Куддустагы байрактар маршы

186
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Куддустагы байрактар маршы

 

Доктор Ибрахим Тамимий

Хизб-ут-Тахрир – мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Колонизатордун майрамы колония кылынгандар үчүн балээ-мусибат дешет. Яхудий вужуду колонизатор. Демек, анын майрамы да, ырасымы да Фалестин маселеси жана Ислам Умматынын башына түшкөн балээ. Байрактар маршы деген нерсе да ушул балээлердин бири болуп, яхудийлер аны ар жылы «Куддус биримдиги» күнү катары белгилешет жана өздөрүнүн улуттук майрамы деп билишет. Алар бул күндө Куддус шаарын көзөмөлгө алууга жетишкенин жана анын чыгыш бөлүгүн, өзгөчө, Акса мечити менен байыркы шаарды басып алышканын майрам катары белгилешет. Бул нерсе 1967-жылдагы жасалма июнь согушунда ишке ашкан.

Яхудийлер бул ырасымды «байрактар маршы» деп аталган жүрүш аркылуу ондогон жылдардан бери бегилеп келишет. Ушул аркылуу өз өкүмдарлыгын жана таасирлерин текебердик менен көрсөтүп, адатта байыркы шаардын дарбазаларынын экөөсүнөн: Халил жана Жадид дарбазаларынан өтүп, Амуд дарбазасына чейин жүрүш кылышууда. Белгилүү болгондой, Амуд дарбазасы Куддустун бекем жана катъий мурабит калкы тарабынан каршылык көрсөтүлүп жаткан жана туруктуу карама-каршылык болуп жаткан жер. Ал жердеги тосмолор куддустуктар жана аларга жардам берген Фалестин калкынын маршка каршылык кылышын алдын алуу үчүн полиция тарабынан орнотулган.

Бул марштар, айрыкча, акыркы жылдарда жүз берген саясий өзгөрүүлөр ушул баскынчы яхудийдин пайдасына кызмат кылат. Кошмо Штаттардын Куддус шаары яхудийлердин борбору деп жарыялап, өз элчилигин ошол жерге көчүрүшү, Акса мечитин үч диндин ыйык жайы деп этибар кылышы, араб мамлекеттери яхудийлер менен эч бир каршылыксыз мамилелерди нормалдаштырышы жана Фалестин администрациясынын инвестиция долбоору ушул өзгөрүүлөргө кирет. Негизи, бу инвестиция долбоору жеке киреше көбөйтүү жана ар нерседен, ал тургай, Фалестин маселесинен аста секин баш тартуу дегени. Учурда яхудийлердин оң канат топторунун колдоосу күчөп, алардын партиялары өкмөт жана оппозиция үстүнөн көзөмөл орноткон…, алар өз аудиторияларын канааттандырууга умтулушууда, Акса мечитин бөлүү жана айтылган ибадатканаларын куруу сыяктуу тоороттогу куру кыялдарын ишке ашырууга урунушууда… Мына ушундай абалда ушул өзгөрүүлөр этибарынан, байрактар маршы жаңы абалды зордоп орнотуу жана Акса мечити менен Куддус шаарына тиешелүү пландарды кеңейтүү үчүн саясий куралга айланды. Сулайман ибадатканасын куруу менен алектенген топтор бул жылы мечитке ири санда бастырып кирүүнү, ушул аркылуу яхудий байрагын көтөрүп, улуттук гимнин ырдашып, ачык жамаий ибадаттарын аткаруу, кийин түштөн кийин байрактар маршына катышуу планы боюнча аракет кылышууда.

Шексиз, бул марштар бардык шарттары, ырасымдары жана жолдору менен Куддус шаарын яхудийлештирүүнү жана Акса мечитин заман жана мекенге ылайык бөлүүнү зордук менен ишке ашыруу сыяктуу уланып жаткан амалияттардын бир бөлүгү. Айрыкча, яхудийлерге караштуу магистратура соту марштан болгону бир нече күн мурда токтом чыгарды. Токтомдо келгинди яхудийлерге дээрлик ар күнү болуп жаткан бастырып кирүүлөр негизинде өздөрүнүн талмудий ибадаттарын жана «рукуларын бийик үндө аткарууга уруксат берилген. Токтомдо келген «йашмо ясроил» сөзү «ук эй израиль» дегенди түшүндүрөт о.э. мечит ичинде «руку» кылышы кылмыш эсептелбей турган амал экендиги баса белгиленген. Өткөн жылы сот «шыбырап окулуучу ибадат» деген нерсеге уруксат берген. Булардын баары мечитти бөлүү амалиятына чөйрө даярдоо үчүн кылынууда. Бул аракеттер яхудийлердин борбордук сотунун токтомунун маңызын эч качан өзгөртпөйт. Т.а. борбордук сот келгиндилерге ибадат кылууга уруксат берген магистратура сотунун токтомун бекер кылышы эч нерсени өзгөртпөйт.

Ооба, бул марштан жаңы абалды зордоп тыгыштыруу үчүн пайдалануу яхудий вужудуна кызмат кылат жана мунун коркунучу чоң. Ал эми, байрактар маршынын чоо жайына, маршрутуна жана мусулман көчөлөргө кирүү-кирбешине баарынын көңүл-этибарын каратуу, бардык жакта ушуну сүйлөө, бул медия бороону болуп, мында түпкү мусибат жашырылууда. Түпкү мусибат ушул баскынчы вужуддун мубарек Фалестин жеринде турушу. Бул медия бороонунан коомдук пикирди, айрыкча, Фалестиндин сыртындагы коомдук пикирди алек кылып, бул кыйроонун көлөмүнө бүтүндөй таасир кылбай турган экинчи даражалуу нерселер менен чалгытуу көздөлгөн. Акыры, мубарек жердин бир бөлүгү басып алынышынын өзү мусибат… Ушундай болгон соң, бүткүл жер басып алына турган болсо, бул кандай мусибат болот?! Акса мечити дээрлик ар күнү тебеленип жаткан болсо, ал тургай, тебелеп жаткан келгиндилердин саны өткөн жылы 34 миңге жеткен болсо, бул кандай мусибат болот?! Абал ушундай бир даражага жетти, бул келгиндилер мечиттин майданында өздөрү айткан ибадатканаларына байланыштуу тоорот сабактарын жана миссияларды уюштуруп жатышат…, раввиндери кыз баланын жана уул баланын балагатка жетишин белгилөөчү, нике ырасымын белгилөөчү майрамдарды уюштурушууда… Анын үстүнө тоороттун тексттерин кыраат кылып, ал тургай, ибадаткана куруу максатында топ Акса ичинде (тоороттогу ырасымдардан болгон) сурнайларын ойноо менен сыймыктанып жатышат жана бул Куддус басып алынгандан бери биринчи ирет болууда… Ал тургай, өз майрамдары себептүү пальма бутагын мечитке алып киришти, Акса мечитинин майданында яхудий вужудунун байрагын көтөрүп жүрүштү…

Шексиз, Фалестин калкы яхудийлердин кекиртегине сайылган сөөк. Алар баскынчылык астында болушуна карабастан, Акса мечитин жана Куддус шаарын коргошууда, кээ бир абалдарда яхудийлердин жийиркеничтүү пландарын өзгөртүүгө, кээ бирөөлөрүн артка сүрүүгө мажбур кылышууда. Ал эми, түпкүлүгүндө, бул Фалестин калкыбыз алсыз, жардам берүүчү Умматка, душмандарын талкалоочу армияларына муктаж болуп турушат. Яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруучу малай режимдерге тарапкер медия болсо муну ачыктоону каалабай жатат, чоо жайына, Фалестин калкынын иштерине жана бүтүндөй Умматты убара кылуучу бардык нерселерге көңүлдү каратып, аткарылышы шарт болгон милдеттерден адаштырууга урунуп жатат.

Мындан кантип кутулуу мүмкүн? Саткындык, малайлык кайдан чыгып жатат? Бул нормалдашуучу режимдер каршысында эмне кылуу керек? Эгер, бул жана башка суроолор жана саясий пикирлер Умматка таасир кылса жана аракетке келтирсе, бул яхудий вужуду үчүн да, Батыш жана ири мамлекеттер үчүн да балээнин чоңу болот.

Кыскасы, бул байрактар маршы саткын жана нормалдашуучу режимдердин бешенесиндеги шерменделик тамгасы. О.э. бул марш Акса мечити баскынчылыгы мусибатын Ислам Умматына ар жылы эстетип жаткан сокку. Бул сокку Иорданиядагы саткын режимдин Аксаны кантип сатып жибергенин, муну ошол убакта Британиянын бир мамлекеттин чечими деген тынчтык долбоору жана планына кызмат кылуу үчүн сатканын эске салат. Акса мечити Ислам Умматына кайрылып, зордукчул-текебер яхудий вужудунан о.э. Куббаи Сахраны бузуп, өздөрү айтып жаткан ибадатканаларын курууну арзуу кылып жаткан келгинди яхудийлерден куткарууну талап кылууда, буга кудуреттүү Ислам Умматы экенин, себеби, ал вахий менен мукаллаф тарап экенин баса белгилеп жатат. Аллах Таала айтат:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ إِلَّا عَلَى قَوْمٍ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُم مِّيثَاقٌ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ﴾

«Эгер, алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда. Бирок, аларга, ортоңордо (согушпастык жөнүндө) убада-шерт болгон коомго зыян келтирүү менен жардам кылбайсыңар. Аллах кылып жаткан ишиңерди көрүп турат»                                             [8:72]

 

Роя гезити, №394, 2022-жыл, 8-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here