Тунис жана өзгөрүү жараянындагы жандуу күчтөр

208
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис жана өзгөрүү жараянындагы жандуу күчтөр

 Мухандис Висам Атраш

Ар кандай коомдо коомдогу адамдарды бири-бирине байлап турган жана коомдогу пикирлер, туйгулар, өлчөө жана ишенимдерде көөдөлөнгөн туруктуу мамилелерди өзгөртпөй туруп өзгөрүү жасоо мүмкүн эмес. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ اللهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾

«Аныгында бир коом өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт»

                                                                                                                                   [13:11]

Ошондуктан, исламий коомду куруу үчүн албетте исламий пикирлер, исламий туйгулар, исламий өлчөөлөр жана исламий ишенимдерди пайда кылуу жараяны болуп өтүшү керек. Алар колонизаторлор орноткон Батыш түшүнүктөрүнүн о.э. Исламга бүтүндөй алакасы жок жат сакафат жана өлчөөлөрдүн ордун ээлеши керек.

Бул нерселер ишке ашышы үчүн өзгөрүү пикирлерин көрсөтүүгө жана өз айланасында коомдук пикирди пайда кылып, адамдардын ишенимдерине, канааттанууларына жана кадыржамдыктарына ээ болгон жетекчилик шарт. Ошондо гана Ислам пикирий жетекчиликке айланып, жетектөөчүлөр жана жетеленүүчүлөрдү бириктирет, мыйзам – илманий мамлекеттерде болуп жаткандайсөздөрдө гана эмес, иш жүзүндө баарынан үстөм болот. Бул илманий мамлекеттер мамлекет жана коомдун иштерин Аллах ыраазы боло турган таризде көзөмөлдөп тартипке салуучу акыйдадан келип чыккан түшүнүктөрдү жана шаръий өкүмдөрдү жок кылуу үчүн болгон күчүн аябай аракет кылат.

Ушул себептен улам, даъватты көтөрүп чыккандар элдин колдоосун алуу менен бирге, өзгөрүү жараянында жандуу күчтөрдүн ролуна көңүл бурушу керек. Ислам байрагын көтөрүп чыккандар жана өзгөрүү ишине жетекчилик кылып жаткандар Расулуллах дын өзгөртүүдөгү жана Ислам мамлекетин тикелөөдөгү тарыйкатынан үлгү алышса, ушуларды ишке ашыруулары керек: өзгөрүү жараянында этибарды катардагы адамдарга гана каратпасын, уюм түзүп, элдин колдоосун жаратууга жана кеңейтүүгө гана этибар берип калбасын. Алар менен катар, коопсуздук, армия кызматкерлери, мыйзам чыгаруучу жана башка активдүү күчтөрдү да өзгөрүү жараянына кошсун. О.э. бул жараянда Умматка өз бийлигин кайра алып берүүгө, шариятын тикелөөгө жана учурдагы режимдердин урандылары үстүндө Умматты бир вужудда бириктирүүгө кудуреттүү кишилерден нусрат талап кылууга да көңүл бурушсун.

Ислам негизинде өзгөрүү жасоо коомдун негиздерине жана аң-сезим борборлоруна көңүл бурууну, муну менен параллель түрдө элдин колдоосун тартипке салууга да этибар берүүнү талап кылат. Себеби, коомдогу жандуу жана активдүү күчтөр кудум организмдин негиздери сыяктуу… Алар бүткүл организмди мээ көрсөткөн тарапка аракеттендирет. Ушул жерде аң-сезимдүү саясий жетекчилик коом организми үчүн кудум мээ сыяктуу болот.

Туура, бул залим падышалыктын акыркы доорундагы азыркы көрүнүш түрдүү күчтөр регионалдык илманий мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колонизатор күчтөр менен бир сапта турганын көрсөтөт. Бирок, коомдогу жандуу күчтөрдүн маңызына терең назар салсаңар, бул колонизаторлор Ислам жана мусулмандарды катуу жек көргөн, чет мамлекеттердин элчиликтерине чөгөлөгөн эң арамза жүзү кара адамдарды өкүл кылганына күбө болосуңар. Колонизатор бул адамдарга жогорку сыйлыктарды, мамлекеттеги стратегиялык кызматтарды берип, башкаруу жана мыйзам чыгарууда биринчи сапка ушуларды койгонун көрөбүз. Негизи, алар жыйырманчы кылымдын башында кылым кылмышкери Мустафа Кемал башчылыгында Халифалык мамлекетин кулаткандан бери ушундай кылышууда. Бирок, бул абал садык саптагы активдүү күчтөрдү Ислам негизинде олуттуу өзгөрүү жасоо милдетинен бошотпойт. Тескерисинче, бул абал Ислам менен өзгөрүү жараянын аяктоого түрткү болот, үмүтсүздүк жана көңүл коштукка себеп болбойт. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّهُ لاَ يَيْأَسُ مِن رَّوْحِ اللَّهِ إِلاَّ الْقَوْمُ الْكَافِرُونَ﴾

«Анткени, Аллахтын рахматынан кафир коом гана үмүтсүз болот»                             [12:87]

Азыркы түзүмдүн башында отурган пикирий жана мыйзамчылык системасы коррупциячыл экенине күмөн калбады. Саясий, экономикалык, социалдык жана ахлакый паракордуктун бардык көрүнүшү коомубузда кеңири жайылган… Ал тургай, адилетсиздик жеңишке жетип, коррупция көчөлөрдө, базарларда ачык жүргөн, эч ким аны кайтарбаган абалга келди. Ошондуктан, Ислам негизиндеги аткаруучу бийликти тикелөө эч бири калбай баарынын мойнундагы фарз болушунан тышкары, саясий төмөн абал талап кылып жаткан зарыл муктаждыкка айланды. Аллах Таала айтат:

﴿وَاعْتَصِمُواْ بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعاً وَلاَ تَفَرَّقُواْ﴾

«Бардыгыңар Аллахтын арканына байлангыла жана бөлүнбөгүлө»                                [3:103]

Ошондуктан, Ислам сакафатында толуп ташкан фикх жана мыйзам чыгаруу байлыгынан кеңири пайдалануу эң маанилү милдет болуп, элита, адвокаттар, судьялар жана юстиция профессорлору сыяктуу укук жана пикир ээлери ушул байлыктар менен куралданышы керек. О.э. Умматтын нусраттар менен толуп ташкан жана жеңиштерге бай тарыхын о.э. улуу жолбашчылар жетишкен, улуу тарыхтын жаркыраган барактарындагы жетишкендиктерин эске алуу керек. Ал тургай, өлкөлөрүбүздөгү куралдуу күчтөрдүн офицерлери, командачылары, жогору чин ээлери жана бардык күч-кубат ээлери ушуну көз алдына келтириши керек, күрөшүү жана анын жолунда шейит болууга ылайык аскерий доктрина ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах доктринасы болуп, биз ушуну менен тирүүбүз, ал үчүн курман болобуз, анын жолунда жихад кылабыз, Кыяматта аны менен тирилебиз, инша Аллах. Алар фатихтер жана мужахид жетекчилерден турган ата-бабаларыбыз амал кылган шаръий өкүмдөрдү кантип бүгүнкү абалыбызга түшүрүү керектигин пикирлешсе о.э. ата-бабаларыбыз сыяктуу тарыхтын агымын кайра өзгөртүү үчүн аларды окуп-үйрөнүп, үлгү алышса, ошонун өзү жетиштүү. Анткени, Ислам душмандарга коркунуч салган ташриий күчкө ээ болуп, анын айбаты жана кайраты болушу керек. Бул болсо, турмуштун бардык тармактарында адамдардын иштерине камкордук кылган жана ар бири өз укугу алкагындагы милдетин аткарган мамлекет менен гана ишке ашат. Бул эле эмес, ал тургай, фикхий, пикирий, саясий жана илимий чөйрөлөрдү да жандандыруу шарт. Муну менен, пикирлөөнүн негизи, жашоо таризинин тартиби жана өзгөрүү компасын белгилөөчү Ислам болсун.

Тыянактап айтканда, Батыш алдоо жана өзгөрүү жараянынан адамдарды адаштыруу үстүндө катуу иштеп жатат. Анын каражаттарынын бири күрөштү адамдарга чектөө. Т.а. бийлик, эски режимдин өмүрүн узартуу жана ага кошумча доза берип, көбүрөөк мыйзам чыгаруу менен камсыздоо аркылуу кулоодон сактап калуу үчүн жасалма күрөшкө чектөө. Негизи, кризис кызматташуу үчүн бири-бири менен жан алып-жан берип атаандашып жаткан ушул түзүмдү колдонуудан келип чыкты… Негизи, бул кылмыш үстүндөгү кызматташтык болуп, бул кылмыш Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка нерселер менен өкүм жүргүзүү кылмышы!

Демек, бул өзгөрүү жолунда жүргөн адамдар төмөндөгү бир нече иштерди аң-сезимдүү түрдө билип алышсын:

Биринчи: бүгүнкү күндө түпкү өзгөрүүгө умтулуу-кызыгуу акыйкат. Массалык маалымат каражаттары аны канчалык жашырууга урунушпасын, ал Умматтын жүрөгүндө жашынган жана эч бир тарап аны сууруп ала албай турган умтулуу-кызыгуу.

Экинчи: учурдагы режимдерди кулатуу саясий жактан мүмкүн нерсе. Бул үчүн анын себептери табылса жана активдүү күчтөр туура багыт менен өз жетекчилигинин айланасында бириксе, жетиштүү. Ал эми, эгер бул нерселердин ишке ашышы кечиксе, мунун Аллах Субханаху ва Тааланын Өзүнө гана белгилүү болгон бир хикматы болот.

Үчүнчү жана эң маанилүүсү: нусрат Аллах Тааланын колунда жана бул мусулмандардын ишеними. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِندِ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ﴾

«Нусрат күч-кудурет жана дааналык ээси болгон Аллахтын алдынан келет»                 [3:126]

Демек, бизден биз өкүмдарлык кылган чөйрөдөгү себептерди кармоо жана муну кандай аткаруу үстүндө изденүү талап кылынат. Натыйжага болсо, Аллах Өзү кепил. Ал айтат:

﴿أَلَيْسَ اللَّهُ بِكَافٍ عَبْدَهُ وَيُخَوِّفُونَكَ بِالَّذِينَ مِن دُونِهِ﴾

«Аллах Өз пендесине жетээрлик эмеспи?! Алар сени (Аллахтан) башка нерселер менен коркутушат»»                                                                                                              [39:36]

 

Роя гезити, №394, 2022-жыл, 8-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here