Набийдин мубарек Мавлуду Расулуллах ﷺ менен убадалашууну жаңылоонун ыңгайлуу учуру

28
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Набийдин мубарек Мавлуду Расулуллах ﷺ менен убадалашууну жаңылоонун ыңгайлуу учуру

Адамдарды Ислам менен жетектөө үчүн муъжиза шарт эмес о.э. Умматты тарых заманына кайтаруучу жаңы пайгамбар чыгышы күтүлбөйт. Себеби, биздин улуу Расулубуз ﷺ бардык анбиялардын акыркысы болуп, Аллах Таала ага мындай деген:

﴿الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الإِسْلاَمَ دِيناً

«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, ниъматымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн (бир гана) Исламды дин кылып тандадым»                                                         [5:3]

Бүгүнкү күндө талап кылынып жаткан нерсе – Расулуллах ﷺдын куфр жана ширк вакиълигин Ислам вакиълигине өзгөртүүдөгү тарыйкатын кайра жандантуу о.э. бул иште ал сызып көрсөтүп берген жолдон кымындай чыкпай аракет кылуу. Расулуллах ﷺ айтат:

«عَلَيْكُمْ بِالصِّدْقِ فَإِنَّ الصِّدْقَ يَهْدِي إِلَى الْبِرِّ، وَإِنَّ الْبِرَّ يَهْدِي إِلَى الْجَنَّةِ، وَمَا يَزَالُ الرَّجُلُ يَصْدُقُ وَيَتَحَرَّى الصِّدْقَ حَتَّى يُكْتَبَ عِنْدَ اللَّهِ صِدِّيقاً»

«Чынчылдыкты бекем кармагыла. Себеби, чынчылдык жакшылыкка жетектейт. Жакшылык болсо, бейишке жетектейт. Киши чынчылдыкты таштабай, дайыма аны издөөнү токтотпосо, ал Аллахтын алдында сыддык деп жазылат».

Өкүмдарларыбыз индустар жана мушриктер үчүн ибадатканаларды ачып берүү үстүндө өз ара жарышып жатканда биз Набийдин Мавлудунан бул дүйнөдө жетекчибиз жана Кыямат күнүндө шафаатчыбыз болгон Расулуллах ﷺ менен убаданы жаңылоодо ыңгайлуу мүмкүнчүлүк катары пайдаланып калышыбыз керек. Себеби, ал жалгандарга толгон чөлдө Уммат кыйналып жүргөнд ага чынчылдыкты үйрөттү, батыл караңгылыктарында калганда аны акыйкатка жетектеди, дооматтар токоюнда калганда аны нурга алып чыкты. Аллах Өз Расулу ﷺга Куръан түшүрдү жана Пайгамбарыбыз ушул Китеп менен куфрга жана жалган жалаага каршы күрөштү, тогуттар жана буттарды талкалады.

Демек, Уммат үчүн бүгүнкү терең уйкудан ойгонуу жана жахилияттын түбүнөн чыгып, Мухаммад ﷺды шафаатчы, мээримдүү жана жолдош кылуунун убагы келбедиби?!

 

Роя гезити, №413, 2022-жыл, 19-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here