Хизб-ут-Тахрир–мубарак Фалестин Адвокаттар кеңешине экинчи кат тапшырып, режимдин зомбулугуна каршы турууга чакырууда

123
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизбут-Тахрир–мубарак Фалестин Адвокаттар кеңешине экинчи кат тапшырып, режимдин зомбулугуна каршы турууга чакырууда

Хизб-ут-Тахрир–мубарак Фалестин Адвокаттар кеңешине экинчи катты тапшырды. Хизб алардын Фалестин режиминин өлкө калкына каршы кылмыштары алдындагы жоопкердиктерин о.э. кескиндик жана бекемдик менен туруу милдетин эске салды. Катта Хизб ушуларды баса белгиледи: «Фалестин режими пайда болгондон бери Фалестин калкын чөгөлөтүү жана душманга олжо кылып берүү үчүн абдан карамүртөз иштерди жасап, адамдарды коркутуп келүүдө. Ал өз кылмыштарын кээде мыйзам менен чүмбөттөсө, кээде мыйзамга да кымындай көңүл бурбай, колонизаторлордун пландарын аткарууну адат кылган. Негизи, колонизаторлор мубарак жердин калкы үстүндөгү өздөрүнүн пландарын ишке ашыруу, аларды өздүгүнөн жана дининен сууруп алуу үчүн ушул режимди пайда кылган…».

Катта мындай кошумчаланат: «Фалестин режими мыйзамдарды чыгаруу жана аларды «мыйзам негизиндеги токтом» деп өз билемдик менен тастыктап алуу аркылуу калктын үстүнөн күлүүгө да батынды. Ал адамдардын каражаттарына кол салып, социалдык камсыздандыруу мыйзамын кабыл алуу аркылуу жумушчулардын иш акыларына каршы – аларды ээлөө үчүн – тил бириктирди. Кийин аткаруучу мыйзам, жарандык жана соода иштери, кылмыш процедуралары жана башка көптөгөн мыйзамдар иштелип чыкты. Бул жана башка адилетсиз, залим мыйзамдар калктын тынчтыгына терс таасир кылып, адамдарды өз акы-укуктарын өз колдору менен алууга мажбур кылууда… Акыбетте, башаламандык жаралып, мал-мүлккө жана инсандардын өмүрүнө кол салынууда…».

Хизб катта ушуларды өзгөчө баса белгиледи: «Фалестин калкы жана алар менен бирге болгон баарыбыз үй-бүлөбүздү жана перзенттерибизди коргоого бүт күчүбүз менен аракет кылабыз. О.э. Ислам байрагын бийик кылуу үчүн күрөштү жана мусулман армияларыбыздан нусрат талап кылууну тынымсыз улантабыз…».

Каттын соңунда Адвокаттар кеңешине ушулар айтылды: «Биз силерди жана Фалестин калкын, бардык уюмдарды жана фракцияларды режимдин зомбулугуна каршы бекем турууга чакырабыз. О.э. позицияны бирдей кылууга т.а. режимди мындай мыйзам жана токтомдордон тыйып коюуга, аларды бекер кылууга, алар менен сүйлөшүү өткөрбөөгө же алардын жалган өзгөртүүлөрүнө алданбоого чакырабыз. Анткени, бул мыйзамдардын зыяны Фалестин калкы жана маселеси үчүн кыйратуучу жана кырсыктуу болот».

 Роя гезити, №403, 2022жыл, 10-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here