Кумтөр: адаттагы убадалар кербени
Президент Садыр Жапаров 4-апрелде Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине кайтарылганын жарыялады. Бул тууралуу кайрылууну президенттин расмий сайты жазып чыкты.
««Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик. Мындан тышкары, «Центерра» бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн 11 млн долларлык дивиденддерди төлөп бермей болду. Буга кошумча кыргыз тарапка 50 млн долларлык бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Ал эми, рекультивациялоо фондуна 53 млн доллар келет», – деп билдирди президент.
Жапаров кыргыз тарап «Центеррадагы» 26% үлүшүнөн баш тартарын учкай гана белгилеп, Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштер токтотуларын айтты. Кыргызстан «Кыргыз алтын» ишканасы аркылуу «Центерранын» Кумтөр жана чет өлкөдөгү акцияларынын 26,1 %на же 77 миллион 401 миң 766 акцияга ээлик кылган. Башкача айтканда, Монголия, Тыва, Туркия жана Канададагы алтын кендердеги үлүшүнөн баш тартты. Бул Кыргызстан орточо 1 млрд доллардан куру калганын түшүндүрөт. Ал эми, Кыргызстан Центерранын экологияга тийгизген зыяндарын төлөтүү үчүн 4 миллиар 252 миллион долларлык айып койгон. Жаңы келишимге ылайык бул соттук иштер токтотулмакчы. Демек, мына ушундай чегинүүлөр артынан келечектеги убадалардын аткарылышын да күтүп болбойт.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Кумтөрдөн 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде гана дивиденд алууга жетишкен. Ал эми, салык түрүндө 1,5 млрд доллардын тегерегиндеги каражат чогултулган. Учурда алтын кендин баасы орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда. Жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн 160-200 тоннага чейин алтын казуу мүмкүнчүлүгү бар.
1997-жылдан Кумтөрдөн 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн. Мындан Центерра компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапса, Кыргызстан салыктарды кошкондо 2,5 миллиард долларга жетпеген каражат алган. Бул Центерранын расмий айтылган пайдасы гана. Башка дагы «көз жумду» иштерден миллиондогон долларларды ташып кетишкен. Бир эле мисал, Центерра фабрика курууга чет элдик банктан 452 миллион доллар кредит алган. Кийин Кыргызстандын 1 тонна 800 килограмм алтыны “насыя алуу үчүн күрөөгө коюлат” деген шылтоо менен Бирштейндин менчик учагында сыртка кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол кездеги “Кыргызалтындын” жетекчисинин айтымында, аталган алтын “тараза жоктугунан” көз божомол менен берилген. Жогорудагы 452 млн. доллар кийин Кумтөр тарабынан банкка үстөгү менен 650 млн. доллар кылып кайтарып берилген.
Мындай кыянаттык келишимдер кыргыз жетекчилеринин сол чөнтөгүнө түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлгөн. Муну өкмөт башчы Акылбек Жапаров да тастыктап, Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, Кумтөрдөгү талап-тоноодон үлүшүн алып келгенин айткан.
Жыйынтыктап айтканда, Кумтөр кени иштеп баштагандан бери чет элдик компания гана түшүмүн көрүп келген. Андан калган жуктарын болсо жергиликтүү аткаминерлер ортомчу болуп бөлүшүп алышкан. Карапайым элге болсо ушул күнгө чейин эч кандай үлүш берилбеген. Эми да бул кендин пайдалары карапайым калкка жетип барбайт. Анткени, эгер ал мамлекеттик ишкана болуп калса, анын пайдасын бийликтегилер өз кызыкчылыктарына ылайык пайдаланышат. Ал эми, капитализм табиятына ылайык, акционердик коом көрүнүшүндө же инвестор шылтоосу аркасында жеке тараптар колуна өтүп кетсе, анын күнүн менчиктештирип алган ошол капиталисттер гана көрөт. Бүгүн биз жашап жаткан капиталисттик система дал ушул капиталисттердин гана укугун коргоп, аларга дүйнөнүн кай жеринде болсо да шарт түзүү үчүн курулган. Ал эми карапайым эл алардын арзан жумушчу күчү катары каралат. Негизи Исламий көз караштан алганда, кен байлыктар жалпы элдики болуп, андан түшкөн пайда элдин колуна түз тийип турушу шарт. Мисалы, Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы чыгарып ташталат да, калган алтындын пайдасынан ар бир жаранга өз үлүшү жетип барышы керек.
Исламда жалпы элдик мүлккө мамлекет дагы, чет элдик компания дагы, жеке адам дагы ээлик кыла албайт. Мындай иш Исламдагы экономикалык түзүмдү колдонуу менен гана болот. Анткени, Исламдагы экономика түзүмүндө гана байлыктар мамлекетке, элге жана жеке адамга бөлүштүрүлө турган мыйзамдар бар. Бул мыйзамдар Аллах Таала тарабынан белгиленгендиктен, ар бир мусулман элдик мүлктөн өз үлүшүн алууга тийиш. Мамлекет мындай адилеттикти камсыздоого милдеттүү. Демек, бул мыйзамдар колдонулушу үчүн Исламий мамлекетти тикелөө талап кылынат. Мына ушул мамлекет гана биздин байлыктарыбызды ач көз капиталисттерден коргойт жана элдин бакубат жашоосун камсыз кылат. Бул Кумтөр эле эмес, башка элдик мүлк болуп эсептелген кен жана мунай-газдарды өндүрүүгө да тиешелүү.
Мумтаз Маверанахрий