Электр энергия жана газдын кымбатташына себеп – Түркиядагы капиталисттик саясат

143
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Электр энергия жана газдын кымбатташына себеп Түркиядагы капиталисттик саясат

«EPDK» (Энергия базарын тартипке салуу органы) электр энергия тарифи турак-жай абоненттери үчүн 20 пайызга, өнөр жай абоненттери үчүн 50 пайызга көбөйтүлгөнүн билдирди. «BOTAŞ» (Түтүктөр жана нефть транспортировкасы акционердик коому) «EPDK» менен бир убакта жарыяланган билдирүүдө табигый газдын тарифи турак-жай абоненттери үчүн 20.4 пайызга, өнөр жай абоненттери үчүн 50.8 пайызга кымбаттаганын маалымдады. Ошентип, бир жылда турак-жайлар үчүн табигый газ жана электр энергиясынын кымбаттоо көрсөткүчү 200 пайыздан ашты.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Проблеманын негизги себеби, биринчи кезекте, капиталисттик түзүм. Кала берсе, калктын зарыл муктаждыгы болгон энергияны менчиктештирип, муну керектөөчүдөн киреше алуу үчүн ач көздүк менен аракет кылып жаткан компаниялардын ыктыярына тапшырып жаткан бийликтин туура эмес экономикалык саясаты да негизги себептердин бири. Анткени, бийлик «мамлекеттин экономикасына аралашпайт, жөн гана көзөмөлдөйт» деген нерсени кабыл алып, энергетика тармагындагы менчиктештирүүнү үлгү катары кабыл алды. Өзгөчө, бүткүл электр энергиясын бөлүштүрүү бизнесин менчик сектордун көзөмөлүнө берди. Ушул менчиктештирүүлөр натыйжасында ишканалардын чет элдик валютага индекстелген кредит карыздарынын кымбатташынан баштап, таратуу төлөмү, жоготуу жана уурдоо төлөмү, өкүлдүк жана көңүл ачуучу каражаттар сыяктуу каражаттар керектөөчүгө жүктөлгөн жана азыркы учурга чейин ушундай болуп турат. Ушул кызматтардан мамлекет ала турган ырайымсыз салыктар ишке ашырылып жаткан зулумдун акыбети».

Билдирүүдө кошумчаланып мындай делет: «Ошондуктан, биз бул түзүмдү түп-тамырынан өзгөртүп, ордуна эксплуатация жана риба болбогон, жалпы мүлктөр корголгон Исламдын экономикалык түзүмүн алып келишибиз керек. Рошид Халифалык мамлекети бардык проблемаларга себеп болгон капиталисттик башкарууга чекит коёт. Демек, келгиле, жакында Аллахтын уруксаты менен тикелене турган ушул мамлекетибиз үчүн бир сапта туруп аракет кылалы».

 Роя гезити, №408, 2022-жыл, 14-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here