Экономикалык өнүгүүнү мусулман өлкөлөрүндөгү мол байлыктардан акылдуулук менен пайдаланган Халифалык гана камсыздайт

201
0

Басма сөз баянаты

Экономикалык өнүгүүнү мусулман өлкөлөрүндөгү мол байлыктардан акылдуулук менен пайдаланган Халифалык гана камсыздайт

2021-жылдын ноябрь айында Пакистан менен Эл аралык Валюта Фонду сүткордук кредиттер боюнча келишим түзүштү. Муну менен Пакистан Эл аралык Валюта Фондунун шарттарын аткара турган болду. Бул шарттарга чакан бюджет аркылуу салыктарды 350 миллиард рупиге көбөйтүү, ар бир литр нефтиге айына 4 рупи кошуу, өнүгүү бюджетин 200 миллиард рупиге кыскартуу жана Эл аралык Валюта Фондуна Пакистан мамлекеттик банкын көзөмөлдөөнү тапшыруу сыяктуу шарттар кирген. Мурда өкмөт электр баасын кымбаттаткан эле, 2022-жылдын жаз мезгили келери менен дагы кымбаттатышы күтүлүүдө. Пакистандагы мусулмандарды эзип жаткан мындай экономикалык кыйынчылык премьер-министр Имран Хан тарабынан ишке ашырылып жатат. Ал бийликке келгенде: «Биз бутка туруп алышыбыз керек, карыз алуу эгемендүүлүк жана улуулуктан баш тартуу дегени, бир күн келип кредит алууну улантканыбызга катуу өкүнөбүз», – деген эле.

Ошого карабастан, Имран Хан бүгүн Эл аралык Валюта Фондуна тилемчилик кылууга мажбур экенин айтууда. Акыйкатта болсо, ал тилемчликти өзү тандаган, тилемчиликке таптакыр мажбур эмес. Бул, Эл аралык Валюта Фондунун Пакистан үчүн жыйырма экинчи программасы болуп эсептелет. Демек, мурунку жыйырма биринчиси Пакистанга эмне алып келди, бул жыйырма экинчиси эмне алып келет эле?! Рупини долларга байлоо режимдин өз ыктыяры менен кылган иши. Анын ордуна Ислам буругандай алтын жана күмүшкө байлашы мүмкүн эле. Бирок, атайылап кылынган бул тандоо бюджеттин дефицитине алып келди, акыбетте Эл аралык Валюта Фондуна чөгөлөө башталды. Эл аралык Валюта Фондунун шарттары себептүү Пакистан өзүн-өзү камсыздоо, импорттун ордун толтуруу жана жогору кыйматтагы продукцияларды иштеп чыгуу саясатын колдоно албады. Эл аралык Валюта Фонду Экономикалык иш-чаралар жана саясаттар аркылуу экономикалык абалыбызды жакшыртуу үчүн эмес, сүткордуктан түшкөн карыздардын төлөнүшүн камсыздоо үчүн экономикабызга өкүмдарлык кылууда.

АКШ экономикалык түзүмү исламий өлкөлөрдү түрдүү мамлекеттерге бөлүп салды. Катар газы, Хижаз нефтиси, Афган кендери, Пакистан айыл чарбасы жана ядролук энергиясы, баарын бири-биринен бөлүп жиберди. Умматтын улутчул мамлекеттерге бөлүп салынышы биздин саясий жана аскерий кубатыбызды талкалап гана калбастан, баарыбызды экономикалык жактан күчсүз, Батышка көз каранды кылды. Кошмо Штаттарды ала турган болсок, эгер ал элүүдөн ашык мамлекетчеге бөлүп салынса, анын да кубаты талкаланат. Мисалы, АКШ технология борбору Калифорниянын Силикон өрөөнүндө жайгашкан, ал өзүн энергия менен камсыздай албайт. АКШнын финансылык борбору Нью-Йоркто, бардык нефть жана газ ресурстарынын мекени Техаста, бардык айыл-чарба, көмүр жана кен ресурстары борбордук-батыш штаттарда жайгашкан. Американы эң кубаттуу кылган нерсе – ушул аймактардын бүтүндүгү. Демек, эмнеге Бажва-Имран өкмөтү да Халифалык тикелеп, мусулман өлкөлөрүн Ислам негизинде бириктирбейт, мындан эмне тосот?!

Эй Пакистан куралдуу күчтөрү!

Бул илманий түзүмдөн эч бир чечим табуу мүмкүн эместиги ачык-айкын көрүнүп турат. Муну мурдагы жана азыркы оюнчулар тажрыйбадан өткөрүштү. Проблема бир гана азыркы режимдин экономикалык көз карандысыздыктан Америка кызыкчылыгы үчүн баш тартышында эле эмес. Балким, Кашмирди Модиге тапшырып жибергендиги да проблема. Мунун акыбетинде Пакистандын улуттук коопсуздугу кезектеги кооптуу чекке жетти. Акыркы жылдарда коргонуу бюджети ички дүң продукцияга жараша туруктуу түрдө азайып барууда. Бул америкача экономикадан кантип жакшылык күтүү мүмкүн, мына ушул экономика афганистандык мужахиддерди тилемчилик кылууга мажбур кылып жаткан болсо?! Демек, парламенттик башкаруубу, президенттикпи, же болбосо аралаш башкаруу болобу, мындай капиталисттик демократиялык башкаруудан колуңарды тарткыла. Америка экономикалык түзүмүнөн баш тартып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге колуңарды сунгула. Бул Халифалык гана Умматтын ири байлыктарын бириктирет жана тез арада улуу Ислам дини менен улуу кубатка айланат.

 

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here