Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан жаңы транспорттук коридор даярдап жатат

308
0
Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан жаңы транспорттук коридор даярдап жатат
Кабар: Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан жаңы автотранспорттук коридор даярдап жатат о.э. биргеликте темир жол куруу боюнча бардык маселелерди келишип алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышында билдирди.
“Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылып жатат. Кызыл-Кыя шаарындагы Фергана жана Баткен облустарын байланыштырган соода-логистикалык борборду курууга өзгөчө көңүл бурулууда”, – деди.
Жапаровдун айтымында, аталган соода-логистикалык борборун ишке киргизүү эки өлкө ортосундагы экспорт-импорттук операцияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берет.
О.э. Кызыл-Кыя шаарын Кытайга чектеш Эркечтам өткөрүү пункту менен байланыштырган унаа жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери башталганын айткан Акылбек Жапаров: “Ал жерде логистикалык борбор куруу да пландалууда. Кыргызстан Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыгууга даяр”, -деди.
Комментарий: Россия Украина баткагына батып барган сайын, калган оюнчулардын т.а. Кытай, АКШ жана Евробиримдиктин Борбор Азия үстүндөгү күрөшү кызып барууда. Кытай убакыттан пайдаланып, Россия ушул кезге чейин тоскоолдук кылып келген “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун ишке ашырууга киришүүдө. Кытай ушул долбоор менен эле чектелип калбастан, региондогу мамлекеттер менен соода хабдарын куруу аркылуу региондогу экономикалык экспанциясын күчөтүүгө аракет кылууда.
АКШ болсо Украина согушун мүмкүн болушунча көбүрөөк убакытка созуу аркылуу Россияны алдан тайдырып, анын Борбор Азиядагы таасирин алсыратууга аракет кылууда. Мында АКШ жана Евробиримдик мамлекеттери “таяныч чекити” катары Кыргызстанды тандашкан окшойт. Бул колонизаторлордун региондо өз таасирин бекемдөө үчүн “демократиялык баалуулуктар” жана “адам укуктары” куралынан пайдаланышы табигый көрүнүш. 13-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефондон сүйлөшүп, кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө үчүн аткарыла турган иштерди, жетекчилердин жолугушууларын жана сапарларын талкуулашкан болсо, 14-апрелде Казакбаев АКШ мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орунбасары Узра Зея менен жолугушту. Жолгушууда Кыргызстан жарандары үчүн АКШ тарабынан визалык талаптарды либералдаштыруу маселеси көтөрүлдү. Казакбаев Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактай турганын билдирди.
Бүгүнкү күндө Россиянын региондогу мамлекеттерге экономикалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми, АКШ жана Евробиримдиктин адам укуктары жана демократиялык институттарды колдоо шылтоосу менен региондогу мамлекеттердин саясий жана экономикалык көз карандылыгын күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Экономикасы алсыз болгон Кыргызстан үчүн азыр ар кандай финансылык жардам маанилүү. Ошол себептен да ал Кытай менен Батыш мамлекеттерине эшиктерин кеңири ачып жатат.
Буга чейин да айтып келгенибиздей, жаңы соода жолдорун ачуу, жаңы логистика борборлорун куруу региондогу мамлекеттер үчүн өтө маанилүү. Темир жол стратегиялык мааниси жана өздүк наркы арзандыгы боюнча суу транспортунан кийинки орунда туруучу багыт болуп эсептелет. А бирок, бул долбоор региондогу мамлекеттердин калкына пайдалуу болушу үчүн ушул мамлекеттердин өздөрү тарабынан курулушу керек. О.э. темир жолго бир да колонизатордун финансылык же башка жактан таасири болбошу керек. Себеби, колонизатор мамлекеттер мусулман өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына колонизатордук көзү менен карашат.
Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here