Түрк режими жана Шам калкынын каны үстүндө соодалашуу!

169
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түрк режими жана Шам калкынын каны үстүндө соодалашуу!

Устаз Ахмад Абдулваххаб

Хизб-ут-Тахрирдин Сирия

вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн төрагасы

Учурда эл аралык саясаттагы саясий өлчөөлөр материалдык кызыкчылыкка жана пайдага негизделет. Бул өлчөө бир нече касиеттерге ээ болуп, алар инсаний, ахлакый жана рухий баалуулуктардын баарын жокко чыгарат. Ушул касиеттерден негизгиси ушул – анда кызыкчылык деген нерсе эч качан туруктуу болбойт, окуяларга жана абалдарга карап өзгөрө берет. Кечеки күнкү достор кызыкчылык калбаган соң, эртеси душманга айланышат. Кызыкчылык себептүү саясат дүйнөсүндөгү бүгүнкү кызматташуу эртең саткынчылык базарында товар сыяктуу сатылат. Арийне, кызыкчылык үстүнө курулган мамиле убактылуу. Кызыкчылык калбаганда мамиле да токтойт. Саясий иштердин өлчөөсү болгон кызыкчылык андан чоңураак кызыкчылыктардын курманы болот. Ушул нерсе тагдырий маселелер үстүндө соодалашууга алып келди. Буга Шам козголоңу тирүү мисал болсо ажеп эмес.

Айла-амалдуу саясатчыларга этибар бергиле! Алар манипуляция кылууга, адалды арам, арамды адал кылып алууга абдан чебер болуп кетишкен, ал тургай, өз мойнундагы иштерде өзгөрүп, ар тарапка ойноп жатышат, кызыкчылыкты көрүшсө, туура багытты колдорунан келгенче өзгөртүүгө урунуп жатышат. Алар бул иште «Максат каражатты актайт» деген эрежени шылтоолоп, айла-амал, алдоо, тузак, адаштыруу, акыйкатты бузуп көрсөтүү сыяктуу каражаттардан пайдаланып жатышат. Муну актоо үчүн алар ар нерсе кылууга даяр… Мисалы, өздөрүнүн жарчы маалымат каражаттарынын армиясын сапарбар кылып, жамакчы оңдоочулар командасын ишке салышууда, өз жоопкерчилигин башкаларга жүктөп, адамдардын каны сатылган соодада негизги инвестор экендиктерин актоого урунуп жатышат.

Ушулардан улам, түрк режими жөнүндө сөз кылуубузга туура келет. Анын Сирия козголоңундагы ролу – сириялыктардын каны соодасында – жаңы эле айтып өткөнүбүздөй – негизги инвесторлуктан турат. Ал Сирия козголоңу соодасында эл аралык масштабда да, Түркия ичинде да, ал тургай, Шам калкынын үмүттөрү, кайгылары жана кыялдары даражасында да мыкты соодагер болуп эсептелет. Бул режим ушул мубарек козголоң башталгандан тартып өзүнүн таасирдүү чырайлуу билдирүүлөрү менен Шам калкын өзүнө тартты. Мисалы, «Халаб кызыл сызык» сыяктуу сөздөрдөн тартып, «Экинчи Хамага жол бербейбиз» деген сыяктуу кызыктыруучу сөздөрү менен Шам калкында Түркия козголоңдун стратегиялык союздашы деген ишеним пайда кыла алды. Шам калкы бул режим убадага бек турган дос, козголоңдун жеңиши үчүн, эч болбосо жеңилбөө үчүн жалгыз кепил деп ойлошту. Түрк режими аларды өзүнө ишендире алган соң, Шамдагы согушкер жамааттардын жетекчилерин байлаа алды жана чечимдерине ээлик кылып, аларды канын, азиз нерселерин жана жандарын курман кылган чоң региондордон баш тартууга үндөдү. О.э. аларды акыры көрүнбөгөн жана Шам тогутунун пайдасына убакыттан утууга себеп болгон пайдасыз эл аралык сүйлөшүүлөр тоннелине киргизди. Ушул аркылуу аларды келишим тузагына түшүрө алды. Мунун акыбетинде Сириянын түндүгүнө көчүрүүлөр башталды. Мындан тышкары, Түрк режими көптөгөн сириялыктарды Азербайжан жана Ливияда Американын пайдасы үчүн согушкан жана Түркиянын Сирия чегаралары бойлоп улуттук коопсуздугун коргогон жалданма аскерлерге айлантты. Бул жолдо ушундай чоң энергияны жумшалды, мунун ордуна бул энергияны Сирия режимин кулатууга жана Ислам башкаруусун тикелөөгө жумшаса туура болмок. Муну баары түшүнүп жетти, бирок, убакыт өткөндөн кийин. Эл аралык коомчулук Сирия козголоңун жок кылуу мурун «тендер» жарыя кылган… Tүрк режими ушул тендерде жеңүү жана козголоңду эң аз каражат менен басууга урунууда. Максат – ушул аркылуу улуттук коопсуздук даражасында өзүнүн жеке кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу жана бийлик башында калуу.

Жакында түрк режиминин Сирия козголоңуна карата позициясын т.а. тышкы иштер министри Чавушоглунун «оппозицияны» Шам тогуту менен жарашууга чакырганын көргөн айрым адамдар Түркия саясатында өзгөрүү болду деп карап жатат. Шек-күмөнсүз, бул баёо, аң-сезимсиз көз караш болуп, мындай көз караштагы киши эл аралык саясаттын сөзүн, услуб жана каражаттарын, өлчөө жана тактикаларын түшүнбөйт. Себеби, түрк режиминин позициясы башынан бери таптакыр өзгөргөн жок. Халаб жашыл сызыкка жана Сириянын бардык шаарлары экинчи Хамага эбак айланган. Шам тогуту Сириянын көпчүлүк жерлеринде өкүмдарлыкты кайра алып, мурда мухажирлерге «колдоочу» болгон Эрдаган ушул канкор менен жолугушууну пландаштырууда. Эрдаган Шам козголоңун мууздап өлтүрүү жана мунун чоң кирешесин колго алуу жөнүндөгү акыркы миссиясын аяктоого аракет кылып жатат.

Тыянактап айтканда, өз маселебизди бирөөгө тапшыруу саясий жактан өз өмүрүнө кол салууга барабар. Себеби, биз меселебизди өзүбүздүн колубуз менен эл аралык саткындардын базарында арзан товар кылып берген болобуз. О.э. бул нерсе бизди кулдук даражасына түшүрүп, андан чыга албай турган кылат. Анда жаңы кожоюндун ыраазылыгынан кийин, кулдук шарттарын өнүктүрүү болот.

Кулдуктан азат болуу жолу бизден чечим-эркибизди кайтарып алууга катуу аракет кылууну жана биринчи кадам катары өз чечимибизге өзүбүз ээ болушубузду талап кылат. Себеби, кулдарда каалоо жана өз алдынча чечим болбойт. Биздин козголоң болсо эч кандай кул эмес. Кимде-ким өз чечимине ээ болбосо, анын пикирлери туура жана чечимдери майнаптуу болсо да туура жолго кадам таштай албайт. Себеби, пикир ээси өз алдынча чечим жана каалоосун колдон чыгарганы үчүн анын бул пикирлери амал баскычына өтпөгөн пикирлер болот. Чет элге сатылган согушкер жамааттардын кампасында чоң өлчөмдө курал-жарактын турганынын эч кимге пайдасы жок. Дат басып, чирип, кийин мөөнөтү өткөндө тапшырып жиберилет. Кызы-жайы «сурануу сызыгынан» чыкпай жашап жаткан мужахид тез арада Шам тогутунун аскерлерине оңой эле бутага айланат. Ал бир да фронтту ачпайт. Себеби, фронтту ачуу үчүн алгач чечим керек. Бул нерсе козголоңдун бардык потенциал жана күчтөрүнө тиешелүү.

Чечим аскерий да, саясий жакты да өзүндө камтышы о.э. укук ээси болгон жетекчилик ушул токтомду назариядан амалиятка көчүрүшү үчүн алгач аң-сезимдүү, саясий жана калыс жетекчилик зарыл. Кулдуктан азат болуу үчүн да ага ээрчилет. Себеби, ал аң-сезимдүү иш-чаралуу акылга же башкарууга окшойт. Ал жолго көмүлгөн саясат капкандарын жана миналарын четтеп өтүүчү алдыңкылардан болуп, анын колунда бекем өз алдынча жол көрсөтүүчү саясий долбоор компасы болот. Бул компас көрсөткүчтөрү мунасага барган кыңыр жолдорду эч качан көрсөтпөйт. Ушул себептен улам, качан калк жана кошуун мына ушундай жетекчиликтин артына тизилсе, нусрат Шам калкына жар болот, тогут режимдерге каршы козголоңдо ийгиликке жетишет жана берген ушунча курмандыктарынын жемиштерин терип алат жана колонизаторлуктун бардык формадагы кишендеринен азат болот. О.э. малай жуундукор режимдерден кутулуп, бүткүл адамзатка жарактуу роббаний жалгыз түзүм катары Ислам түзүмүн колдонушат. Аллах Таала айтат:

﴿مَنْ عَمِلَ صَالِحاً مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ﴾

«Эркекпи же аялбы, кимде-ким момун болуп туруп бирер жакшы иш кылса, анда, Биз ага пакиза жашоо беребиз жана аларды өздөрү кылып өткөн эң жакшы иштерине ажр-соопторду беребиз»                                                                                                                       [16:97]

 

Роя гезити, №408, 2022-жыл, 14-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here