Дональд Лу Кыргызстанга келди

186
0

Дональд Лу Кыргызстанга келди

 Кабар: Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-майда Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолукту. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, тараптар кыргыз-америка аралык алака-катыш, кызматташтыкты, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашкан.

“Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленип, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды. “С5+1” платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты”, – деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

 Комментарий: Кечээ күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталарын билдирген эле. Жапаровдун билдирүүсүнөн 4 күн өтпөй АКШ чиновниги Дональд Лу расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Белгилүү болгондой, азыр Россия экономикалык жана саясий жактан эл аралык коомчулукта жекеленип, Украина проблемасы менен алек болуп калды. Ал азыр башка колонияларына саясий тараптан да, экономикалык тараптан да көңүл бура турган абалда эмес. Россиянын бул абалынан пайдаланып калууга аракет кылган башка колонизаторлор региондогу мамлекеттер үстүндөгү күрөшүн күчөтүүдө. Учурдан пайдаланган Кытай көптөгөн жылдардан бери Россия тоскоолдук кылып келген темир жолдун курулушун эртерээк баштоого умтулуп, ушул аркылуу экономикалык экспанциясын кеңейтүүгө аракет кылууда. Кытай азырынча региондо экономикалык мамилелер менен чектелип турат.

 Ал эми АКШ болсо Россиянын региондо алсырап бара жаткан таасиринин ордун Кытай ээлеп алышына жол бербестик аракетин көрүп жатат. Америка региондогу саясий жана экономикалык таасирин кеңейтүү үчүн расмий адамдарын кайра-кайра жөнөтүүдө. 16-майда Ашхабадда болуп өткөн брифингде АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Дин Томпсон АКШ Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты өнүктүрүүдөн үмүттөнүп жатканын о.э. алардын суверенитетин, экономикалык мүмкүнчүлүгүн жүзөгө чыгарууну колдоо ниетинде экендигин билдирген.  Ал ошондой эле Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.  23-майда Дональд Лунун Борбор Азия турнеси башталды. Дональд Лу 23-27-май күндөрү “регион менен мамилелерди бекемдөө”максатында Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанга сапар кылат. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде “жалпы баалуулуктарды” колдоо, жергиликтүү маданият, аялдардын укуктары, экономикалык жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыктар бар. Америка региондо экономикалык эле эмес, саясий жана аскерий таасирин да кеңейтүүгө аракет кылууда. Тажикстанга экономикалык жардамдан тышкары, чек ара көзөмөлүн күчөтүү үчүн “Пума” үлгүсүндөгү учкучсуз башкарылуучу учактарды берерин билдирген болсо, Өзбекстандын чек ара кызматына жалпы баасы 2 миллион 250 миң доллар болгон 50 даана “Toyota Hilux” жана “Fortuner” автоунааларын тапшырды. Россия алдан тайып барган сайын Кытай менен АКШнын регион үстүндөгү күрөшү күчөй берет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here