Крымда 6 мусулман камакка алынды

165
0

Крымда 6 мусулман камакка алынды

 Россиянын Крым мусулмандарына карата куугунтугу үзгүлтүксүз уланууда. Федералдык Коопсуздук Кызматынын (ФСБ) кызматкерлери 17-август, шаршемби күнү мусулмандардын үйлөрүнө бастырып киришти. Кабарларда келишинче, Крымдын Жанкой жана Ялта аймактарында жашаган 6 мусулман камакка алынган.

ФСБ жарыялаган сүрөттөрдөн белгилүү болгондой, Куръан окууну үйрөтүүчү “KUR`AN-I KERIM ELIF BASI” китеби да террористтик далил зат катары сүрөттөлгөн. Бирок, мында бардык баскындарында болгону сыяктуу террорчулук аракеттерде колдонулуучу курал-жарак жана ок-дарылар табылган эмес.

Россиянын соту Хизб ут-Тахрирдин максаты Халифалык мамлекетин тикелөө экенин айтып, террорчу уюм катары жарыялаган. Ошондуктан эч кандай куралдуу аракет кылбаганына карабастан, Россия Федерациясын көптөгөн аймактарында Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүн камакка алып, көп жылдык оор жазалар белгиленүүдө.

Комментарий: Крым мусулмандарына карата орус зулуму 1783-жылы Крымды алгачкы жолу басып алышынан башталган. Андан соң, Халифалык кулагандан кийин хижраттын он экинчи кылымында Крымга кошуп, Алтын Ордо, Түркстан жана Кавказ сыяктуу исламий өлкөлөрдү да ээлеп алды… Россия Исламий өлкөлөргө бастырып кирүүдө мусулмандарга карата Испаниядагы инквизиция кыргынынан да жаманыраак кыргындарды ишке ашырды. Орустар мусулмандарды жазалоо үчүн жаңы-жаңы ыкмаларды колдонушат эле жана бул жаатта өтө чебер болуп кетишкен эле. Крымга бастырып киргенде да жырткычтык кыргындарды уюштуруп, намыстарды аёосуз тебелешкен.

 1991-жылы СССР кулаганда Ураинанын  курамында калган Крымды Россия 2014-жылы дагы кайрадан басып алды. Ошондон бери мусулмандардын башынан анын зулумдары арылбай келет. Анткени, Россия кайсы жерди басып алган болсо, бир ирмем да зулумун токтоткон эмес. Бүгүнкү күндө мусулмандардын үйлөрүн тинтип, китеп-дептерден башка нерсе таба албаса да, үй ээсин террорчулук айыбы менен камакка алып жатат. Орусту ээрчиген малайлары бул жаатта андан ашып түшүүдө.

 Негизи Россия да, башка куфр мамлекеттери да Хизб ут-Тахрир көтөрүп чыгып жаткан исламий түшүнүктөр жайылышынан катуу коркушат. Себеби, бул түшүнүктөр Исламий башкаруу жана Исламий боордоштук мамилелери кайрадан тикеленишин кепилдейт. Россия өкмөтү болсо Исламий башкаруу түшүнүктөрү кеңири жайылышынын акыбети кандай болорун жакшы билет. АКШнын изилдөө жана стратегиялык борборлорунун бири Жеймс-Таун уюму Крымда Хизбут-Тахрирдин коркунучу жөнүндө сөз кылып, Крым полициясы исламий кыймылдардын биригип кетүү коркунучу күчөп бара жатканына тыкыр байкоо салып тургандыгын жазган эле. Ошондуктан, Россия Хизб ут-Тахрирди террорчулукта айыптап, камакка алууну улантууда. Орус бийлиги Хизб ут-Тахрир түзүлгөндөн бери Расулуллах ﷺдын тарыйкатын ээрчип, колуна курал албастан аракет кылып келе жатканын билип туруп да ушундай кылууда.

А бирок, куфр дүйнөсү тоскоолдук кылууга канчалык аракет кылбасын, Инша Аллах жакында тикеленүүчү Халифалык мамлекети бул маселелерди биротоло чечет. Башка Ислам өлкөлөрү менен бир катарда, мусулмандардын Кара Деңиз түндүгүндөгү бекем чеби болуп эсептелген Крымды да чыныгы ээлерине кайтарат. Себеби, өлкөлөр менен элдерди куфрдун таасиринен жана малайларынын зомбулугунан Халифалык мамлекети гана куткара алат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here