АКШ Кытайга каршы дипломатиялык бойкот жарыялады

221
0

АКШ Кытайга каршы дипломатиялык бойкот жарыялады

Шинжаң-Уйгур автономиялуу облусунда жана башка аймактарда адам укуктары бузулганы үчүн АКШ Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялайт. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки билдирди.
Ал: «Кытай Шинжаңда ишке ашырган геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар о.э. адам укуктары бузулушу себептүү Байден админстрациясы 2022-жылы Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык же расмий делегацияларды жөнөтпөйт», – деди.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да Кытайда адам укуктары бузулушуна тынчсыздануусун билдирип, Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарын министрлер жана расмийлер дипломатиялык жол менен бойкот кыларын айтты.
“Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын дипломатиялык бойкоту натыйжалуу колдонулат, эч бир министр же расмийдин катышуусу күтүлбөйт”, – деди Жонсон.
Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон да АКШнын жогорудагы демилгесине кошулганын билдирди.

Комментарий: АКШ бүгүнкү күндө өзүнүн негизги атаандаштарынан деп эсептеген Кытайга ар түрдүү жолдор менен проблема кылууну көздөйт. Чыгыш Түркстандагы уйгурлар маселеси да ушулардын катарында. Ал үчүн Кытайдын кыйноо лагеринен тирүү чыккан кээ бир адамдарды ал жактан башынан өткөндөрү жөнүндө сүйлөтүп, дүйнөгө Кытайдын жырткычтыгын ашкере кылды. Унутпашыбыз керек болгон нерсе, Америка бул иштерди мусулмандарга боору ооруганы үчүн же Чыгыш Түркстандагы мусулман уйгурларды коргоо үчүн кылып жаткан жок, тескерисинче Кытайга сокку берүү үчүн кылып жатат.
Чындыгында Кытай мушриктери Чыгыш Түркстандагы мусулмандардын башына адам чыдагыс оор азаптарды салды. Аларды кыргын кылды, эркек-аял, жаш-кары дебей өлүм лагерлеринде адам чыдагыс кыйноолорго салды, кыздарын мажбурлап аялдыкка алды. А бирок, АКШ менен Британия да Ислам дүйнөсүнүн башына кандай күндөрдү салганын мусулмандар али унута элек! «Силерге демократия алып келе жатабыз» деген шылтоо менен Ирак жана Афганистанга бастырып кирип, жүз миңдеген мусулмандардын канын төгүштү. Абу Гурейб, Баграм, Гуантанамо камактарындагы жырткычтыгы дүйнөгө ашкере болду. Британия болсо Халифалык мамлекетин кулатуу менен мусулмандарга карата эң оор кылмышты ишке ашырды. Ошол күндөн бери мусулмандардын башына түшүп жаткан азап-кыйынчылыктардын бардыгы ошол кылмыштын жемиши болуп эсептелет.
Кыскасы, Кытай өкмөтү мусулмандар үчүн канчалык душман болсо, АКШ менен Британиянын да душмандыгы андан аз эмес. Инша Аллах булардын бардыгы Аллахтын уруксаты менен жакында тикеленүүчү Халифалык мамлекетинин алдында ар бир кылган кылмыштары үчүн жооп беришет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here