Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу сунушталды

139
0
Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу сунушталды
Министрлер кабинети аялдардын пенсия курагын жогорулатуу, пенсияга эрте чыгуу укугун жана жеңилдиктерди берген категорияларды жоюуну сунуштап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги пенсиялык реформа боюнча парламенттик угуу учурунда айтылды.
Маалыматка ылайык, пенсияга эрте куракта чыгуу, толук эмес стаж менен пенсияга чыгуу жоюлат. Соцфонд бийик тоолуу шартта жашап, иштегендер, көп балалуу энелер, майыптыгы бар балдардын энелери, зыяндуу өндүрүштө иштегендердин да мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат. Муну менен 15 жыл эмгек стажы бар 3 баланын энеси 45 жашта эмес, 48 жашта пенсияга чыгышы ыктымал. Мындан тышкары пенсияны чектөөнү жөнөкөйлөтүү менен электр энергияга төлөнүп келген компенсациялар алынмакчы. Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга да тыюу салуу каралып жатат.
Социалдык фонддун эсебинде, пенсиялык системага жалпы түшкөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 95% ишканалар, 0,5% дыйкандар төгөт. Дыйкандарга пенсиялык фонддун 40% берилет. Ошол себептен жер үлүшүнөн алынуучу социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын көбөйтүү да каралууда.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыр 714 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 70% аялдар. Өкмөт сунуштап жаткан реформанын арасында аялдардын пенсия курагын көтөрүү дагы бар. Буга башка мамлекеттерде аялдар менен эркектердин пенсия курагын теңөө аракеттери себеп болгонун айтышууда. А бирок, Европадагы айлык акылар эселеп жогору экени эске алынган жок
Учурда Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат. Жалпы пенсионерлердин 51% (365 миң 966 адам) жашоо минимумунан жогору өлчөмдө, ал эми 49% (348 миң 623 адам) бул көрсөткүчтөн төмөн пенсия алат. Жашоо минимуму 5800 сомдун тегерегинде.
Жогорудан белгилүү болгондой, өкмөт реформа аты менен пенсияны экинчи тараптын чөнтөгүнөн алууну көздөп жатат. Башкача айтканда, бийик тоолуу аймакта жашаган же эмгек стажына байланыштуу пенсияга эрте чыккан жарандардын пенсиясы жокко чыгып, алардын бир бөлүгү жаш курагы жетип чыккандардын пенсиясына бөлүштүрүлмөкчү. Калган кыскартуулар менен болсо бюджеттин чыгашасы үнөмдөлмөкчү.
Буга кошумча, Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 70,9 жашты түзөт. Ал эми, пенсияга эркектер 63, аялдар 58 жашта чыгат. Демек, кырк жылдап төккөн салыкты пенсия катары 8-12 жыл гана алуу укугу бар. Ал эми, калган каражат мамлекеттин бюджетин жамаганга же коррупцияга баткан бийликтин сол чөнтөгүнө кетет.
Демек, бийликтин пенсияны көтөрүү урааны популизмден же алдоодон башка нерсе эмес! Кыргызстан калкы мындай алдоо жолу менен пенсия же айлык акылардын көтөрүлүшүнөн тажап бүттү. Пенсия курагынын көтөрүлүшү же жогорудагыдай жашы жете электердин пенсиясын кыскартуу түпкүлүгүндө эл аралык уюмдардын талабы астында жүргүзүлөт. Анткени, капитализмдин пайдага негизделген акыйдасы жеке адамдарга көңүл бурат. Башкача айтканда, мамлекетке салыкты көп төккөн жана жумуш орундарын камсыздаган ишкерлер маанилүү. Ал эми пенсионерлерге окшогон алсыз катмар мамлекет үчүн ашыкча жүк болуп эсептелет. Ошондуктан, Батыш өлкөлөрүндө соц фонд сыяктуу мекемелер жеке адамдардын колуна тапшырылган. Мындай абалда капиталисттик мамлекет жоопкерчиликтен кутулуу менен бирге бюджетти да үнөмдөйт. Айрыкча, пандемия учурунда Батыш өлкөлөрүндө пенсионерлер салык жана медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөгөндүктөн, эч кандай медициналык жардамдар көрсөтүлбөй топ-тобу менен курман болгонуна да күбө болдук. Мындай капиталисттик жырткычтыктан кутулуунун жолу өз Исламыбызга жүздөнүүдө! Ислам бардык проблемага адамдын көйгөйү деген назар менен карайт. Ошондуктан, адамдардын улгайган же жаш дебестен мамлекет негизги муктаждыктарын чечип берет. Мына ушул система гана бүгүнкү социалдык проблемаларды түп тамырынан чечет. Ал эми капитализм проблемага экономикалык маселе катары карагандыктан, убактылуу жамачы салуудан ары өтпөйт!
Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here