Саламаттыкты сактоонун начардыгына дүйнө жүзүн башкарып жаткан капиталисттик хазараттын бузуктугу себеп

183
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

               Бисмиллахир рохманир рохиим

         Саламаттыкты сактоонун начардыгына дүйнө жүзүн башкарып жаткан капиталисттик хазараттын бузуктугу себеп

   Адамдын психологиялык, жисманий жана ижтимаий саламаттыгына капиталисттик түзүмдүн терс таасири аябай чоң. Себеби, бул түзүмдүн динди турмуштан ажырата турган, орточо чечимге курулган акыйдасы бузук. Ошондуктан, ал адамдагы негизги чечимди акылды канааттандыра турган жана инсандын фитратына туура келе турган деңгээлде туура чечип бере албайт. Ал эркиндиктерге кеңири жол ачат. Бул түзүмдө рухий, ахлакий жана инсаний кыйматтарга орун жок. Ал жалаң гана маддий кыйматтарга негизделет. Бул болсо, табигый түрдө рухий боштук жана психологиялык тынчсызданууларга алып барат. Кайгы-капа, жалгыздык, тынчсыздануу сыяктуу психлогиялык ооруларды пайда кылат. Жалкоолук, жиндилик жана ал тургай өзүнүн жанын кыюуга чейин алып бара турган терең психологиялык балээлердин жайылышына себеп болот.

  О.э. капитализмдин жайылышы экономикалык проблемаларды чечүүдө сүткордук жана монополиянын жайылышына, байлардын ого бетер байып, ал эми жакырлардын ого бетер жакырданып кетишине алып келди.  Элдин байлыктарын бөлүштүрүүдөгү адилетсиздик, мал-дүйнө айланбастан айрым адамдардын колунда катып туруп калышы, виртуалдык мал-дүйнөнүн көбөйүшү, батыл компаниялар, жумушсуздардын көбөйүшү пайда болду. Мына ушулардан инсаний жашоонун оорчулугу жана адамды өзүнүн  жашоодогу эң эле жөнөкөй укуктарынан да куру калтыруу келип чыкты. Көз боёмочулук, алдамчылык, шылуундук о.э. азык-түлүк, дары-дармек жана суу сыяктуу адамдын жашоосуна түздөн-түз байланыштуу болгон өндүрүш түрлөрүндөгү алдамчылыктар көбөйдү. Мунун натыйжасында ачарчылык жайылды, туура эмес тамактануу жана андан келип чыккан оорулар пайда болду. Семирип кетүү жана анын балээлери пайда болду. Өнөржай ишканаларынын айлана-чөйрөнү булгаган таштандылары жана калдыктары көбөйдү.

   Жалпысынан, дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо, анын бардык тармактары о.э. дарылоонун бардык тармактары адамзатка ылайык болгон деңгээлден бир топ эле төмөндөп кетти. Ал тургай, саламаттыкты сактоо тармагында техникалык жана маданий мүмкүнчүлүктөр жаатында бир топ өнүгүүгө жетишкен Батыш деле ушундай абалда. Ал жактарда да саламаттыкты сактоо тармагы маддий пайдага чектелген. Ири өлчөмдөгү каражаттар жумшала турган илимий талкуу жана илимий изилдөөлөр да, саламаттыкты камсыздоо түзүмдөрү, анын компаниялары, дары-дармек жана медициналык жабдыктарды чыгаруучу компаниялар да жалаң гана маддий иш жана маддий кызыкчылыкка негизделип калган. Капитализмдин бузуктугу фонунда саламаттыкты сактоо проблемасы да нефть жана курал-жарак компаниялары, массалык маалымат технологиясы сыяктуу эле пайда табуунун эң кирешелүү булактарына айланды. Перу мамлекетинин мурдагы саламаттыкты сактоо министри Патриша Жарсия айымдын (Patricia García Funegra) 2019-жыл, ноябрь айында белгилүү «Лансайт»(Британиянинг The Lancet) медициналык журналында;  «Бүт дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы бузуктук: ашкере болгон сыр», – рубрикасында айткан сөздөрү капитализм дүйнөсүндөгү саламаттыкты сактоонун бузуктугун дагы бир жолу көрсөтүп берет. Патриша Жарсия айым ал макалада жалпысынан мындай деген:

  «Бузуктук саламаттыкты сактоо түзүмүнүн ажырагыс бир бөлүгү. Жалпы элдин саламаттыгы үчүн изденген жана бул жолдо кызмат кылган о.э. саламаттыкты сактоо министри болуп турган чагымда бул тармактагы алдамчылык жана шылуундуктарга күбө болдум. Мен бул маекте ушул тармактагы бузуктук проблемасынын көлөмүн, анын кандай башталгандыгын жана бүгүн эмнелер болуп жатканын кыскача айтып берем. Айта кетүүчү нерсе, адамдар бул тууралуу сөз кылуудан да коркушат. Бул бузуктукту дарылоо үчүн эмне кылыш керектигин да айтамын. Ошондо, дүйнө жүзүндөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы бузукулук айтылган сыр бойдон калбайт. Бузуктук дүйнөлүк масштабда саламаттыкты сактоонун келечеги үчүн эң чоң коркунуч».

  2016-жылы АКШда улуттук медициналык академияга мүчө болуп шайланган мурдагы министр айым саламаттыкты сактоо түзүмүндөгү бузукулуктардын бир нечесин айтып берген. Алардын айрымдарына токтолуп өтөбүз:

– Дүйнөдөгү мамлекеттердин үчтөн биринен көбүрөөгү эл аралык айкындуулук уюмуна ылайык, эндемикалык (белгилүү бир жерде боло турган оорулар) түрдө бузук деп этибар кылынат.

– Бузуктук жакыр жана алсыз кишилерге көбүрөөк таасирин тийгизет. Саламаттыкты сактоо тармагындагы бузуктук башка тармактагылардан кооптуураак. Себеби, бул түз мааниде кыйратуучу бузуктук.

– Сметалар (эсеп-китептер) ишара кылгандай, саламаттыкты сактоодогу бузуктук жыл сайын 140 миңден ашуун наристенин өлүмүнө себеп болот.

– Сметалар дагы ушуга ишара кылат, дүйнө жүзү саламаттыкты сактоо кызматтарына 7 триллион АКШ долларын бөлөт. Ушул бөлүнгөн каражаттын 10-25 %ы бузуктук себептүү жоголуп кетет. Бул болсо, жыл сайын жүз миллиарддаган доллар жоголуп кетишин түшүндүрөт.

– Саламаттыкты сактоо тармагындагы бузуктук конституциянын бир нече беренелеринде да көрүнүп турат. Т.а. медициналык жана башка саламаттыкты сактоо тармактары тарабынан кызматтарды сунуштоодо, дары-дармектерди сатууда, медициналык жабдыктарга зарыл болгон сырьёлорду сатууда,  аларды бөлүштүрүү жана иштетүүдө, иштеп чыгаруу жана кызматтардагы жогорку сапатты тартиптештирүүдө, адамдык мүмкүнчүлүктөрдү ишке салууда жана саламаттыкка тиешелүү имараттарды курууда бузуктук көрүнүп турат.

 Жогорку билимди АКШда алган бул министр айым саламаттыкты сактоо түзүмүндөгү бузуктуктар жөнүндө айтып:

«Саламаттыкты сактоо тармагындагы бузуктук – мыйзамга эң аз моюн сунган, жоопкерчилик механизми иштебей турган о.э. ачык-айкын болбогон коомдордо өкүмдарлык кылат», – деди.

 Бирок, бул аял бардык тарапка тамыр жайган көп кырдуу бул бузуктуктун чыныгы себебин билбей жатат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы бузуктуктун чыныгы себеби –капиталисттик түзүмдө т.а. капиталисттик мамлекеттердин бул тармактагы мамлекеттик жоопкерчиликти моюнга алуудан алсыздыгында о.э. саламаттыкты сактоо сыяктуу маанилүү маселени ач көз менчик мекемелерге тапшырып койгондугунда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here