Түркияда ЛГБТга каршы демонстрациялар

164
0

Түркияда ЛГБТга каршы демонстрациялар

 Истамбулдагы Айюб Султан аянтында 48 чакты бейөкмөт уюмдар “Пикир биримдиги жана күрөш платформасы” деген аталышта демонстрация өткөрүштү. Бул бейөкмөт уюмдар мамлекетке кайрылуу жолдошуп, үй-бүлө жана келечек муунду бузган ахлаксыз бузуку долбоорлорго каршы зарыл чараларды көрүүнү жана ахлаксыз уюмдарды жабууну бийликтен талап кылышты.

Бейөкмөт уюмдардын атынан билдирүүнү жарыялаган Куршат Миcан азыркы муун эч качан бүгүнкүдөй жийиркеничтүү абалга түшпөгөнүнө көңүл бурду. Мисан баса белгилешинче, гендердик теңдик, адам укуктары, жеке адам эркиндиги, пикир эркиндиги жана сөз эркиндиги, кыскасы демократия бетке алынып жаштардын арасында гей, лесбий, трансвестит жана бисексуализм сыяктуу илдеттер кеңири жайылтылууда.

Бейөкмөт уюмдар Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдогандан үй-бүлө жана келечек муунду бутага алган бардык бузуку ЛГБТ уюмдарын тезинен жабууну талап кылышты. “Урпак-муунубузду уулаган жана келечегибизге коркунуч туудурган бузуку үгүттөр эч качан эркин аракет кылбастыгы керек”, – делет билдирүүдө.

Комментарий: Түркия сыяктуу Исламий өлкөдө ЛГБТ кыймылы мыйзамдуу түрдө аракет кылышы жана күндөн-күнгө жайылып бара жатканы абдан өкүндүрөт. Бул жийиркеничтүү кыймылдын Түркияда күчөшүнүнүн эң чоң себепкери Эрдоган бийлиги. Исламды жамынып алып, мусулмандардын исламий туйгуларынан пайдаланган Түркия бийлигинин башына келген Эрдоган режими ЛГБТга каршы күрөшмөк турсун, тескерисинче аларга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берүүдө. Бул режим кол койгон “Истамбул келишиминдеги6284-мыйзам бул жийиркеничтүү кыймылга ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет жана алардын жийиркеничтүү иштерине мыйзамдуу түс берет. Эрдоган бийлиги Батыш ЛГБТны камсыздап жатканын көрүп турса да, бирок бул нерсеге каршы чара көрүү жөнүндө ойлонгон да жок. Түркия ички иштери министри Сулайман Сойлу моюнга алышынча, Батыш мамлекеттери Түркиядагы ЛГБТ уюмдарына колдоо көрсөтүү үчүн 2016–2020-жылдары 20 миллион 127 миң доллар каражат которгон. А түгүл, Эрдоган жеке өзү кээде мубарек Рамазан айларында ЛГБТ өкүлдөрү үчүн ифтарлык уюштуруп, алар менен бирге ифтарлык өткөрөт.

 Истамбул Маданият университетининг мугалими Профессор Доктор Ахмет Акин Жеррахпаша медицина факультетинде “жынысты өзгөртүү операциясы үчүн абдан көптөгөн жаштар кезекте турганын” маалым кылган. Профессор баса белгилешинче, 4000 кыз эркекке өзгөрүү, ал эми, 2700 эркек аялга өзгөрүү үчүн кезек күтүүдө. Алардын жашы 12-19да жана 99 пайызында эч кандай кеселдик проблемасы жок. Алар өздөрүнүн жынысын өзгөртүү үчүн музыка, мода, кино жана сериалдардан таасирленишкен. Алардын алдында ар түрдүү оюнкүлкү үчүн эч кандай тоскоолдук жоктугу, тескерисинче толук эркиндик берилгендиги аларга тынымсыз уктурулган.

Жынысты өзгөртүү абдан чоң каражатты талап кылган операциялардын бири. Бул операция 100-200 миң түрк лирасы менен бүтпөйт, бул үчүн 3-4 миллион лира (болжолдуу 170000–225000 доллар) талап кылынат. Профессор Ахмет Акиндин сөздөрүнө ылайык, жынысты өзгөртүү операциясы үчүн кетчү бул каражаттарды мамлекет төлөйт. Аллах наалаттаган коом үчүн миллиондогон каражатты төлөгөн бул мамлекетте рак сыяктуу бир канча оор жана дабалануусу кымбат турган оорулар менен ооруган адамдар бар, мамлекет аларга таптакыр көңүл бурбайт, алар көчөлөрдө, автобустарда адамдардан жардам суроого мажбур.

 Мына силерге Эрдоган режиминин дагы бир жүзү. Эрдоганга суктанып, “анын бийлиги исламийлер үчүн өрнөк болууга арзый турган үлгү” деп, андан Исламды аста-секин колдонууну күтүп жаткандар качанга чейин курулай кыялданышар экен?!

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here