Кыргызстан Рамазан айында «израил»ге элчилигин ачты
7-апрелде Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев Иерусалим шаарында «израил»дин президенти Ицхак Герцогго ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу жөөт вужудунун лидери твиттерге жазды.
Анын айтымында, Өмүралиев соңку 20 жыл ичинде «израил»ге дайындалган биринчи кыргыз элчиси болуп калды.
Буга чейин Бахрейн, Араб Эмирлиги, Судан жана Марокко дагы «израил» менен дипломатиялык алакаларды орноткон.
Палестина аймагын басып алуу аркылуу пайда болгон жөөт вужудуна карата мусулман өлкөлөрүнүн мындай мамилеси шарий арам! Жыл сайын Рамазан айында Куддуста каны төгүлүп жаткан мусулмандарга кыянаттык болуп эсептелет. Акимдердин мындай дипломатиялык алакаларды орнотуусу алардын үммөт менен эмес, каапыр колонизаторлор менен бирге экенин ачыктап турат. Үммөт бир жээкте болсо, акимдер башка бир жээкте! Демек, биз мусулмандар бул акимдердин бузук саясат жүргүзүүсүнө каршы турушубуз шарт. Үммөттүн тагдырий маселелерин империалисттердин кызыкчылыгына ылайык чечүүсүнө жол бербешибиз керек. Анткени, алардын мындай кыянаттыкка баруусуна үммөттүн акимдерди жамандыктан кайтаруу вазыйпасын унутта калтырышы дем берип жатат. Түпкүлүгүндө, жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу ар бирибизге парз! Бул иштин Рамазан айында жүз бериши, бул парзды аткарууну дагы да абзел кылат. Анткени, Батыш дүйнөсү менен яхудий вужуду Ислам жана мусулмандарга карата кылган жийиркеничтүү иштеринде ар дайым Исламий өлкөлөрдүн акимдерине таянат. Себеби, булар колонизаторлор тарабынан жасалма түрдө Үммөттүн башына орнотулган кимселер. Башкача айтканда, бул акимдер яхудий вужудун коргоочу калкандын милдетин аткарып жатышат.
Биз мусулмандар Куддус дегенде Аксону, Аксо дегенде Исламды түшүнөбүз. Анткени, Аксо мусулмандардын алгачкы кыбыласы, Пайгамбар с.а.в.дын Исро жана Мираж мекени. Ошондуктан, бул баскынчыларга достук мамиле кылуу жайиз эмес! Алар бүгүнкү күндөгү мусулман жетекчилеринин коркоктугунан илхам алып, кылмыштарын дагы да күчөтүшүүдө.
Эй мусулман жетекчилери! Силер кыла турган иш баскынчылар жана кан төгүүчүлөр менен дипломатия орнотуу эмес, аларды жерлерибизден кубалоо! Алар менен кызматташтыкты, соода байланышты күчөтүү эмес токтотуу! Алар менен диалог түзүү эмес, армияларды аттандыруу!
Эй мусулмандар! Куддус маселеси ал жерге Америка кызыкчылыгындагы эки мамлекетти пайда кылуу менен чечилбейт! Куддус маселеси «Куддус баскынчылар колунда болгон чакта бизге күлүү арам болсун!» деген Салахуддин сыяктуу жетекчилердин колу менен чечилет! Куддус каапырлардын жанынан аброй күткөн жетекчилер менен эмес, «Исламдан башка жерден аброй издесек Аллах бизди шерменде кылат» деген Умар р.а сыяктуу рошид халифа аркылуу куткарылат!
Я Аллахым, Исламга жана мусулмандарга нусратыңды жакын кыл! Палестинадагы, бүткүл дүйнөдөгү зулум чегип жаткан мусулмандарга калкан боло турган Рошид Халифалык мамлекетин бизге насип эт!
Мумтаз Маверанахрий