Cоvid-19га каршы вакциналар сыноодон өткөрүлбөй туруп сатыкка чыгарылганы белгилүү болду

226
0

vid-19га каршы вакциналар сыноодон өткөрүлбөй туруп сатыкка чыгарылганы белгилүү болду

Европарламентте Европада ишмердүүлүгүн жүргүзгөн көптөгөн фармацевтикалык компаниялардын жогорку даражалуу жооптуулары катышкан сессия өткөрүлдү. Ал сессияда Европарламенттин мүчөлөрү фармацевтика компанияларынын өкүлдөрүнө суроолорду беришти. АКШнын Pfizer компаниясынын жогорку даражалуу жооптуусу Жанин Смолл Pfizer компаниясы Cоvid-19га каршы вакциналарды сыноодон өткөрбөй туруп т.а. ал вакциналар вирус жугушунун алдын алышын же албашын аныктабай туруп сатыкка чыгарып жибергенин моюнга алды.

Европарламенттин мүчөсү голландиялык Роб Росс сессияда Смоллго суроо берип: “Pfizer компаниясы Cоvid-19 вакцинасын базарга чыгаруунун алдында аны вирус жайылышынын алдын алышы же албашы жаатында сыноодон өткөргөнбү? Ооба, же жок деп жооп бериңиз”, – деди. Фармацевтикалык Pfizer компаниясынын башкы директору Альберт Бурланын ордуна жыйынга катышып жаткан Смолл, бул назик суроого бардыгын таң калтырган жоопту берди. Pfizer компаниясынын өкүлү Cоvid-19вакциналары сыноодон өткөрүлбөгөнүн моюнга алып: “Вакциналар сатыкка чыгарылышынын алдында оору жугушунун алдын алышын же албашын билбейт элек. Биз илим-билимден артта калбашыбыз о.э. базар кандай кабыл алышын үйрөнүшүбүз керек эле”, – деп жооп берди.

А бирок, Pfizer фармацевтикалык компаниясы вакцинаны базарга чыгарып жатканда “вирус жайылышынын алдын алат” деп чыгарган. О.э. айрым аалымдар да “бардык адамдар коомдун саламаттыгын ойлоп, вакцина алууга мажбур” экендигин айтып чыгышкан. Pfizer компаниясы 2021-жылдан бери ушул вакцина бизнесинен 10 миллиард доллар пайда көргөн.

Комментарий: Капитализмде мадий (материалдык) кызыкчылыктар негизги орунду ээлеши жашыруун сыр эмес. Капитализм кайсы жерге гана жетип барбасын, ал жердеги карапайым калк кыйынчылыкка дуушар болуп, капиталист байлар гана жыргашат. Капитализм хазаратына ылайык, эгер пайда алып келсе илимий изилдөөлөрдү да өздөрүнө кызмат кыла турган кылып бурмалоого тоскоолдук жок, мында адамзаттын жашоосу коркунучта калганы ойлондурбайт. Ошондуктан, көптөгөн капиталисттик долбоорлор адамзат үчүн зыяндуу болсо да, маддий пайда алып келгени себептүү, бардык зыяндарга көңүл бурулбайт.

 Өкүнүчтүүсү, медицина тармагы да капитализмдин кызыкчылык баткагынан жана ач көздүгүнөн четте калбады. Бүгүнкү күндө фармацевтикалык компаниялардын эң биринчи максаты пайда табуу болуп калды. Айрыкча ковид-19 пандемиясы сыяктуу массалык оору жайылган кезде капиталисттер ач көз напсин кандыруу үчүн медицина тармагын пайда табуу булагына айландырып алышты. Капитализмдин пайдапарастыгы себептүү медицинанын бардык тармактарында коррупция терең тамыр жайган.

 Pfizer фармацевтикалык компаниясы буга чейин да артрит (муундарга суук тийиши) оорусуна каршы колдонулуучу сеlebrex препаратынын үстүнөн төрт жыл изилдөө жүргүзүп, бул препаратты колдонгон көпчүлүк бейтаптар  жүрөк жана кан тамыр оорусунан жапа чеккендиги аныкталгандан кийин да, сатыкка чыгарып жиберген. Ал тургай, бул препаратты колдонуунун натыйжасында жүрөгү кармап калгандардын жана каны коюлуп кеткендердин саны күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы аныкталган болсо да, Pfizer компаниясы celebrex препаратын реклама кылууну уланта берген. Эгер препараттарды көзөмөлдөөчү уюм бул компанияны токтотууга мажбурлабаса, компания реклама кылууну уланта бермек.

 Булардын бардыгы, капитализмдин жашоо жөнүндөгү көз карашынын табигый натыйжасы. Капитализм хазаратындагы мындай абалга таң калуунун кереги жок. Себеби, бул хазарат маддий байлыкка ээ болуу үчүн ар кандай жолду мубах кылып алган. Ушундай болгон соң чирип калган мындай хазаратты түп-тамыры менен сууруп салып, анын ордуна адамзатка бактылуу жашоо тартуулай турган Ислам хазаратын тикелешибиз керек.

 Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here