Жапаров менен Мирзиёев Борбор Азия өлкө башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусуна даярдык маселелерин талкуулашты

156
0

Жапаров менен Мирзиёев Борбор Азия өлкө башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусуна даярдык маселелерин талкуулашты

 Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 19-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргызстан президентинин маалымат кызматы анда эки тараптуу мамилелер, салттуу достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланганын билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык кызматташтык активдешип, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулаганын белгилешкен.

“Жапаров менен Мирзиёев мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту”, – деп айтылган маалыматта.

 Президенттер Борбор Азия өлкө башчыларынын кезектеги консуьтативдик жолугушуусунун күн тартибин ар тараптуу даярдоо маанилүү экендигин белгилешти.

 Комментарий: 2018-жылы Астанада Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин демилгеси менен Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу уюштурулду. 2019-жылдын жаз мезгилинде Ташкентте Борбор Азия өлкө башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуу болуп өттү. Жолугушуудан кейин АКШ мамлекеттик катчсынын Чыгыш жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Элис Уэллс Ташкентте болуп өткөн Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусун алкыштаган. АКШнын ошол кездеги Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм болсо: “С+1” жакшы, бирок, С5 эч кандай кошумчасыз андан да жакшыраак! Өзбекстандын аймактык кызматташтык тармагындагы жетекчилиги мактоого татыктуу”, – деген.

Белгилүү болгондой, Борбор Азия мамлекеттеринин интеграциялашуу аракеттери АКШнын кызыкчылыктарына туура келет. Ал “С5+1” форматынан Борбор Азия мамлекеттерин Афганистан аркылуу дйнөлүк базарга алып чыгууну жана ушул аркылуу бул региондун саясий-экономикалык кызыкчылыктарына ээ болууну көздөйт. Ушул максатта 2021-жылдын 15-16-июль күндөрү конференция өткөрүлүп, анда региондогу мамилелерди бекемдей турган “Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун курууга чакырыктар болду. АКШ бул кызыкчылыктардан тышкары региондо Кытайга карши маанайды күчөтүү жана Россиянын таасирин чектөө үчүн олуттуу аракет кылууда.

Россия региондо таасирин сактап калуу үчүн КМШ, ЖККУ, ШКУ жана ЕАЭБ уюмдарынан пайдаланып келе жатат. Бирок, азыркы саясий, экономикалык жана аскерий абалында регионго АКШ жана Кытайдын кирип келишине олуттуу каршылык көрсөтө албайт.

Кытай болсо региондо мурдатан калыптанган кеңейүү саясатын жүргүзүүдө. Ушул максатта региондогу мамлекеттерди карыздар менен кишендеп алууда. Акыркы кездерде ШКУдагы таасирин күчөттү жана Борбор Азияда экономикалык эле эмес, коопсуздук тармагындагы кызыкчылыктарын да ишке ашыра баштады.

Жогорудагы жолугушуу экономикалык жактан региондогу мамлекеттерге пайдалуу болушу мүмкүн. А бирок, бул кызыкчылыктар алгач колонизатордун жана эл аралык саясатта таасири бар мамлекеттердин кызыкчылыктарына туура келиши керек. Антпесе, түзүлгөн келишимдер кагазда кала берет. Ошол себептен, регионду бириктирүү үчүн алгач үстүбүздөгү эл аралык куфр түзүмүнө кашы тура алуучу идеологияга ээ болушубуз керек жана аны коомчулукка жеткирүү талап кылынат. Мындай кубатка ээ идеология Исламда гана бар. Демек, Ислам көлөкөсүндө биригүүдөн башка ураандардын бардыгы  малайлыктан башка нерсе эмес!

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here