Американын Афганистандан чыгып кетиши артынан Пакистан акимдери Навид Батты азат кылуусунун убагы келбедиби?!

198
0

Басма сөз баянаты

Американын Афганистандан чыгып кетиши артынан Пакистан акимдери Навид Батты азат кылуусунун убагы келбедиби?!

Массалык маалымат каражаттарында «жакшы ниет» белгиси катары Талибан туткундары азат кылынышы мүмкүн экендиги талкууланып жатканда Пакистан акимдери Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы расмий сүйлөөчүсү Навид Батты азат кылуусунун убагы келбедиби?! 2012-жылдын 11-майынан бери үй-бүлөсүн көрө албай жаткан, үй-бүлөсү да ал жөнүндө эч кандай маалымат ала албай жаткан адамды азат кылышса болбойбу?! Пакистан иликтөө комитети 2018-жылы 4-январда мажбурий жашыруун камакта кармоого байланыштуу тергөө баштап, Навид Батты сотко тапшыруу жөнүндө токтом чыгарган, анан кантип дагы эле бул токомду аткаруунун убагы келбесин?! Навид Батты соттобой же аны үй-бүлөсү менен жолуктурбай кармап туруу жер жана асман мыйзамдарын маскара кылуу эмеспи?!

«Терроризмге каршы күрөш» аяктап, АКШ аскерийлери Атлантика океанына коопсуз чыгып кеткенине карабастан, Пакистан акимдери Навид Батты дагы эле камакта кармап турушат. Пакистан акимдери Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын кайтышын өз кожоюндары Байден үчүн Афганистандан шерменде болуп чыгып кетүүсүнөн көрө коркунучтуу деп билишет. Алар Байденге кызмат кылышканы үчүн Навид Батты мына ушинтип кармап турушат, ошол эле убакта, Индия тыңчысы Кулбхушан Жадхавга жана Индия аскерий аба күчтөрүнүн учкучу Абхинандан Вартаманга ар тараптуу сый көрсөтүшүүдө. Шек-күмөнсүз, Пакистан акимдери момундарга ырайымсыз, кафирлерге ырайымдуу. Акыйкатта болсо, Аллах Таала мындай дейт:

﴿مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللَّهِ وَالَّذِينَ مَعَهُ أَشِدَّاءُ عَلَى الْكُفَّارِ رُحَمَاءُ بَيْنَهُمْ

«Мухаммад – Аллахтын Расулу. Аны менен бирге болгондор кафирлерге каардуу, өз араларында болсо ырайымдуу»                                                                                                         [48:29]

Эй Пакистан мусулмандары!

Кандай гана болбосун, жыйын-форумдарда Навид Батты азат кылууну талап кылгыла. Расулуллах A айтат:

«مَنْ نَفَّسَ عَنْ مُؤْمِنٍ كُرْبَةً مِنْ كُرَبِ الدُّنْيَا، نَفَّسَ اللَّهُ عَنْهُ كُرْبَةً مِنْ كُرَبِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ»

«Ким бир момунду дүйнө кыйынчылыктарынын бир кыйычылыгынан арылтса, Аллах аны кыямат күнүндөгү кыйынчылыктарынын бир кыйынчылыгынан арылтат». (Имам Муслим риваяты).

Навид Батты азат кылууну талап кылгыла, себеби, ал Расулуллах A төмөндө башарат кылгандай Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылганы себептүү уурдалган:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». (Имам Ахмад риваяты).

Эй Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү офицерлер!

Өзүңөргө белгилүү болгондой, Навид Батт рошид Халифалыкты тикелөө үчүн силерден нусрат талап кылганы үчүн уурдалды. Силерден нусрат сурады, себеби, нусрат, күч-кубат жана жардам ээлери силерсиңер. Силерден талап кылынып жаткан нерсе Навид Батты азат кылууну талап кылуу эле эмес, силерден негизги талап кылынып жаткан нерсе – анын азат кылынышын камсыздоо. Бул силер оңой аткара ала турган милдет. Силерди Аллах алдында жүзүңөрдү жарык кыла турган нерсе – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат берүү. Ислам Умматынын душмандары согуш майданында жеңилүүгө учурашы менен жеңиш артынан такбирлер жаңырат.

 Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here