инфляцияны дагы да күчөтөт. Башкача айтканда, баалар менен кызмат акылар эселеп өсөт. Мындай абалда капитализм табиятына ылайык, кайра эле карапайым калктын жонун тилген салыктын түрлөрү кошулат. Өкмөт буга чейин КНС салыгын көбөйтүү үчүн негизги шаарларда контролдук кассалык машиналарды орнотууга милдеттендирилген. 2023-жылга чейин Кыргызстандагы болгон соода жайлары кассалык машиналар менен иштөөгө өтөт. Ага макул болбогондор 23 миң сомго чейин айып пулга жыгылат. Бул сумма азыр патентке кеткен акчадан алда канча көп. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар кымбаттайт. Себеби, алардын өздүк наркына 12% кошумча нарк салыгы кошулат. Буга чейин соодагерлер патентке эле төлөп, КНСти төлөбөй келген.

         Жаңы кодекс боюнча жогорудагы КНС салыгынан башка өлкөдө салыктын дагы алты түрү бар. Алар: киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы. Ал эми жер салыгы мүлк салыгы менен бириктирилди.

         Капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. АКШда 90%дан ашса, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө -+ 100%га жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калган кирешени, гранттар, чет элдик мамлекет жана уюмдардан алган карыз, кредиттер, дивидендден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар түзөт.

         Учурдагы бийлик Кыргызстанда ар бир кыбыр эткен иш салыксыз калбашы керек жана ошондой эле аз салык төлөп калбашы керек деген саясатка багыт алууда. Мына ошондуктан да, мурунку патенттик система жоюлууда. Блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, таксисттерге, эми малдан алынчу салык сунушу ушуга мисал болот. Булардын баарын ишке ашыруу үчун салык кызматына укук коргоо органдарынын укугу берилүүдө. Б.а. финансылык полиция болууда. О.э. салык кызматы чогултулган салыктын 3%ын алат. Бул дегени салыкчылардын айлыгынын көбөйүшү анын чогулткан салыгына байланыштуу болот дегени. Муну менен салыкчылар каяктан болбосун көп салык чогултууга аракет кылышат. Натыйжада, калктын жашоосу азыркыдан да оорлошот. Баалардын кымбатташы буга кошумча болот.

         Мына ушундайча, капитализмдеги бюджет элдин эсебинен толтурулат. Бийлик өкүлдөрү болсо болушунча казынадан уурдап калууга, өзүнүн ишкерлик тармагына көбүрөөк бөлүп алууга жандалбас урат. Ошондой эле, бюджетке жеткирбей, сол чөнтөктөрүн толтурушат.

         Мунун каршысында Ислам байлыктын бир ууч капиталисттердин, монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту камсыздап берет! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүөр о.э. мурас сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, булар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here