Аль Аксодо 152 палестиналык жараат алды

91
0
Аль Аксодо 152 палестиналык жараат алды
Аль-Аксо мечитинде «израил» полициясы Рамазанда ибадат кылып жаткан мусулмандарга кол салуунун натыйжасында 152 палестиналык жабыркады. Бул тууралуу Палестинадагы Кызыл Жарым Ай коому билдирди. Март айынан бери израил күчтөрү Батыш жээкте атайын рейд жүргүзүү маалында 29 палестинди жок кылышты. Алардын ичинде 6 баланын энесинин денесинен 21 ок табылды.
Ал эми, Түркия бийлиги жөөт вужудунун мындай кылмыштарын айыптоо менен чектелди. Анткени, учурда Түркияга Палестинада эки мамлекет (израил-палестин) долбоорун ишке ашыруу ролу берилген. Мындан улам, өткөн айда Эрдоган жөөт вужудунун президенти Герцогду кызыл килем үстүндө расмий азем менен тосуп алган. Түркияга чейин Эр-Рияд баштаган бир катар мусулман өлкөлөрү израил менен расмий дипломатиялык алакаларды түзгөнүн жарыялаган. Жетекчилердин мындай кошоматтыгы жөөт вужудунун кылмыштарды арттыруусуна дем берип жатканы талашсыз!
Өткөн жылы да Рамазанда жөөт вужуду Аксо мечитинен мусулмандарды мажбурлап чыгаруу аракетинин артынан кагылышуулар, кан төгүү окуялары күч алган. Албетте жөөттөрдүн мындай ишенимдүү кадамдары колонизаторлордун колдоосу жана саткын акимдердин коркоктугу айынан болуп жатат. Мусулмандар аскерлерди зулумдук астындагы калктарды азат кылууга чакырып жатса, дал ушул режимдер аскерлерди казармаларда кармап, кожоюндарынын көрсөтмөсүн аткарышууда. Элинин алдында абийирин сактап калуу үчүн гана «кескин» билдирүүлөр берүү менен чектелишүүдө.
Демек, мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер кулатылып, мусулмандар бир Халифалык астында бирикмейин туткундагы калктар эч качан азат болбойт, төгүлгөн мусулмандардын каны эч качан токтобойт! Ооба, мусулмандарды шарият негизинде бириктирип, яхудийлерге улуу казат баштаган Салахуддин сыяктуу жетекчилер гана куткарат!
Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here