Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызды төлөөгө 26,6 миллиард сом жумшайт

178
0

Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызды төлөөгө 26,6 миллиард сом жумшайт

Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызды төлөө үчүн 26,6 млрд. сом жумшайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

 “2023-жылы тышкы карызды төлөөгө 34 млрд., 2024-жылы 38,8 млрд. сом бөлүү пландалган”, – деди министр.

 Анын айтымында айтымында, мамлекеттин ички карызын тейлөөгө 2022-жылы 12,7 млрд. сом, 2023-жылы 13,5 млрд., 2024-жылы 18,8 млрд. сом бөлүү каралган.

 2022-жылдын республикалык бюджетинин такталган тартыштыгы 9 ,1 млрд. сом деп болжолдонууда. Бул ички жана тышкы булактардын эсебинен жабылары айтылды.

 Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы быйыл жыл ортосунда 416 млрд. сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашты, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.

 Комментарий: Күчтүү мамлекет алсыз мамлекеттерди эзип, кул кылышы үчүн түзүлгөн о.э. сүткордукка курулган экономикалык мамилелер жакыр мамлекеттерди ого бетер жакырчылыкка, карызга батыра берет. Мындай негизге курулган эл аралык капиталисттик түзүмдө экономикасы айыл-чарбасына негизделген Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер эч качан эркин дем ала алышпайт. Алсыз мамлекеттер карыздан толук кутулушуна, экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон оор өнөржайды өнүктүрүшүнө эл аралык түзүм жол бербейт. Мындай мамлекеттер көптөгөн жылдар бою алынган карыздардын үстөк пайызын, андан соң карыздын өзүн төлөй албай калып, дагы кайрадан карыз алуу менен кекиртегине чейин карызга батып, акыры карызын жер жана кен-байлыктар түрүндө төлөөгө мажбур болушат.

Кыргызстандын карызга батып барышы негизи эл аралык башкаруу системасы тарабынан атайын пайда кылынган нерсе. Бул жараянда Кыргызстандагы саясий чөйрөнүн ролу анын коррупцияга батып калышында. Ушул коррупцияга баткан схеманы тышкы колонизатор мамлекеттер өнүктүрүп барат. Аларга Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө ойлоно турган коррупционер чиновниктер керек. Эл аралык саясаттын өкүлдөрү дал ушул арам тамак саясий топтон пайдаланат. Себеби, ал топ мамлекет үчүн карыз алып жатканда “оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо, бүгүнкү күнгө чейин таланып-тонолуп кеткен ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн” деп карыз алышпайт.

Кыргызстандын проблемасы – үстүбүздө эл аралык капиталисттик система турганында. О.э. ушул система түзгөн глобалдык саясатта жана Ислам дини арам кылган эл аралык мыйзамдардын бар болуп турушунда. Материалдык пайдадан башкасын эсепке албаган капиталисттик түзүм колдонулуп жаткан соң, Кыргызстан эч качан карызынан кутула албайт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here