Байдендин Жакынкы Чыгыш сапары жана ядролук маселе

253
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроо-жооп

Байдендин Жакынкы Чыгыш сапары жана ядролук маселе

Суроо: «АКШ президенти Жо Байден (израиль), Батыш Жээк жана Сауд Арабияга расмий сапарларын жасоо үчүн бүгүн шаршемби күнү борбор Вашингтондон чыгып кетти…». («Ал-Арабия нет», 2022-жыл, 13-июль). «Youm7» сайтынын 2022-жылы 10-июлдагы кабарында айтылат: «АКШ президенти Жо Байден Американын региондогу алакалары үчүн дагы да келечектүү доорду баштоо максатында келерки аптада Жакынкы Чыгышка сапар кыларын айтты». «Шаркул Авсат» да 2022-жылы 5-июль күнү өз сайтында ушул кабарды таратты: «АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайстын айтымында, Иран акыркы аптада жана айларда 2015-жылдагы ядролук келишимдин алкагынан тышкары бир нече ирет талаптарды койгон. «Рейтер» маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Нед Прайс учурда Иран менен сүйлөшүүлөрдүн башка баскычы пландаштырылбаганын баса белгиледи». Суроо төмөнкүдөй: Бул нерсе Америка ядролук келишимден баш тартканын түшүндүрөбү? Байдендин сапары азыркы учурда уюштурулуп жатканынан эмне көздөлгөн? Бул сапардын ядролук келишимге тиешеси барбы же андан башка нерсе көздөлгөнбү? Иран ядролук мамлекетке айланышы мүмкүнбү?

Аллах Таала сизге жана сиз себептүү береке берип, нусрат жана фатхтары менен сыйласын.

Жооп: Суроо эки бөлүктөн турат экен. Биринчиси, Иран менен түзүлгөн ядролук келишим маселеси. Экинчиси, Байдендин сапары. Бул суроолордун жообу төмөнкүдөй:

Биринчи: ядродук келишим:

  • Ирандын ядролук маселеси жергиликтүү, регионалдык жана эл аралык көлөмдөрү менен АКШнын Иранга карата саясатынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Т.а. бул маселе Американын стратегиясында регионалдык жана эл аралык көлөмгө ээ маселе болуп турушу үчүн башка маселелер менен биргеликте алып барылат. Ушул себептен улам, АКШнын 2015-жылы келишимге кол койгондон тартып, 2018-жылы ал келишимден чыгып кетиши жана бүгүнкү күнгө келип кайра келишимге кайтуу үстүндө сүйлөшүү жүргүзүүгө чейинки абалына карасак, анын саясатындагы өзгөрүүлөргө карап кээде оң, кээде сол тарапка ооп жатканын көрөбүз. Кошмо Штаттардын Иран ядролук программасы боюнча стратегиялык көз караштарын дыкат карап чыксак, Американын саясаты бул маселени чечүүдөн көрө көбүрөөк аны башкарып турууга жакындыгын көрөбүз! Американын ядролук маселе жөнүндөгү мындай көз карашы анын исламий региондогу регионалдык жана эл аралык стратегиясынан таптакыр ажырабайт.
  • Моюнга алуу зарыл болгон объективдү акыйкат ушул – Иран тышкы саясаттагы көпчүлүк маселелерде парда артында Америка менен келишип иш жүргүзүп, анын саясатынан четке чыкпайт. Америка 2003-жылы Иракка бастырып кириши алардын ортосундагы мындай келишимди толук ачыкка чыгарды. Анткени, ошондо Америка менен Иран таасири Иракта жанаша турду. «Мамлекет» уюмуна каршы АКШ жетекчилигинде Сирияга аралашкан эл аралык коалиция да Ирандын Сириядагы бир да объектилерине жана согушкерлерине сокку бербеди. Америка Шам козголоңун токтотуу үчүн бир тараптан аларды козголоңго каршы согушка таштап койгон болсо, башка тараптан, «терроризмге» каршы күрөштү шылтоолоп, өз учактарынын жардамында козголоңчуларга сокку берип келди. Мындай шайкештик бир гана өз ара ролдорду бөлүшүп алган мамлекеттер ортосунда жүз берет. Америка жана Ирандын ролу Сириядагы Америка малайы Башар Асадды коргоо болгон. Мындан тышкары, АКШнын Афганистанга бастырып кириши да АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара шайкештикти ачыктайт. Иран тарабынан берилген кээ бир билдирүүлөр көрсөтүп тургандай, Иран Афганистандын басып алынышына шарт жаратуу менен Америкага кызмат көрсөтүп келген!
  • 1988-жылы Ирак-Иран согушу аяктап, Ирак ири аскерий күч катары көрүнгөн соң, Иран өз жеңилүүсүн жашыруу үчүн 1989-жылы өзүнүн ракета жана ядролук программасын ишке ашырууга киришти. АКШ ядролук изилдөөлөр жаатында Иранга элүүнчү жылдардан бери жардам берип келет. Бул изилдөөлөр Хаманеий ыңкылабынан кийин токтоп калды. Бирок, 1989-жылы кайрадан башталды. 1990-1991-жылдарда АКШ армиясы Ирак аскерий кубатын жок кылып, аны Кувейттен чыгарып жибериши, кийин ага каршы санкция колдонуп, текшерүү кампанияларын башташы артынан Ирандын кубатын көрсөтүү үчүн регионалдык боштук пайда болду. Советтер Союзу кулап, суук согуш аяктагандан кийинки Америка саясаты бүткүл дүйнө бойлоп жайылган аскерий базаларда турганын актоо үчүн кыялдагы душманды издөөгө негизделип келет. Мына, Иран ушул нерсеге шылтоо жана негиз катары кызмат кылууда. Америка өзүнүн көпчүлүк саясатын Ирандын коркунучу менен актап келүүдө. Ал тургай, Америка Польша жана Румынияга ракетадан коргоо системаларын жайгаштырууда Ирандын ракета коркунучун шылтоолоп жатканына Россия да таң калды!
  • Ошентип, Ирандын ядролук программасы жана уранды байытуу үчүн миңдеген центрифугалардын орнотулушу Европа жана Фарс булуңу мамлекеттери үчүн коркунуч сигналынын жаңырышына себеп болду. Жакшыраак үйрөнүп чыксак, алар Америка саясаты үчүн бир нече жактан зарыл болгонун көрөбүз:

а)    Америка жетекчилерге өз коргоосун сунушташы үчүн нефть булактары жайгашкан Булуң мамлекеттерине Иран коркунучун пайда кылды. Мисалы, АКШнын мурунку президенти Трамп Америка Саудияны коргоп жатат деп мактанган. Эгер, Америка коргобосо, Саудия эки апта да бийликте тура албашын айтып, шантаж жана мафия усулунда андан акча талап кыла баштады.

б)    Эл аралык масштабда Кошмо Штаттар стратегиялык жактан Россияны блокада кылууну күчөтүп, Россия чегаралары жанында өзүнүн ракетадан коргоо системаларын жайгаштырууну баштады. Булардын баары түрдүү шылтоолор менен, алардын катарында, Европа мамлекеттерин Иран ракеталарынан коргоо деген шылтоо негизинде ишке ашырылды.

  • Европанын күчөп бара жаткан коркуулары менен бирге эл аралык күчтөр Ирандын ядролук программасын аскерий эмес, тынчтык жол менен көзөмөлгө алуу максатында 2006-жылдан бери Иран менен сүйлөшүүлөрдү башташкан. Беш эл аралык ядролук мамлекет жана Германияны өз ичине алган 5+1 тобунун түзүлүшүнүн себеби да ушунда. Америка бул эл аралык күчтөрдүн бири болсо да, бирок, Иран менен ядролук сүйлөшүүлөр Американын түздөн-түз катышуусусуз алып барылды. Себеби, Америка 2015-жылга чейин 9 жыл уланган бул сүйлөшүүлөрдө Иран ядролук программасын чектөөгө олуттуу карабады. Ошондуктан, Россия жана Кытайга кошумча Европа мамлекеттери өткөрүп келген катар-катар жыйындар натыйжасыз алып барылган бул сүйлөшүүлөрдүн алкагында ишке ашырылганын көрөбүз. Түпкүлүгүндө, бул сүйлөшүүлөр Ирандын кубатын жана кооп-коркунучтарын көрсөтүүгө жардам берди.
  • Кала берсе, Америкадагы ички бөлүнүү Ирандын ядролук программасына таасир кылды. Трамп администрациясынын доору Америкадагы бөлүнүүлөр эң коопту чекитке жеткен учур болуп эсептелет. Ошондо Трамп андан мурунку президент Обаманын Иран ядролук программасына тиешелүү саясатын катуу сындаган. Ал 2018-жылы ядролук келишимди бекер кылуудан тышкары, Иранга каршы катаал санкцияларды колдонуп, яхудий вужудунун Иранга көбүрөөк зыян жеткиришине жол ачып берди. Себеби, Трамп «ковбойлордой» текебердик менен аракет кылган адам. Ал эми, 2020-жылы январь айынын башында Ыңкылап гвардиясындагы Кудс күчтөрүнүн командачысы Касим Сулайманийди өлтүрүп, Иранды дагы да акаараттады. Себеби, Трамп администрациясы Обама администрациясынан айырмаланып, Нетаньяху жетектеген яхудий вужуду менен бир пикирде эле. Ошондуктан, яхудий вужуду – «Натанз» станциясын ойрон кылуу сыяктуу түздөн-түз ядролук объектилерге сокку берүү болобу же ирандык ядрочу окумуштуулардын жана адистердин өмүрүнө кол салууга кошумча Ирандан жашыруун документтерди уурдоо сыяктуу түздөн-түз зыян жеткирүү болобу, айырмасыз – Ирандагы буталарга сокку берип келди.
  • Демократтар акыркы шайлоолордон мурун, бийликке келе электе Иран режиминин белгилүү адамдары, өзгөчө, ошол убактагы тышкы иштер министри Жавад Зариф менен байланышып, 2020-жылдагы президенттик шайлоодо демократтар партиясынын жеңишке жетиши ядролук келишимге кайтууну түшүндүрөт деп аларда үмүт ойготуп келишти. Белгилүү болгондой, ядролук келишимге кайтуу Демократтардан талапкер Байдендин шайлоо кампаниясында болгон. Ошентип, Байден Америкадагы ички бөлүнүүгө байланыштуу мотивдер себептүү Иран менен түзүлгөн ядролук келишимге кайтуу жоопкерчилигин өз мойнуна алды. Чынында, президент Байден 2021-жылдын башында өз милдетин аткарууга киришкенден көп өтпөй Америка Иран менен ядролук сүйлөшүүлөргө кайтты. Бирок, сүйлөшүүлөр өз ордунда жылбай туруп калды. Себеби, Американын Иран менен түзүлгөн ядролук келишимге кайтышы АКШ стратегиясынын талаптарынан болбой калды. Тескерисинче, АКШ стратегиясы кайра Иран коркунучун көрсөтүүнү талап кылып жатат. Мындан тышкары, Конгресстеги республикачыл өкүлдөр Иран менен болгон жаңы келишимди Конгрессте добушка коюуну талап кылышты. Алар Конгрессте үстөмдүккө жетишсе, келишимди кайра бекер кылууларын айтып коркутушту. Бул болсо, сүйлөшүүлөр процессин татаалдаштырып жиберди. Мына арадан бир жарым жыл өтсө да, Байден администрациясы Иран менен түзүлгөн ядролук келишимге кайта албай жатат.
  • Кийин, Украинадагы согуш ядролук келишимге көлөкө салды. Байден администрациясы Россия газына альтернатива катары Европага газ жана нефть жеткирип берүү милдетин өз мойнуна алган. Анткени, АКШнын НАТО союзу алкагында Батышка жетекчилик кылышы да ушуну талап кылат. Ошондо, Байден администрациясы өз карталарын Иранга каршы санкцияларды бекер кыла турган о.э. Венесуэла жана Саудия менен бирге анын нефтисин да эл аралык базарларга алып чыга турган түрдө аралаштырууга зарылдык сезе баштады. Ошондуктан, 2022-жылы март айында, Россия Украинага бастырып киргенден көп өтпөй Иран менен тезирээк ядролук келишим түзүү жолдорун издөөгө киришти. Байден администрациясы мурунку президент Трамп терроризм тизмесине киргизген Ыңкылап гвардиясын бул тизмеден чыгаруу туурасындагы Ирандын талаптарын аткарууга даяр эле. Ушул себептен улам, Украина согушунан кийинки АКШ саясатындагы өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү катары Американын ядролук келишимге кайтышына өтө жакын калган. Бирок, 5+1 тобундагы Россия Иран менен жүргүзгөн соода алакаларын ага каршы колдонулган Батыш санкцияларынан чыгарууну шарттап койгон соң, Америка келишим түзүүдөн баш тартты. Эгер, Россия өз шарттарын талап кыла турган болсо, ядролук келишим – ноябрь айында АКШда өтө турган аралык Конгресс шайлоолору аяктаганга чейин – жакынкы айлар ичинде түзүлбөйт көрүнөт. Анткени, учурда Байден негизги көңүлүн Иран менен боло турган ядролук келишимге караганда, арадагы шайлоолорго каратып жатканы байкалууда.

Экинчи: Байдендин Жакынкы Чыгыш сапары:

Байдендин регионго сапарын күзөткөн киши анын сапары арадагы Конгресс шайлоолоруна даярдык көрүү үчүн ишке ашырылганын байкайт. Ал тургай, бул сапар тышынан караганда башка максаттар көздөлгөндөй болуп көрүнсө да, бирок, ал Байден жана анын партиясынын арадагы шайлоолордогу үлүшүн көбөйтүүгө каратылган! Байден республикачылар партиясы менен болгон мамиледе ички кризисти башынан өткөрүүдө. Бул айрыкча, этибарга ээ эки маселеде өз тастыгын табат. Биринчиси, Байден Трамп кылгандай эмес, басым жана кошумча санкциялар кодонбостон, Иран менен ядролук келишим түзүүгө болгон кызыгуусу жана каалоосунан республикачылар партиясынан пайдаланып жатканы. Экинчиси, Байденде яхудий вужуду менен мамилелерди күчөтүп, бекемдөөгө болгон Трамптагы кызыгуунун жоктугу. Бул эки маселе арадагы Конгресс шайлоолоруна таасир өткөргөндүктөн Байден 2022-жылы ноябрь айында өтө турган арадагы шайлоолорго чейин аларды чечүүгө аракет кылууда:

  • Биринчи маселени чечүү үчүн ушундай иш жасалды: Байдендин бул сапарынан мурун АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайстын «… Учурда Иран менен сүйлөшүүлөрдүн башка баскычы пландаштырылбаган…» деген билдирүүсү жарыяланды. Анын бул билдирүүсү 2022-жылы 5-июль күнү «Шаркул Авсатта» жарыяланды. Мындан тышкары, Байден да түздөн-түз ядролук келишимдин раунду аяктаганын билдирген же республикачылар партиясы ага жана анын партиясына каршы бул нерседен пайдаланып калбашы үчүн арадагы шайлоолор аяктаганга чейин келишимдин кечиктирилишин түшүндүргөн билдирүүлөрдү бере баштады.
  • Байден экинчи маселени чечүү үчүн яхудий вужудуна болуп көрбөгөн жардам бөлдү. Т.а. Тель-Авивге 4 миллиард доллардан көбүрөөк деп бааланган тарыхтагы эң чоң жардам пакетин сунуштады. Мындан тышкары, яхудий вужуду менен мамилелерди тезирээк нормалдаштыруу үчүн жасалып жаткан аракеттер бар. Булардын баарынан яхудий вужудун Трамп жана анын партиясы колдоп-кубаттагандан да көбүрөөк колдоп-кубаттоо аркылуу шайлоолордо яхудий лоббисинин добушун алуу максат кылынган… Ушул себептен улам, Байден регионго, өзгөчө, яхудий вужудуна болгон сапарды 2022-жылы июль айында ишке ашырышы жана аларды колдоп-кубатташын билдириши ушул шайлоолордо яхудий лоббисинин добушун алууга мүмкүнчүлүк берет… Мындан тышкары, ал региондогу малайларын жана тарапкерлерин колдоп-кубатташын көрсөтүү менен өз аброюн көтөрүүгө аракет кылууда! Айрыкча, Сауд Арабиядан жана Фарс булуңу мамлекеттеринен келе турган энергия Байдендин шайлоодогу үлүшүн көбөйтөт. Төмөндөгү пикирлер муну тастыктап турат:

а)    «Ак үй баса белгилешинче, АКШ президенти Жо Байден шаршемби күнү баштала турган Жакынкы Чыгыш сапары аркылуу стратегиялык мааниси дагы да чоңоюп жаткан региондо Американын ролун күчөтүүнү каалайт. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан дүйшөмбү күнү Ак үйдө өткөн маалымат конференциясында Байдендин президенттик доорундагы биринчи сапары эсептелген о.э. (израиль), Батыш Жээк жана Сауд Арабияны өз ичине алган бул сапардын максаттарын кыскача баян кылып өттү. О.э. ал сапар учурунда Байден Мисир, Иордания, Ирак, Булуң Кызматташтык Кеңеши мамлекеттеринин жетекчилери менен жолугушарын баса белгиледи. Яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу маселесинде Салливан АКШ администрациясынын каалоосу (израиль) менен дагы да көбүрөөк араб мамлекеттери ортосунда мамилелерди жакшыртуу экенине ишара кылып, мамилелердин нормалдашуусунун ар кандай көрүнүшү жакшы натыйжа болуп эсептелет деп баса белгиледи.

Байден нефтинин баасы 100 доллардан жогору болгондуктан Фарс булуңу мамлекеттерин нефть өндүрүнү көбөйтүүгө чакырган. Анткени, Россия-Украина согушу себептүү энергия жана азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу дүйнөлүк тынчсыздануулар күчөп жаткан учурда нефть бааларынын жогору болушу инфляциянын жогорулашына салым кошту». («Ал-Жазира», 2022-жыл, 11-июль).

б)    «Ал-Жазира» «Вашингтон Пост» гезитинен алып, өзүнүн веб-сайтында 2022-жылы 10-июлда жарыялаган макалада мындай делет: «… АКШ президенти Жо Байден региондогу Америка ролунун дагы да келечектүү доорун баштоо үчүн келерки аптада Жакынкы Чыгышка сапар кыларын айтты. «Вашингтон Пост» жарыялаган макалада АКШ президенти баса белгилешинче, регион жетекчилеринин Саудиядагы Жидда шаарында өтө турган жолугушуусу – ал айткандай – дагы да туруктуу Жакынкы Чыгышты түзүү мүмкүнчүлүгүнөн кабар берет. Байден ал (израилден) Жиддага сапар кылган биринчи Америка президенти экенин да баса белгилеп өткөн… (израиль) менен болгон мамилелер жөнүндө болсо, анын администрациясы Тель-Авивге 4 миллиард доллардан көбүрөөк деп бааланган тарыхтагы эң чоң  жардам пакетин берерине ишара кылган».

в)    «Шаркул Авсат» өзүнүн веб-сайтында 2022-жылы 5-июлда төмөндөгүлөрдү жарыялады: «Вашингтон. «Шаркул Авсат онлайн». АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайстын айтымында, Иран акыркы аптада жана айларда 2015-жылдагы ядролук келишимдин алкагынан тышкары бир нече ирет талаптарды койгон. Ал кошумчалашынча, жаңы талаптар Тегеранда олуттуулук жок экендигин көрсөттү. Ядролук келишимди куткаруу боюнча туңгуюктан чыгууга каратылган Тегеран менен Вашингтон ортосундагы кыйыр түрдөгү сүйлөшүүлөр өткөн аптада Катар борбору Дохада күтүлгөн ийгиликтерге жеткирбей аяктаган. «Рейтер» маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Нед Прайс учурда Иран менен сүйлөшүүлөрдүн башка баскычы пландаштырылбаганын баса белгилеген…».

г)    «Youm7» сайты 2022-жылы 5-майда берген кабарында мындай делет: «Арадагы Конгресс шайлоолору жакындашып жатканда АКШ президенти Жо Байден жана Демократтар партиясы түрдүү проблемаларга туш келүүдө. Бул проблемалар АКШ администрациясын силкитинткен удаалаш келген кризистерден кийин жүзөгө келди. АКШ Москвага улам-улам колдонулган экономикалык санкцияларга карабастан, болжол менен 3 айдан бери Россияны Украина аймагындагы согуштан кайтара албады. Булар менен бирге инфляция дүйнөлүк деңгээлде күчөшү о.э. энергия камсыздоосу үзгүлтүккө учурашы АКШ Федералдык Резервдик Системасын пайыздык ставкаларды акыркы 22 жылдагы эң чоң көбөйүү эсептелген 0,5 пайызга көтөрүүгө үндөдү. Серепчилер жана АКШ массалык маалымат каражаттарынын айтымында, арадагы шайлоолор Байден президенттигинин алгачкы эки жылындагы ийгилик же ийгиликсиздигин белгилеп бере турган референдум катары болот».

Ошентип, Байден ушундай учурда т.а. арадагы шайлоолор алдында регионго жасаган сапарынан көздөлгөн негизги максат, биз башында айтканыбыздай төмөнкүдөй: «Байдендин регионго сапарын күзөткөн киши анын сапары арадагы Конгресс шайлоолоруна даярдык көрүү үчүн ишке ашырылганын байкайт. Ал тургай, бул сапардан тышынан караганда башка максаттар көздөлгөндөй болуп көрүнсө да, бирок, ал Байден жана анын партиясынын арадагы шайлоолордогу үлүшүн көбөйтүүгө каратылган!».

Үчүнчү: корутундулап эки нерсени баса белгилемекчибиз:

  • Улуу деп аталган бул мамлекеттердин да кээде өз партиялары жана курамдык бөлүктөрү ортосунда кескин кагылышууларды келтирип чыгара турган алсыз жерлери бар. Бирок, өкүнүчтүүсү, алар өз проблемаларына биздин өлкөлөрүбүздө жана биздин эсебибизден чечим таап жатышат! Мына, Байден биздин өлкөлөргө сапар кылууда. Ал өз сапарын мубарек жерибиз болгон Фалестинди басып алган жана бизге эң катуу душмандык кылган яхудий вужудунан баштады. Байден ал жерден туура Хижаз өлкөсүнө жол алды. Ал жердеги өкүмдарлар Байденди итааткөйлүк, кубануу менен күтүп алышты. Байден болсо, «ал (израилден) Жиддага сапар кылган биринчи Америка президенти экенин… Тель-Авивге 4 миллиард доллардан көбүрөөк деп бааланган тарыхтагы эң чоң жардам пакетин берерин айтып» мактанды. Ушуга карабастан, Аль-Сауд өкүмдарлары эч нерседен уялбай жатышат. Алар ал тургай аз гана уятты да билишпейт! Кийин Байден Булуң мамлекеттеринин өкүмдарлары менен жолушуп, алар менен Америкадагы инфляцияны төмөндөтүү үчүн энергия өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү талкуулады. Ошондон кийин Мисир, Ирак, Иордания режиминин өкүмдарлары жана Фалестин администрациясы менен жолугушуп, яхудийлер менен болгон мамилелерди нормалдаштыруу маселесин талкуулады жана «нормалдашуунун ар кандай көрүнүшү жакшы» экенин баса белгиледи. Ошентип, Байден бул өкүмдарлардын баштапкы милдети яхудий вужудун жок кылуу үчүн жихад кылуу эмес, тескерисинче аны менен мамилелерди нормалдаштыруу болушун көздөп жатат! Алар болсо Аллахтан, Анын Расулунан жана момундардан коркпой, Байденди алкышташууда! Аллах Таала:

﴿هُمُ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ

«Алар душмандар. Демек, алардан этият болгун! Аларды Аллах наалаттайт! Алар кандай гана адашууда!»                                                                                                                      [63:4]

деп айткандай бул өкүмдарлар Америка жана яхудий вужудун душман деп билүүнүн ордуна, алар менен мамилелерди нормалдаштырууда жана аларга таазим кылышууда!

  • Эми «Иран ядролук мамлекетке айланышы мүмкүнбү» деген акыркы суроого келсек, ооба, эгер ал өзүнүн тышкы саясатында – жогоруда айтылгандай – Америка менен келишип иш алып барбаса, ядролук мамлекетке жана маанилүү күчкө айланышы мүмкүн… Бирок, эгер Иран Американын орбитасында айлануу (анын таасири алкагында болуу) үчүн АКШнын саясатына байланса, анда ядролук мамлекетке айлана албайт. Акыйкатта болсо, Иран дагы эле Американын таасири алкагында калууда. Ирандын элитасы дагы эле өздөрүн АКШ саясатына байлап, таптакыр андан ажырабай жатат. Иран ядролук келишимди өзү көзөмөлдөөнүн ордуна, аны Вена сүйлөшүүлөрүнө т.а. Америка ыраазылыгына байлап койду. Мисалы, «Иран тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Саид Хатибзада маалымат конференциясында ушуларды билдирди: «Эгер, эртең Венада келишим түзүлсө, Иран тарабынан көрүлгөн бардык аракеттер техникалык жактан артка кайтарылышы мүмкүн». («Independent Arabic», 2022-жыл, 13-июнь). Ошондуктан, Иранда түпкү өзгөрүүлөр жүз бериши күмөн. Иран ички жана тышкы саясатында Ислам менен өкүм жүргүзүп, Америка менен болгон мамилелерин бүтүндөй жана кайтарып болгус таризде үзсө гана түпкү өзгөрүү жүз бериши мүмкүн… Биз бул сөздөрдү Ирандын азыркы саясатчылары түпкү өзгөрүүнү ишке ашырышы ыктымалдан алыс деп эсептегенибиз үчүн айтып жатабыз. Бирок:

﴿مَعْذِرَةً إِلَى رَبِّكُمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

«Жараткандан (Кыямат Күнүндө) кечирим болор деп жана балким (алар да) Аллахтан коркушаар, деп (насыят кылуудабыз)»                                                                                                [7:164]

 

                                                                                                            15-зулхижжа, 1443-х.

                                                                                                                  14-июль, 2022-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here