АКШ Кытайга карата провокациясын улантууда

236
0

АКШ Кытайга карата провокациясын улантууда

Украинада провокациялык аракеттеринин артынан Орусиянын согуш ачуусуна жетишкен АКШ Кытайга карата провокациясын да Тайвань маселесин козгоо менен улантууда. Кытай Тайванга кол салса, АКШ бул аралга аскерий жардамды убада кылат. Бул тууралуу АКШ президенти Джо Байден Токиодо Япония премьер министри Фумио Кишида менен жолугушуу учурунда билдирди.

Байдендин айтымында, Тайванга бериле турган аскерий жардам АКШнын бир милдети. Кытайдын Тайванды басып алуусу Украинадагыдай эле аймакта туруксуздук чыгарат. Путиндин Украинадагы варварлыгына каршы жооп алуусу Кытайга да белги болушу маанилүү. АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин Байдендин билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Америка Кытай менен «Бирдиктүү Кытай» саясатын сактай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Тайвань 1949-жылы коммунисттердин ички согушунан улам Кытайдан бөлүнүп чыккан. Кытай бул аймакты керек учурда аскердик басым менен болсо да өзүнө толук кошулуусу керек болгон провинция деп эсептейт.Ал эми, АКШ 1979-жылдан бери бул аймакта Кытайдын бийлигин таанып келет. А бирок, Байден 23-майдагы билдирүүсүндө бул Кытай Тайванды күч менен басып алууга жол бербей турганын белгиледи.

Кытай Тышкы иштер министри Ван Вэньбинь АКШнын бул багыттагы провокациялык билдирүүлөрүнө жооп кылып, “Кытай элинин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо жөндөмүн баалабай коюуга болбойт “, – деп билдирди.

Кытайдын акыркы жылдардагы экономикалык жана технологиялык жактан тездик менен өнүгүүсү АКШнын аймактагы таасирине зыян жеткирүүдө. Мындан улам, эл аралык абалдагы биринчи макамын сактап калуу үчүн аймакта туруксуздук болуусуна кызыктар. Америка Украина кризисин да Европа менен Орусиянын аймактагы таасирин сындырып, өзүнүн дүйнө үстүндөгү лидерлигин сактап калуу үчүн чыгарган эле.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here