Астанада Жапаров, Путин жана Рахмон жолугушту

304
0

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмон жолугушту

 Кабар: 13-октябрь күнү Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондын үч тараптуу жолгушуусу болду. Владимир Путин үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экендигин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экендигин кошумчалады.

 Жолугушууда Владимир Путин сөз баштап бергенден кийин, сүйлөшүүнүн калган бөлүгү жабык режимде өттү.

 Комментарий: 2021-жылдын март айында Ташкентке сапар кылган Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин, эки өлкө ортосунда такталбаган аймактар калбаганын айткан эле. Анын ошол билдирүүсүнөн кийин апрель айынын аягында Тажикстандын борбору Душанбе шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүп жаткан учурда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагышуулар болду. Кагышуу токтоп, эки тараптан ондогон жай тургун өлгөндөн кийин Путин Эмомали Рахмонду “Мамлекеттер ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыкка кошкон салымы үчүн” орден менен сыйлады”. Быйыл 15-16- сентябр күндөрү Самарканд шаарында ШКУнун кезектеги саммити болуп өттү. Аталган саммитте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбооруна кол коюлушу керек эле. Саммит башталарында адаттагыдай эле, кыргыз-тажик чек арасында кандуу жаңжал башталып, жүздөн ашык адам өлдү. Мында да Путин Рахмонду ““Мекенге сиңирген эмгеги үчүн” III даражадагы орден менен сыйлады. Путин Эмомали Рахмонду “Мамлекеттер ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү”гө кандай кандай салым кошкону үчүн же кайсы мекенге кызмат көрсөткөнү үчүн сыйлады?

Ар бир жаңжалдан кийин Путин жана Россиянын расмийлери чек арадагы проблемаларды чечүүдө “жардам берүүгө” даяр экендигин айтып чыгышты. Былтыр май айынын аягында Сочидеги жолугушууда Путин Жапаровго кыргыз-тажик чек арасындагы проблемаларды чечүүдө жардам берүү үчүн бардык аракетти көрөрүн билдирген болсо, бул жолу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Россия Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара маселелерин чечүүдө жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Мына дагы Путин “ортомчу” болуп чек ара проблемасын чечүүдө жардам бермекчи болуп жатат.

Белгилүү болгондой, Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы чек араларды толугу менен Россия көзөмөлдөйт. Россия чек ара проблемасын бул мамлекеттерге басым өткөрүү куралы катары пайдаланып келет. Ал колунан келишинче бул мамлекеттер ортосунда туруксуздук жана келишпестиктерди пайда кылуу менен аймактагы өзүнүн аскерий аралашуусун күчөтүүгө умтулууда. Аймактагы малай режимдер болсо анын бул планын ишке ашырып беришүүдө. Бул малайлар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо аркылуу проблеманы жөнгө салмакчы болуп жаткандай  түр көрсөтүп жатышканы менен, негизи бул иштери аркылуу боордош элдер ортосундагы жасалма чек араларды бекемдөөгө кызмат кылышууда. Россия аймактагы чек ара көйгөйлөрү тынчтык жолу менен чечилишине эч качан жол бербейт. Тескерисинче, ал чек ара көйгөйү каалаган убакта пайдалануу мүмкүн болгон “мина” болуп калышына кызыкдар.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here