Басма сөз баянаты
Даъватчы Юсуф ажы Мухаммад Авзий (Абу Айман) дүйнөдөн кайтты
﴿مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً﴾
«Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем турган кишилер бар. Алардан (айрым) кишилер өз убадасында турушту (шейит болду), (айрым) кишилер болсо (шейит болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген убадаларын) өзгөртүшкөн жок» [33:23]
Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү даъватты желкесинде көтөрүп чыккандардын бири Юсуф ажы Мухаммад Авзий (Абу Айман) 80 жашында Роббисинин алдына сапар алганын маалымдайт.
Ажы Абу Айман бүткүл өмүрүн Аллахка итаат кылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого жумшады. Ал даъватты жеткирүүгө өспүрүм маалында эле умтулчу. Акыйкатты айтууда алдыңкылардан жана кайраттуулардан болуп, Аллах жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркподу. Режимдердин зулумуна туш болду. Иордания режими аны беш ирет узак жылдарга эркинен ажыратты. Бирок, ал кайраты сынбай, убадасында бекем туруп даъватта байымдуу болду. Халифалыкка күбө болуу үмүтүндө кайраттуу аракет кылып, Аллах белгилеп койгон ажалы келгенге чейин убадасында бекем турду.
Биз Аллах Таалага дуа кылып, ажы Абу Айманды кең рахматына алышын, кең бейишине киргизип, аны жакшылык менен сыйлашын сурайбыз.
Берүүчү да, алуучу да Аллах. Роббибиз Субханаху ва Таала ыраазы болгон ушул сөз менен чектелебиз:
﴿إِنَّا للهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾
«Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучубуз» [2:156]
Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү