Хизб-ут-Тахрирдин Газни вилаятындагы мүчөлөрүнүн бири шахид болду

151
0

 

Басма сөз баянаты

Хизбут-Тахрирдин Газни вилаятындагы мүчөлөрүнүн бири шахид болду

﴿مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا﴾

«Момундар арасында Аллахка берген убада-шертине бекем кишилер бар. Алардын (айрымдары) өз убадасында турушту (т.а. шахид болду), алардын (айрымдары) болсо (шахид болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген убадасын) өзгөртүшкөн жок»

Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаятынын газнилик таанымал мүчөлөрүнүн бири Абдулазиз Мухаммадий шейшемби күнү кечкурун белгисиз куралдуу кимселер тарабынан шахид болду. Абдулазиз рохимахуллах катуу кыйноолорго алынып, бут-колу жана көзү байланган абалда эки көзүнө ок атылган. Ошол күнү кечкурун ал киши үйүнө даъваттан кайтып бара жаткан.

Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаяты мындай жырткычтыкты террористтик амалият деп эсептеп, мусулмандардын өмүрүн коргоо Исламий мамлекеттин негизги вазыйпаларынын бири экенин баса белгилейт. Ушул себептен улам, Исламий мамлекет мусулмандардын жанын, малын, намысын жана ыйык нерселерин коргошу вожиб болуп, ал өзүн бул дүйнөдөгү жана Акыреттеги эсеп-китептен сакташы керек. Кандай болбосун, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Роббинин жолунда жанын, малын жана жакындарын курман кылууга Аллах Субханаху ва Таалага убада беришкен.

Хизб-ут-Тахрир Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөдөн турган өз максатын пикирий жана саясий күрөш аркылуу ишке ашыруу зарылдыгына катъий ыйман келтирип, муну өзүнүн жетимиш жылдык аракетинде ырастап берген. Анткени, ар түрдүү кысым, камакка алуу, кыйноого салуу, коркутуу жана терроризм айыптоосун жабыштыруу сыяктуу иштердин эч бири аны өз максатына жетүү жолундагы аракетинен кайтара албады.

Абдулазиз рохимахуллах Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого бүткүл өмүрүн багыштаган күжүрмөн чынчыл даъватчылардан эле.

Хизб-ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү Афганистандагы жана бүткүл дүйнөдөгү Хизб мүчөлөрүнө жана мусулмандарга мындай үрөй учурган окуя боюнча терең кайгыруу менен таъзия билдирет. Аллах Тааладан Абдулазиз Мухаммадийдин шахиддигин кабыл алышын, үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабыр беришин, аны өлтүргөндөрдү бул дүйнөдө жана Акыретте кор кылышын сурайт.

Хизб-ут-Тахрирдин Афганистан

вилаятындагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here