Имран Хандын кызматтан четтетилишинин себептери

160
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Имран Хандын кызматтан четтетилишинин себептери

Устаз Билал Мухажир

Пакистан парламенти 2022-жылы 3-апрель күнү премьер-министр Имран Ханды кызматынан бошотууну макулдады. Өкүлдөр палатасынын спикеринин айтымында: «Оппозициячыл партиялар Имран Ханга ишеним билдирбөө үчүн 174 добуш берип, 342 депутаттан түзүлгөн парламентте көпчүлүк добушка ээ болушту… Оппозиция ушул аркылуу аны мамлекеттин иштерин башкарууга жөндөмсүз деп айыптады. Себеби, анын доорунда жумушсуздуктун деңгээли көбөйдү жана инфляция жогорулады». Оппозиция көрсөткөн себептерге карабастан, ар кандай оппозиция үчүн Имран Ханды иштен четтетүүгө мүмкүнчүлүк берген башка миңдеген себептер бар. Анын себеби Имран Хандын өзүнө же анын жаңы түзүлгөн партиясына байланыштуу эмес. Исламды адамдардын жашоосунан четтеткен бузгунчу илманийликке негизделген түзүмгө байланыштуу. О.э. башка капиталисттик түзүмдөргө, мисалы, экономиканы алдан тайдырган сүткордукка негизделген капиталисттик экономикалык түзүмгө жана бир топ батышчыл жемкор саясатчылар башкарып жаткан демократиялык башкаруу түзүмүнө байланыштуу. Батышчыл коррупционер саясатчылардын Пакистандагы Батыштын кызыкчылыктарына кызмат кылуудан жана Исламды бийликке алып келбөө менен Батышты кадыржам кылуудан башка иши жок. Алар бул иштерди бийлик башында калуу жана өлкө байлыктарын талап-тоноо акысына кылышууда. Индия жарым аралын Британия колония кылганы үчүн Пакистандагы саясий чөйрөнүн тамыры Британияга барып такалат. Саясий чөйрөдөгү коррупционерлер үчүн Британия эшиктери дагы эле ачык, алар ал жерге кудум өздөрүнүн ыйык үйүндөй барышат. Бирок, бул нерсе алардын Британияга малай экендиктерин түшүндүрбөйт, негизи, саясий чөйрө, улам-улам алмашып жаткан өкмөттөр жана армия Америкага малай. Саясий чөйрөнүн Британия менен болгон мамилеси Индия жарым аралын англистер басып алган доордун табигый уландысы гана. Бул абал Британияда узак жыл жашап, Британия аристократ үй-бүлөдөн болгон англис аялга үйлөнүп, андан эки уулду болгон Имран Ханга да тиешелүү.

Имран Ханды кызматтан четтеткен Пакистандын учурдагы өкүмдары – армия. Себеби, 2018-жылы шайллоодо шайлоону бурмалоо аркылуу Имран Хандын жеңишке жетишине мүмкүнчүлүк жараткан да, анын «Адилет жана Аракет партиясын» түзүүгө жардам берген да армия болот. Армиянын мындан көздөгөн максаты – саясий партияларды, негизинен, Мусулман Лигасы партиясын-Наваз канатын о.э. Пакистан Элдик партиясын «тартипке чакыруу». Бул партиялар тартипке салынып, ага толук моюн сунууга даяр экендиктерин билдиришкен соң (кудум Мусулман Лигасы партиясынын лидери жана Наваз Шарифтин иниси Шахбаз Шариф армиядан жардам алышын ачык айткандай), армия Имран Ханды орто жолдо таштап, өлкө иштерин армиянын саясатына ылайык – т.а. Американын кызыкчылыктарына ылайык – башкара турган саясатчыларды алып келди. Имран Хандын Пакистандагы саясий чөйрөнү жана жетекчиликти көзөмөлдөй албагандыгынын себеби – ал ушул саясий чөйрөнүн бир бөлүгү болбогондугу жана өлкөдөгү экономикалык иштерди – өзгөчө коронавирус пандемиясы убагында – башкара албагандыгы… Армия командачысы өз укуктары узартылышында Имран Ханга кайрылбагандыктан Имран Хандын бул маселеде ага каршы чыгышы жана разведка кызматына жаңы командачы дайындалышына да каршы чыгышы армияны Имран Ханды режимге «жем» кылып берүүгө жана аны жөндөмсүздүктө айыптоого үндөдү. Т.а. бардык айыпты ага жүктөдү. Армиянын Имран Ханды кызматтан түшүрүүдөгү ийгиликтеринин дагы бири ал массалык демонстрацияларды чалгытып, абалды бүтүндөй оңдой албай турган экинчи даражалуу маселелер менен алек кылууга, ушул аркылуу режимдин өмүрүн узартууга жетишти.

Имран Хан анын кызматтан алынышына Американын фитнасы себеп болгонун айткан болсо да, бирок, мында Американын негизги ролу жок. Имран Хан өз аброюн тикелөө жана жөндөмсүздүгүн, ийгиликсиздигин актоо үчүн ушундай сөздөрдү айтты. О.э. ал кызыл сызыкты тебелөөгө батына албаганы үчүн да ушинтип сүйлөдү, себеби, бул сызык ага аны кызматтан алган түпкү тарап туурасында түздөн-түз сүйлөөгө тыюу салган. Бирок, ал сөз арасында ушуга ишара кылды. Албетте, Имран Хандын Россия жана Кытайга жасаган сапары согушка алакасы жок, бул согуштан мурда пландалган эле жана бул сапар Россиянын Украинага бастырып кирүү позициясын тездештирген да, жайлаштырган да жок. Имран Хан Россиянын Украинага бастырып киришине каршы эл аралык консенсусту бузган да, Америкага моюн сунбастык кылган да жок, айрыкча, ал консенсуска карата нейтралдуу позицияны тандаган. Бирок, шексиз, Америка Имран Хандын кызматтан алынышынан пайдаланып, өзүнүн малайларына менин каалоомдон чыкмакчы болгондордун тагдыры ушундай болот деген – жасалма болсо да – ишарат кылган болду. Бирок, Имран Хандын башкаруудан четтетилишиндеги чыныгы себеп бул эмес. Т.а. бул маселедеги негизги нерсе Американын аралашуусу болбоду. Балким, бул малайлар ортосундагы ички күрөш болуп, алардын кожоюну Америка уруксат берген чөйрөдө ишке ашты.

Имран Хан Американын кызыкчылыктарын коргогон итааткөй болуп эсептелет, мисалы, ал Талибан жетекчилерин Америкага моюн сундурууда олуттуу аракет кылды. Анын бул аракетине АКШ-Талибан сүйлөшүүлөрү өткөрүлүшүндө жана Афганистан башкаруусу Талибанга тапшырылышында ортомчу болгонун мисал кылса болот. Имран Хан Американын Исламга каршы күрөшүндө Пакистандын ролуна т.а. Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка мыйзамдарды колдонууну улантуу жана Ислам менен өкүм жүргүзүүгө даъват кылгандарга каршы «Мадинаи мунаввара мамлекети» деген жалган ураан астында күрөш алып баруу ролуна өзгөчө аракет кылды. О.э. Имран Хан Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу Американын өкүмдарлыгы астындагы эл аралык уюмдарга да бүтүндөй моюн сунду… Бирок, ал кожоюндарына мына ушундай берилүү, калыстык менен кызмат кылганына карабастан, анын бул кызматтары эч кандай кадырланбады. Бул болсо, Америка жана колонизатор мамлекеттер кабыл алган кожоюн-малай мыйзамына дагы бир ачык-айкын далил. Бул мыйзам боюнча малай кожоюнуна канчалык кызмат кылса да кожоюну андан баш тартып, орто жолдо калтырып кетүүгө акылуу. Беназир Бхутто, Саддам Хусейн, Хусни Мубарак, Али Абдуллах Салих сыяктуулар менен ушундай болду жана Имран Хан да «курмандыктардын» акыркысы эмес.

Пакистандагы өкмөттөрдүн т.а. Америкага малай мамлекеттин ролу жалаң гана функционалдуу. Режимди өкмөт жана президенттерди алмаштыруу менен өзгөртүү Пакистандагы мабдаий, саясий, экономикалык жана башка тармактарда таптакыр өзгөрүү жасабайт. Себеби, режим мамлекетте өзүнүн конституциясы, мыйзамы жана саясий чөйрөсү менен тура берсе, коррупция жана батышчылдык тарыхтагы жана келечектеги бардык өкмөттөрдүн сыпаты болуп тура берет. Имран Хандын кызматтан кетиши артынан уюшулган демонстрациялар – режимге, өлкөдөгү жашоо шарт оорлошконуна жана жийиркеничтүү Батыш таасирине каршы нааразылык демонстрациялары. Ал тургай, массалык маалымат каражаттары бул демонстрацияларды Имран Ханды колдоп-кубаттоо демонстрациялары деп атаган болушса да, алар колдоп-кубаттоо демонстрациялары эмес. Британия массалык маалымат каражаттары да Америка саясатына зыян жеткирүү үчүн бул демонстрациялар Имран Ханды колдоп-кубаттоо демонстрациялары деп көрсөтүштү.

Ошондуктан, Ислам мухаббаты негизинде тикеленген мусулман өлкөсү болгон Пакистандын жалгыз чечими – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетинде көөдөлөнгөн Исламды тикелөө.

 

Роя гезити, №387, 2022-жыл, 20-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here