Сизге кандай башкаруу керек (2).
Башкаруу пикирий болот же күчкө таянган зомбулук (диктатура) башкаруу болот. Экөөсүндө тең башкаруу кандай болушун калктын көпчүлүгү белгилейт. Оболу бул башкарууларды көз алдыбызга келтирип алалы.
- Пикирий башкаруу – иштин башында жашоо таризи кандай болушу элге баян кылынат. Бул үчүн коомдо жаңы болгон жашоо таризин жана аны калкка жеткирүү жолун жакшы өздөштүргөн жана өздөрү ага ишенген, өмүр-өлүм маселеси кылып алган бир жамаат-хизб (партия) болушу керек. Анткени, бул ишти жалгыз инсан же бир нече адамдар аткара алышпайт. Бул жамаат өзү кабыл алган жаңы жашоо таризин коомго алып чыгат. Эл же көпчүлүк адамдар аны элестетиши, айрым жерлерине же негизинен баарына каршы болушу менен ал жөнүндө талкуулар болушу натыйжасында ал идеологиядагы (т.а. жаңы көтөрүлүп чыккан жашоо таризиндеги) ар бир негизги пунктар талкууланат. Ушул кезде коомдо колдонуп жаткан жашоо таризине альтернатива идеологияга чакыргандар көпчүлүк адамдарды өздөрү чакырып жаткан идеология-жашоо таризине канааттандыра алышса жана калк же көпчүлүк адамдар ушул алга сүрүлгөн идеологияга ыраазы болушса, жада калса жашоо таризибиз дал ушундай болушу керек деген чечимге келишсе, калк аламан эмес, аң-сезимдүү Умматка айланат. Анткени, бул калк жашоодон көздөлгөн максатты, ал кандай болушун – майда деталдарына чейин болбосо да – жалпысынан түшүнүп алган болот. Бул Уммат бир нерсеге каршы болсо, акмактарча, түшүнбөстөн, аңдабастан эмес, анын каталыгын билип каршы болот. Эгер, бир ишти же бирөөнү колдошсо – жасалма аброюна эмес – ушул ишке канчалык ылайыктуу экенин, ал акыйкат экенин түшүнүп колдойт. Айың-кептерге ишенбейт, жалгандарга, айла-амалдарга алданбайт. Каарманды саткындан, жахилди өз ишин мыкты билген чыныгы жетекчиден айырмалай билет. Ошондо Уммат өзү кабыл алган түшүнүктөр негизинде калыс, эли үчүн тайманбас, коркпос жетекчини тандайт т.а. өздөрү ыраазы болгон жашоо таризин жүзөгө чыгара турган жетекчисин жаркын пикир жардамында айырмалап алат. Албетте, бул жетекчи ушул идеологияны көтөрүп чыккан жамааттын мүчөлөрүнөн болушу табигый. Бирок, ал өзү кабыл алган пикирлерге канчалык берилгендиги, өзү максат кылган жашоо таризин ишке ашырууда канчалык кайраттуу экени Уммат менен иштөө учурунда баарына ачыкталат. Ал пикирий күрөштөн коркпойт, анткени пикирий күрөш – ал үчүн туура жолду табуудагы, Умматты туура жолго жетектөөдөгү негизи. Ал текеберленбейт, акыйкатка каршы чыкпайт, анткени ал үчүн акыйкатка жетүү жашоосундагы максаты, акыйкатты каяктан таппасын, алат. Адамдардын кеп-сөздөрүнө этибар бербейт, бийликтин кысымдарынан коркпойт. Ал идеологиясы-Куръан жана хадиске ишенген момун. Аны – башкарууга келгенден кийин да – өзү көтөрүп чыккан идеология негизинде тергеп-тескешине каршылык кылбайт, балким силер да кабыл алган идеологияны аткарышыма ыраазы болгонсуңар, ошонун негизинде кол беришкенбиз (байъатташканбыз) деп, ар бир ишти идеология негизинде түшүндүрөт. Эгер, ката кылган болсо дароо акыйкатка кайтат. Мындай Уммат алданбайт, жетекчилери да алдабайт. Жада калса, аларды эч ким алдай албайт.
- Диктатура башкаруу – бул башкарууда колонизатор кафирлер алар үчүн малайлык кылган лидерлерди даярдашат, аларды колдоп-кубатташат. Кийин бийликке алып келишет. Мындай башкаруу үчүн аң-сезимдүү калк өтө кооптуу. Ошондуктан, калк ичинен табигый түрдө чыккан аң-сезимдүү уландарга катуу каршылыктар кылынат. Аларды калкка жаман көрсөтүп, эл душманына айлантышат. Мүмкүн болушунча жетик инсан болуп өсүшүнө тоскоолдуктар кылынат, эркинен ажыратылат, өз өлкөсүндө куугунтукталышат. Ошончо кысым-тоскоолдуктарды жеңип өткөндөрдү болсо, өздөрүнүн максаттары үчүн малайлык кылып берүүгө мажбур кылышат. Саткындыкка, малайлыкка ыраазы болушпаса “аварияга” учурайт же “жүрөк оору” менен көз жумушат.
Мындай жетекчилер жашоо таризи кандай болушун билишпейт, ошондуктан талкуудан качышат. Анткени, алар малайлыкка ыраазы болуп, “кожоюндары” менен келишкен, алар кожоюндары буйруган көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн ар түрдүү жолдорду ишке салышат, доомат, жалган, бейкүнөө адамдарды камоо адатка айланат.
Каршылык билдиргендерге да жогорудагы инсандардын күндөрү башына түшөт деп коркутулат. Жада калса, алар өз шериктеринин далысына бычак сайгандар (кидальшиктер). Мисалы: Мирзиёев Каримов өкмөтүндө бирге болгон Иноятов сыяктууларга, Бакиев Куловго, Атамбаев Текебаевге, Жээнбеков Атамбаевге жана башка. Азыр бийлик да бир канча колдоочуларына артынан бычак саюуга үлгүрдү. Бирок, алардын иштери али токтогон жок. Ошондуктан, баары өз тынчтыгын ойлогон өзүмчүлдөргө айланышат. Эч ким акыйкатты айтууга батына албайт. Тергеп-тескөө инсандын түшүнө да кирбейт. Бийликтен отчёт суроону “өзүн сынга таштоого” барабар көрөт.
Бул табигый нерсе же өзгөртүп болбой турган акыйкат эмес, балким болбогур саясаттын натыйжасы, малай бийликтин калкты коркутуусу гана. Анткени, калк чоң күч, ал бир калыс жетекчи негизинде бириксе, эч ким аны жеңе албайт. Муну тарыхтан билсек болот. Азыр да ага күбө болуп жатабыз. Афган калкы Талибан жамаатынын жетекчилиги астында биригип, бүткүл куфр күчүнө каршы тура алды. Дүйнө буга күбө. Же Каракалпакстан эли каршылык кылганда Өзбекстан бийлиги өз чечиминен кайтты. Же Садыр Жапаров бийликке келишине элита, дээрлик бардык партиялар каршы болду. Бирок, Садыр Жапаровду калк колдоду. Калкка каршы тура албастыгын билген лидерлер мунасага барууга же башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болушту. Өзбекстанда да 2005-жылы жазында, Кыргызстан бийлиги алмашкандан кийин «биз да Каримовду кууп чыгарышыбыз керек» деген пикирлер күчөп бара жатканын билген бийлик, жасалма көтөрүлүш уюштуруп, калкты коркууга салып койду. Аң-сезимдүү каршылыкты эч бир күч токтото албайт. Ошондуктан, идеологиясы болбогон жетекчи пикирий талкуудан качат, аны күчөтүүгө тоскоолдук кылат. Азыр да калкта коркуу бар, өз пикирин айтуу оңой эмес, балким каармандык болуп эсептелүүдө. Бийликти тергеп-тескегендер жөнүндө “дух вагон экен”, “жүрөгү тоодой экен” деген сөздөр – бул бийликтер да акыйкаттан качып жатканына, өз калкына саткындык кылып жатканына, башкарууну пикирий эмес, диктатура негизинде башкарып жатканына далил. Ал эми, акыйкатты калкка жеткирмекчи болгондорду болсо камактарга алышып, үнүн басмакчы болушат.
Мурунку бийликтердин доорунда коопсуздук кызматы кылган иштер, ички иштер министрлиги айткан сөздөр азыркы бийликтен да көрүнүүдө. Ошол бийликти алып келгендер “биз Кыргызстанды дүйнөгө шерменде кыла турган, карызга батыра турган, келечегибизди куфрга туткун кыла турган бийликти алып келебиз» деп айтышкан эмес. «Биз улуу Кыргызстанды кура турган, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошо турган бийликти алып келе жатабыз» дешкен. Акыбети баарына маалым, саткындыктарын, малайлыктарын өздөрү жакшы билишкендиктен өздөрү кабыл алган конституцияга моюн сунуунун ордуна, кожоюндарынын коргоосуна качышты. Кошуналардын ахвалы да дал ушундай, «келечеги улуу» деген сөздөрдөн башка кеп жок. Аллах Таала айтат:
وَمَثَلُ الَّذِينَ كَفَرُوا كَمَثَلِ الَّذِي يَنْعِقُ بِمَا لَا يَسْمَعُ إِلَّا دُعَاءً وَنِدَاءً ۚ صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَعْقِلُونَ
“Кафир болгон кимселерди (Туура Жолго чакыруучу киши) кудум доош менен чакырыкты гана угуп, (бирок анын маанисин) түшүнбөй турган, айбандарга кыйкырып жаткан кишини элестетет. Алар дүлөй, дудук, көр. Демек, ой жүгүртө алышпайт”. Бакара сүрөсү. 171-аят.
Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн пикирий талкууну жолго коюу, күчөтүү керек. Айрыкча, жаштар, студенттер пикирий талкууга үндөшү, окуу жайларда, жыйындарда жашоо таризи жөнүндө, идеология боюнча мелдештер уюштурулушу керек. Бул нерсе Умматтын, келечек муундун жетик инсандар болушуна алып барат. Тарыхта абдан көп, дүйнө элдери моюнга алган аалымдар чыккандыгы ошол пикирий талкуулардын күчөгөндүгүнүн натыйжасы. Ушул өлкөлөрдөн аалымдар чыкпастыгы ошол талкууга катуу тыюу салынгандыгы себептүү болууда, анткени пикирий талкуу акылдардын азыгы, акылдарды курчутат, күчөтөт. Акыл Аллах Тааланын улуу ниъматы болуп, ошол себептүү инсандар бардык маклуктардан абзел болушат. Жада калса, периштелердин инсанга сажда кылуусунун себебин да Аллах Таала Бакара сүрөсүнүн 33, 34-аяттарында мындай баян кылат:
قَالَ يَا آدَمُ أَنبِئْهُم بِأَسْمَائِهِمْ ۖ فَلَمَّا أَنبَأَهُم بِأَسْمَائِهِمْ قَالَ أَلَمْ أَقُل لَّكُمْ إِنِّي أَعْلَمُ غَيْبَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَأَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا كُنتُمْ تَكْتُمُونَ
“(Аллах) айтты: “Эй Адам, аларга булардын аттарын атап бер”. Аларга (Адам) аттарын айтып бергенден кийин, Ал айтты: “Мен силерге асмандардын жана Жердин сырларын, ошондой эле силер ашкере жана жашыруун сактаган нерселерди билемин деп айтпадым беле?”, деди”. (Ошону менен адамдын периштелерден үстөмдүк тарабы көрүндү. Ал да болсо, илим негизи болгон акыл ниъматы. Инсан жер жүзүндө бузгунчулук кылышы, кан төгүшү да мүмкүн, ниъмати илахий болгон акылды өз ордунда колдонуп, периштелерден үстөм болушу да мүмкүн).
وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ وَاسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ الْكَافِرِينَ
“Эстечи, Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дешибиз менен алар сажда кылышты. Иблис гана текебердик менен баш тартып, кафирлерден болду”.
Пикирий талкууларды күчөтүүгө саткын, малай жетекчилер, идеологияга ээ болбогон алысты көрө билбеген инсандар каршы чыгышы табигый, бирок жогоруда айтып өткөнүбүздөй, калк менен баары эсептешет, калктын каарынан баары коркот. Ошондуктан, пикирий талкууларга каршы болгондорду куфрдун малайлары, ошолорду максаттарын жүзөгө чыгарып берген саткындар деп карашыбыз, аларды дос деп эмес, эл душмандары деп мамиле кылышыбыз менен алардын каршылыктары жок болот. Пикирий талкуулар күчөшү менен Уммат өзүнө келет. Эгер, пикирий талкууларды күчөтпөсөк, кимде чындык, кимде жалган экенин билбейбиз, жашообуздагы проблемаларды, алардын чечимдерин аңдай албайбыз. Акылыбыз бар, бирок акылсыз айбандардай бизди кайда алып бара жатканын алдын ала билбейбиз, өзүбүздү акылдуу, даанышман көрсөтүүгө урунабыз, бирок айбандар сыяктуу сөздү түшүнбөгөн, келечекти көрбөгөн абалда болобуз. Аллах Таала айтат:
أَمْ تَحْسَبُ أَنَّ أَكْثَرَهُمْ يَسْمَعُونَ أَوْ يَعْقِلُونَ ۚ إِنْ هُمْ إِلَّا كَالْأَنْعَامِ ۖ بَلْ هُمْ أَضَلُّ سَبِيلًا
“Же сен алардын көпчүлүгүн (акыйкат сөздү) уга алышат же түшүнө алышат деп ойлойсуңбу?! (Андай эмес, анткени) алар эч нерсе эмес, бар болгону үй айбандары сыяктуу”. Фуркан сүрөсү. 44-аят.
Муфаккир Муслим