بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Азербайжан менен Армения ортосундагы акыркы кагылышуулар
Доктор Усман Баххаш
Белгилүү болгондой, 2020-жылы 27-сентябрда баскынчы Армения күчтөрү менен Азербайжан күчтөрү ортосунда Тоолуу Карабах вилаяты үчүн согуш башталып, согуш 44 күнгө созулган жана 6500 киши набыт болгон. Ошондо Россия президенти Владимир Путин Россиянын демилгеси менен «эки мамлекет ортосунда Тоолуу Карабахтагы жаңжалдуу зонада кеңири көлөмдүү ок атууну жана бардык согуштук амалияттарды токтотуу жөнүндө келишим түзүлгөнүн», бул 2020-жылы 10-ноябрь күнү Москва убактысы менен түндө күчкө кирерин маалымдаган.
Армения премьер-министри Никол Пашинян да ошол күнү: «Мен Тоолуу Карабах согушун токтотуу жөнүндө Россия менен Азербайжан президенттери менен декларацияга кол койдум», – деп билдирүү берип, бул кадамды «жеке мен жана элибиз үчүн абдан өкүнүчтүү» деп мүнөздөгөн.
Тоолуу Карабах – Азербайжандын ичинде жайгашкан тоолуу регион. 1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан кийин Ереван тарабынан колдоп-кубатталган армяндар бул аймак Азербайжандан бөлүнүп чыкканын жарыя кылышкан… Акыбетте эки тараптын ортосунда биринчи согуш башталып, 30 миң киши набыт болгон. Ошондой эле, армян күчтөрү Тоолуу Карабахты, ошондой эле Азербайжан жерлеринин 20%ына барабар Карабахка коңшулаш башка жерлерди басып алышынын натыйжасында жүз миңдеген азербайжандар көчүрүлгөн.
2020-жылы 10-ноябрдагы ок атууну токтотуу келишимине кайта турган болсок, анын пунктарында тынчтыктын сакталышын күзөтүү Россияга берилгени, Россия муну жеңил куралдар менен камсыздалган 1960 аскеринин жардамында – келишимдин аткарылышын 5 жыл күзөтүү үчүн – аткарышы айтылган. Келишимдин башка пунктарында Армения Азербайжан жерлеринен өз күчтөрүн алып чыгышы да баса белгиленген. Ошондой эле, армян калкы кургактык аркылуу Армения менен байланыш орнотушу үчүн Тоолуу Карабах менен Арменияны байланыштырган кургактык жолу, ошондой эле соода байланышы жана продукцияларды алып өтүү иштери Россия тарабынан кепилдениши айтылган. Армения да өз кезегинде, Түркия жана Иран менен чектешкен Нахичеван вилаятына Азербайжандан адамдар жана продукциялардын эркин кыймылын жана өтүүсүн кепилдөөгө убада берген. (Картага карагыла).
Ошентип, 2020-жылы ноябрда келишим түзүлдү. Ал убактылуу жарашуу болуп, андан аскерий аракеттерди токтотуу, ошондой эле Тоолуу Карабахты өз суверенитети астында кармап турган Азербайжан менен Армения ортосундагы чечилбеген маселелердин корутунду чечимин өз ичине алган корутунду келишим түзүлгөнгөн чейин убакыттан утуу көздөлгөн. Армения Тоолуу Карабахта армяндар үчүн кеңейтилген автономияга алып бара турган жана Карабах менен Армения ортосунда эркин кыймылды камсыздай турган кепилдиктерди каалап жаткан болсо, Азербайжан анын Тоолуу Карабах үстүндөгү суверенитети Армения тарабынан моюнга алынышын жана Азербайжан менен Нахичеван ортосундагы каттамдын коопсуздугу камсыздалышын каалоодо.
Россия Армения менен коргонуу келишимине ээ болсо да, эл аралык мыйзам Азербайжандын Тоолуу Карабах регионундагы суверенитетин моюнга алат. Ушул себептен улам, 2020-жылы сентябрь согушу башталганда согуш Азербайжан жеринде өттү жана Россиянын бул согушка аралашуусуна эч кандай негиз жок эле. Кийин бул согуш келишимдин кепили катары Түркиянын аралашуусуна эшиктерди ачты. Ошондо Азербайжан президенти Илхам Алиевдин өтүнүчүнө ылайык, Путин Эрдоганга коңгуроо чалуусу артынан ок атууну токтотуу келишими түзүлдү. Белгилүү болгондой, Түркия Азербайжан тарабында туруп, аны курал-жарак менен камсыздады жаан Тоолуу Карабах үстүнөн кайра өз суверенитетин тургузушу үчүн болгон мүмкүнчүлүгү менен Азербайжанды колдоп-кубаттады. Ошондой эле, Түркия расмийлери «Эки өлкөдөгү бир эл» деген билдирүүлөрү аркылуу Азербайжан менен бекем алакага ээ экендиктерин баса белгилеп келишкен. Азербайжандын эки канатын т.а. Нахичеван менен ата журтту байланыштырган кургактык линиясын орнотуу туурасындагы пунктун негизинде кургактыктан өтүү жолун ачууну Түркия ар дайым каалап келген жана дале каалоодо. Бул план ишке ашса, ал Түркия менен Борбор Азиядагы түркий мамлекеттерди байланыштырган үлкөн стратегиялык мааниге ээ болот. Ушундан улам, көпчүлүк байкоочулар келишимдеги Россия менен Ирандын таасирин чектеген мындай пункттун ишке ашышына күмөн менен карап келишүүдө жана буга таң калуунун кажети жок. Түпкүлүгүндө, 2020-жылдагы согуш Россиянын Кавказдагы таасирине белгилүү бир даражада терс таасир кылды. Ал эми, Түркия бул региондо жана ал аркылуу Борбор Азияга таасирин кеңейтүү үчүн белгилүү бир даражада мүмкүнчүлүк тапты. Бул Россияны да, Иранды да тынчсыздантууда.
2022-жылы 13-сентябрда жүз берген акыркы кагылышууларды ким баштаганы анык болбосо да, бирок ал кезектеги дагы да үрөй учурган согуштун башталышынан дарек берүүдө. Бул акыркы согушта эки тараптан набыт болгондор 100гө жетип, эки тарап тең жоопкердикти бир-бирине жүктөшүүдө.
Айрым байкоочулардын сөздөрүнө ылайык, Азербайжан Россиянын Украина согушу менен алек болгондугунан жана Европанын Азербайжан газына муктаждыгы артып бара жатканынан пайдаланып, айрыкча, кыш жакындашып келе жатканда Россия жеткирип бербеген газдын ордун басууну пландоодо. Ушул аркылуу Армения менен болгон жаңжал чечимин артка сүрүп, кечиктирүүнүн ордуна жаңжалды бүтүрүү үчүн басым кылууда. Маселен, 2022-жылы 18-июлда Европа комиссари Урсула фон дер Ляен Бакуга сапар кылып, Азербайжандан Европага жеткирилип жаткан газдын көлөмүн 20 миллиард куб метрге көбөйтүү жөнүндө келишим түздү. Европа да өз кезегинде Азербайжанга көбүрөөк водород жана Күн энергиясын жеткирип берүүгө даярдыгын билдирди. Азербайжан андан мурун Бириккен Эмирликтердин «Масдар» компаниясы менен шамал энергиясынан 2 гигаватт кубатка ээ водород өндүргөн завод куруу келишимин түзгөн. Aрмениянын бир катар расмийлери Европа Союзунун жетекчилери аларга этибар бербестен, Азербайжан менен соода кызыкчылыктарын жогору коюшканына нааразылык билдиришти.
Кезектеги кагылышуулардын башталышы Путинди катуу тынчсыздантканы анык. Анткени, бул окуя Украина согушунда Россиянын күчтөрү ийгиликсиздикке учурап жатканда болду. Бул ийгиликсиздик Украина күчтөрү өз аймагынын дээрлик 10 миң квадрат километрин кайтарып алганында көрүнөт.
Мындай кырдаалда Москванын Ереванга дипломатиялык чечимдерге колдоо көрсөтүүгө жана кагылышууларды токтотуу үчүн аракет кылууга убада берүүдөн башка чарасы калбады. Айрыкча, Москванын Армения менен коргонуу келишимин аткаруудан баш тартышы Арменияны кыжырдантты.
Армения парламентинин төрагасы Ален Симонян улуттук телевидениеге берген интервьюсунда: «Табигый түрдө, биз Россиянын күткөнүбүзгө жооп бербегенине абдан капа болдук», – деди. “Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Симонян Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмун «огу жок тапанча» деп атаган, ошондой эле: «Биз уюмдагы шериктерибизден курулай сөздөрдү эмес, амалдагы ишти күткөн элек», – деп кошумчалады.
Ошондуктан, АКШ өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин жакында 17-18-сентябрь күндөрү Арменияга келишине армян жетекчилери чексиз кубанышканын түшүнөбүз. Пелоси жаш төгүп, «Армяндар геноцидин» эскерип гүлчамбар койду. Белгилүү болгондой, 2019-жылы Пелоси жетектеген АКШ конгресси армяндардын өлүмүн «геноцид» деп моюнга алып, Усманий Халифалыкты айыптаган. Президент Байден да 2022-жылы 24-апрелде армяндардын геноциди расмий түрдө моюнга алынганы жөнүндө токтом кабыл алган.
Пелоси бул жаңжалда Арменияны колдогон билдирүүлөрдү жаадырды. Ал 17-сентябрдагы билдирүүсүндө анын бул өлкөгө келиши «Кошмо Штаттардын коопсуз демократиялык Арменияга, ошондой эле туруктуу жана коопсуз Кавказга беригендигине далалат кыларын» баса белгиледи. Пелоси акыркы кагылышуу үчүн жоопкердикти Азербайжан өз мойнуна алышы керектигин айтып, Aмерикa Армениянын коргонуу муктаждыктарын камсыздоого жана автократиялык мамлекеттерге каршы күрөштө демократиялык мамлекеттерди коргоого даярдыгын билдирди. Бул, кече «терроризмге каршы күрөш» деген пластинканы тынбай айланткан Американын бүгүнкү жаңы пластинкасы болуп эсептелет. Пелосинин бул билдирүүсү Америка согуш отуна май сээп жатканын көрсөтүүдө. Максат – Россияны жакынкы убакта эч бир сыйкырдуу жол менен да чече албай турган оор маселе менен чулгап коюу. Ансыз да Россия Украинадагы чоң согушка шуңгуган учурда Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда жүзөгө келген жаңжалга да туш келүүдө.
Роя гезити, №409, 2022–жыл, 21–сентябрь.