АКШда инфляция күчөп жатат

182
0

АКШда инфляция күчөп жатат

АКШ Эмгек министрлиги июнь айына карата инфляциянын деңгээли тууралуу маалыматты жарыялады. Министрликтин билдиришинче, америкалык керектөөчүлөрдүн чыгымдары июнь айында мурунку айга салыштырмалуу 1,3 пайызга көбөйгөн. Жылдык инфляцияын көлөмү болсо, 9,1 пайызга өсүп, акыркы 41 жылдын ичиндеги эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.

Билдирүүдө айтылышынча, бензин, азык-түлүк жана турак-жай бааларынын өсүшү инфляциянын күчөшүнө таасирин тийгизүүдө. Энергия бааларынын өсүшүнө таасирин тийгизген бензиндин баасы июнь айында өткөн айга салыштырмалуу 11,2 пайызга көтөрүлгөн болсо, былтыркы жылга салыштырмалуу 59,9 пайызга көтөрүлгөн.

АКШдагы инфляция жөнүндө президент Жо Байден да билдирүү таратты. Ал: “Бүгүнкү күндө негизги темага айланган инфляция көрсөткүчтөрү кабыл алынгыс деңгээлде жогору”, – деди. Инфляция эң маанилүү проблема экендигине басым жасаган Байден, бул абал дүйнөнүн дээрлик ар бир мамлекетине таасирин тийгизип жатканына көңүлдү бурду. Байден, бензиндин баасын төмөндөтүү үчүн колунан келген ишти кыларын баса белгилеп: “Менин негизги милдетим инфляцияга каршы күрөшүү. Баалар көтөрүлүшүн көзөмөлгө алуу үчүн тезирээк жана көбүрөөк утуштарга жетишүүбүз керек”, – деп кошумчалады.

Комментарий: Америка 1991-жылы Советтер Союзун кулаткан соң, дүйнөгө эч кандай атаандашсыз жалгыз өзү өкүмдар болуп калды жана дүйнө жүзүнө өзүнүн саясатын өкүмзордук менен өткөрө баштады. Мындан тышкары, ар түрдүү алдоо, баскынчылык, бойкот кылуу, соода согушу жана экономикалык көзөмөл аркылуу дүйнөлүк экономикага өкүмдарлык кылды… Кыскасы, ал жетекчи мамлекет катары Чыгышта да, Батышта да саясий майдан жаратууга кудуреттүү бирден-бир дүйнөлүк күчкө айланды.

Мындай абал 2003-жылга чейин уланды. Кичүү Буш 2003-жылы Иракка каршы согуш ачкандан кийин АКШ тездик менен жана кеңири масштабда кулай баштады. Ирак маселесин изилдөө боюнча түзүлгөн атайын топ 2006-жылы «Ирактагы кырдаал өтө кооптуу жана кайгылуу…» экендигин жарыялады. Америка Афганистанда дагы да чоңураак кризиске дуушар болду жана абалы Ирактагыдан да начарлады. Ал күчтүү аскерий кубатка ээ болушуна карабастан, ийгиликке жете албады. АКШ тышкы мамилелер кеңешинин мурдагы төрагасы Ричард Хаас Американын региондогу кубаты начарлап жатканын баса белгилеп, “биз бүгүн эң көп башаламандык жана проблемалар дүйнөсүнө кирип калдык, Жакынкы Чыгыш эң туруксуз регионго айланды, бул иштерди башкарууда АКШнын кубаты бир топ азайды” деген эле. 2008-жылы АКШнын улуттук разведка кеңеши Американын дүйнөдөгү кудурети алсырап бара жатканын алгачкы жолу моюнга алды. О.э.  көптөгөн адистер да Американын кризиске жүздөнүшүнө же кыйроого учурашына ишара кылышты.

Бүгүнкү күндө Америка экономикасында катуу силкинүү пайда болушу анын талкаланышына себеп болушу мүмкүн. Себеби анын экономикасы алсыз жана начар негизге курулган. Бир нече экономикалык адистер, эгер Американын ичинде күчтүү экономикалык силкинүү жүз берсе, ал силкинүү анын кулашына себеп болорун же Советтер Союзу сыяктуу штаттарга бөлүнүп кетерин айтышкан.

Мындан тышкары, учурда Американын ички проблемалардан башы чыкпай калган. Бир нече штаттардын өз алдынча болууга аракеттенип жатышы да ушулар түркүмүнөн. О.э. Америка коомунда ак түстүүлөр менен кара түстүүлөр ортосунда жана түпкү теги америкалыктар менен келгиндер ортосунда о.э. байлар менен кембагалдар ортосунда өтө чоң ажырым бар. Ушундай болгон соң, экономикалык силкинүү сыяктуу иштердин бул ажырымды ого бетер күчөтүп жибериши анык. Ошондуктан, дүйнөлүк өзгөрүүлөр жүз бериши о.э. учурдагы мамлекеттердин саясий жана географиялык курамында өзгөрүүлөр болушу ыктымалдан алыс эмес.

Бүгүнкү күндө Америка жетекчилигиндеги Батыш цивилизациясы кулап жатканы бүт дүйнөгө белгилүү болуп калды. Бул жерде эң маанилүүсү – Америка менен идеологиялык жактан атаандаша ала турган жана аны саясий сахнадан сүрүп чыгарып таштай турган чыныгы атаандаштын пайда болушу. Америка да, Батыш мамлекеттери да мына ушундан катуу тынчсызданууда. Себеби, бул Америкага кошулуп Батыш цивилизациясы да кулашын түшүндүрөт. Ал атаандаш – Ислам мамлекети тикелениши менен майданга чыга турган – Ислам цивилизациясы. Ошондуктан да Батыш АКШ башчылыгында ар түрдүү жолдор жана айла амалдар аркылуу анын тикеленишинин алдын алуу үчүн күнү-түнү тыным билбестен аракет кылып жатат. Бирок, Аллахтын убадасы жана Расулуллахтын башараты албетте жүзөгө чыгат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here