АЛ-АКСА АЗАТТЫКТЫ КҮТҮҮДӨ

372
0

Ал-Акса азаттыкты күтүүдө

Мусулмандар үчүн ыйык болгон Рамазан айында яхудийлердин душмандыгы абдан күчөдү. Кабарларда айтылып жаткандай, «Израиль» аскерлери Ал-Акса мечитине чабуул кылып, натыйжада 200гө жакын мусулмандар жараат алып, ондогону өлтүрүлгөн жана 400 мусулман камакка алынды.

Ислам Умматы үчүн Ал-Акса жана Палестина чоң мааниге ээ, алар мусулмандардын акыйдасына бекем байланышкан. Бул жер Пайгамбарыбыздын с.а.в. Исро орду болот т.а. Пайгамбарыбыз ушул жерде Аллахтын алдына көтөрүлгөн. Ал-Акса мусулмандардын биринчи кибласы жана үч ыйык мечитинин бири болуп саналат. Себеби Каабаны жүздөнүп намаз окуу жөнүндө Аллахтын буйругу келгенге чейин алгачкы мусулмандар Ал-Аксаны жүздөнүп намаз окушкан. Ошондой эле, Меккедеги Ал-Харамда жана Мединадагы Пагамбарыбыздын с.а.в. мечитинде ибадат кылуунун даражасы жогору болгондой, Ал-Аксада да ибадат кылуунун даражасы жогору. Эки сахихте келген риваятта Пайгамбарыбыз с.а.в. айтат: «Үч мечитке зыярат кылынат: Харам мечити, Акса мечити жана менин мечитим». Андан тышкары, Палестина мусулмандардын жери болуп эсептелет. Ал рошид халифалардын экинчиси Умардын р.а. доорунда фатх кылынган. Белгилүү «Умар келишими» менен бул жер Ислам жерине айланды.

11-кылымдан тартып Палестинага кресттүүлүк жүрүштөр башталды. Кресттүүлөр ырайымсыз чабуул жасашып, кан дайра болуп акты. Кафирлер бир канча кылым Палестинаны ээлеп турушту. Аллахтын жардамы менен Салахиддин крестүүлөрдү талкалап, Палестинаны кайра Умматка кайтарды. Бирок, кафирлер Палестинаны басып алуу ниетинен кайтышкан жок, аны басып алуу үчүн ар кандай ыңгайлуу учурдан пайдаланышып, Усманий Халифалыкка каршы ар кандай айла-амалдарды кылып келишти. Себеби, Усманий Халифалык Палестинанын, Куддустун, Ал-Аксанын коргоочусу эле. Кафирлер көргөн аракеттерине карабастан Палестинаны ала алышкан эмес. Усманий Халифалыктын акыркы доорлорунда өлкө күчсүздөнүп, мурунку улуулугун жогото баштады. Ошондой болсо да кафирлер Палестинаны ачык басып алууга батына алышпаган. Яхудийлер Халифалыктын күчсүздүгүнөн пайдаланып, каражатка абдан муктаж болуп турганда халифа Абдулхамид экинчиге (1876-1909-жылдары башкарган) Палестинада яхудийлерге жер бөлүп берүүнүн акысына миллиондогон акча сунушташат. Бирок, Абдулхамид Кыяматка чейин калчу ушул белгилүү жообун берет: «Мен ал жердин а түгүл бир сөөм жерин да сата албайм, себеби ал мага таандык эмес, ал Үммөтүмө таандык… Менин элим бул жер үчүн жихад кылып, каны менен суугарды. Яхудийлер миллиондорун өздөрүнө калтырышсын. Бир күн келип Халифалык кулап ыдыраса, Палестинаны бекерге алышат. Бирок, мен тирүү экенмин, ал нерсеге таптакыр жол бербеймин». Көрөгөч жетекчи Абдулхамиддин айткандары башарат сыяктуу эле болду. Себеби, 1924-жылы Халифалык кулап, анын жерлерин кафирлер жырткычтар сыктуу басып алышты. Британия Палестинаны өз мандатына өткөрүп алып, ал жерде яхудийлерге мурунтан даярдалган мамлекет куруп берүү планын ишке ашырып кирди. Дүйнө жүзүнөн яхудийлер Пластинага агылып келе баштады. Кафирлер өзүлөрүнүн ыплас кресттүүлүк максаттарын жашырышкан жок. Ошол кездеги Британиянын Палестинадагы кошуун командачысы Лорд Алленби мындай деген: «Мына эми кресттүүлүк согуштарды акырына чыгардык».

Британияга Палестинаны башкаруу мандатын берген Улуттар Лигасынын улантуучусу Бириккен Улуттар Уюму 1947-жылы яхудийлер жана мусулмандар үчүн Палестинаны экиге бөлүү жөнүндө резолюция кабыл алды. Яхудийлер өз мамлекетин жарыялашып 1948-жылы Палестинанын 78% жерин басып алышты. Андан кийин яхудийлер баскынчылыкты улантышып 1967-жылы ээлеген жерлерин дагы да кеңейтишти. Бүгүнкү күндө Палестинанын дээрлик 90%ы яхудийлердин көзөмөлүндө. 1947-жылдан бери «Израиль» миңдеген мусулмандарды өлтүрүштү, канчалаган палестиналык мусулмандар качкын болуп жүрүшөт. Палестиналык мусулмандарга каршы зулум токтогон жок, тескерисинче күчөгөндөн күчөп барууда.

Кафирлер Палестинадагы бул баскынчылыкты мыйзамдаштыруу үчүн, жана мусулмандар «Израилди» мамлекет катары моюнга алышы үчүн «эки мамлекет» долбоорун алга сүрүшүүдө. Башкача айтканда, Палестинанын 10% жерине палестиналык мусулмандар үчүн мамлекет куруп берүүнүн акысына Палестинанын 90% жерин яхудийлерге беришибизди, яхудийлердин ырайымсыз кыргындарын унутушубузду, Ислам жери саналган Палестина боюнча шарий милдетибизден баш тартуубузду сунуштап жатышат. Ошондой эле, Палестина маселеси бир гана палестиналык мусулмандардын маселеси, башка мусулмандардын тиешеси жок деген пикирди мусулмандарга сиңдирүүгө аракет кылышууда. Бирок, Уммат бул ыплас планды кескин четке кагууда, Ислам буйругандай Палестинаны азат кылууну, жаңы Салахиддиндин келишин абдан арзуу кылып күтүшүүдө. Ошондуктан, мусулмандар Палестинаны, Ал-Аксаны коргоо үчүн жан аябай курмандыктарды беришүүдө. А бирок, мусулман башчылары мунун тескериси – алар «эки мамлекет» чечимин колдошуп, яхудийлер мусулмандарды өлтүрүшкөндө, же дагы бир мусулманды турак-жайынан кууп чыгарышканда, же болбосо Ал-Аксага чабуул кылышканда, курулай каралоо менен гана чектелип, эң «эр жүрөгү» дегени БУУга кайрылууда. Бирок, мусулман жерин басып алууну мыйзамдаштырып, яхудийлерге мамлекет куруп берүү жөнүндөгү резолюцияна ушул БУУ кабыл албаган беле?! Демек, бүгүнкү мусулман жетекчилери да «эки мамлекет» чечимин колдоо, БУУга кайрылуу менен кафирлерди ээрчип, яхудийлердин канкорлугун, баскынчылыгын мыйзамдаштырууга салым кошууда. Алардан Палестинаны азат кылууну күтүү мүмкүн эмес.

Тарыхтан көрүнүп тургандай, Палестинаны жана ыйык Ал-Аксаны халифалар коргоп келишкен. Мурун кандай болгон болсо, бүгүн да ошондой – Халифалык гана Палестинаны кресттүүлөрдөн азат кылат! Себеби, Палестинаны азат кылып, Ислам Умматынын кучагына кайтаруу – бул шарий милдет! Кыйын доорлордо – канчалык оор болбосун – мусулмандар ушул вазыйпаны карманып келишкен. Мындан башка ар кандай аракет кафирлердин планын аткарып, алардын таасирин бекемдеп, кыргындарын мыйзамдаштырууга алып келет!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here