Кыргызстанда үч адамдын бири жакыр жашайт

73
0

Кыргызстанда үч адамдын бири жакыр жашайт

Дүйнөлүк банктын маалыматында дээрлик 2,2 миллион кыргызстандык күнүнө 96 сомго жашайт. 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли Кыргызстанда 25%дан ашкан. Калктын дагы сегиз пайызы жакырчылык чегинде турат.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико коронавирус пандемиясына байланыштуу көп үй-бүлөлөр жумушсуз калып, киреше булагын жоготконун белгиледи. Анын айтымында, пандемиядан улам жакыр жашап калган адамдардын саны гана өспөстөн ортодогу ажырым дагы кеңейди. Башкача айтканда, мурда жакырчылыкта жашап келген болсо, азыр биротоло кыйынчылыкка туш болду. Ошондой эле жардылар менен жакшы жашагандардын ажырымы кеңейди. Ошондуктан пандемиядан кийин Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үч эселеген жүктү көтөрүп калды. Биринчиден, жакырчылыктын деңгээли өстү, азык-түлүк коопсуздугу начарлап жатат. Үчүнчүдөн, туура тамактанууга көңүл бурулбай калууда.
Буга чейин Статистика комитети 2016-2019-жылдары кедей жашаган үй-бүлөлөр кирешесинин 60 пайызын тамак-ашка жумшаса, быйыл кирешесинин баары азык-түлүктөн ашпай калганын билдирген.
Учурда Кыргызстанда да капиталисттик система колдонулуп жаткандыктан, капиталисттер бул оор абалдан мүмкүн болушунча көбүрөөк киреше алууга аракет кылышууда. Белгилүү болгондой, өлкөбүздөгү бай капиталисттердин баары эле бийлик менен байланышкан. Соода-сатык сыяктуу кирешелүү тармактар аткаминерлерге тиешелүү, же алардын туугандарына, же жакын адамдарына таандык. Алар бул бизнестерин бийликтеги таасири менен калкалап келишет. Ошондуктан, азык-түлүктүн ар тармагы ар капиталисттин колунда, башкача айтканда, монополия десек болот. Алар бааларды каалагандай коюшуп, абал курчуганда көбүрөөк киреше алуу үчүн бааларды дагы да жогорулатып жатышат.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан 3-дүйнө өлкөлөрүнүн катарынан орун алгандыктан, БУУ талабына ылайык өлкө агрардык саясат жүргүзүүгө тийиш. Айыл чарбасы 2019-жылы өлкөнүн Ички дүң өндүрүшүнүн 11,7%ын түзгөн. Бул көрсөткүч жыл сайын азайып турат. Маселен, 2013-жылга салыштырмалуу 2,9%га төмөндөгөн. А бирок, айыл чарба оор өнөр жайсыз өнүгүшү мүмкүн эмес. Муну биз оор өнөр жайы алдыңкы мамлекеттердин айыл чарба тармагы да алдыда экенинен байкасак болот. Бул мамлекеттер курал жарак жана оор техникаларды өндүрүү менен бирге айыл чарбага тиешелүү комбайн, трактор сыяктуу техникалардын алдыңкы түрлөрүн да өндүрөт. Натыйжада мындай өлкөлөр айыл-чарба азыктарын экспорттоо боюнча алдыңкы сапка чыккан. Мунун каршысында, 3-дүйнө өлкөлөрү айыл чарба үчүн керектүү станок жана техникаларды өндүрө албагандыктан, айыл чарбасы да артта калган. Керек болсо Кыргызстан сыяктуу өз жарандарын да негизги азык-түлүк менен камсыздай албай турган абалда. Буга кошумча, оор өнөр жайга негизделген мамлекеттер айыл чарба тармагына субсидия катары жылына миллиарддаган долларлар бөлөт. Ал эми, 3-дүйнө өлкөлөрүнө импорттук товарлар кирип турушу үчүн Дүйнөлүк соода уюму тарабынан субсидия бөлүүгө чектөө коюлган жана азык-түлүк товарларына бажы төлөмдөрү азайтылып, чектөөлөр алынышы шарт. Кыргызстан сыяктуу коррупцияга баткан бийликтер бул талаптарды ашыгы менен аткарып берет. Маселен, айыл чарба товарларына карата ставка ДСУ талабына ылайык 12,2% болуш керек эле, бирок Кыргызстан бул ставканы 8,1%га чейин түшүрүп берген. Натыйжада айыл чарба продукцияларын импорттоо жыл сайын өсүп жатат.
О.э. бүгүн биз Россиянын таасири астында турабыз. Экономикалык жана саясий чечимдерибиз Россияга көз каранды. Россия бул өкүмдарлыгын бекемдөө үчүн анын таасири астындагы өлкөлөрдү ар кандай саясий, экономикалык, коопсуздук жаатындагы уюмдар аркылуу кишендеп алган. Учурда бензин жана дизел майларын кымбаттатуу менен басым өткөрүп, азык-түлүктүн баасы дагы да кымбаттоо астында турат. Бул колонизаторлуктан улам, ал тургай, кошуна боордош мусулман өлкөлөрү менен да ачык-ашкере, эркин мамиле кыла албайбыз. Андыктан, азык-түлүк таңкыстыгы же кымбаттоосунун чыныгы себеби үстүбүздөгү колонизаторлук саясат жана аларга шериктеш болгон жергиликтүү аткаминер, капиталисттер болуп эсептелет.
Демек, дүйнө Кыргызстан сыяктуу мына ушул капитализмдин адилетсиздигинен запкы тартып жатат. Адамзатты мындай зулумдан адамдардын жаратуучусу Аллах тартуулаган Ислам түзүмү гана чыгарат. Анткени, адамдардын акы-укуктарын Аллах Таала гана туура белгилейт жана ал укуктар Анын шарияты менен корголот. Шарият адамга адам деп карайт – ага капитализмдегидей “салык төлөөчү”, “шайлоочу” же “жумушчу күчү” деп карабайт. Ал эми Ислам көз карашында ар бир тирүү жан азиз. Анын тирүү жана бакубат жашашын камсыздоо мамлекеттин негизги милдети болуп эсептелет. Ошондой эле, Ислам мүлк жана ресурстар коомдун ар бир жаранына бөлүштүрүлбөгөнүн проблема деп билет. Т.а. проблема мамлекеттин жакырдыгы эмес, адамдардын жакырчылыгы. Жакыр, мискин жана мусапыр туурасында келген аят жана хадистер бир далай жана ар түрдүү. Аларда мына ушул нерсе проблема катары көрсөтүлүп, ал шексиз чечилиши шарт деп каралат. Аллах Таала айтат: «Кылган ар бир жакшылыгыңар силерге зулум кылынбаган абалда өзүңөргө толугу менен кайтарылат. (Кайыр-садакалар) Аллах жолунда тосулган жакырларга берилет». [2:272-273]
Хадистерге келсек, Расулуллах ﷺ бул жөнүндө мындай дейт:
«Арасында ачка киши болуп туруп, ток абалда таң аттырган турактын ээлеринен Аллахтын коргоосу көтөрүлгөн болот».
Ошондуктан, Халифалык мамлекетинин бүткүл тарыхында, ал тургай, оор доорлордо да көчөлөрдө тилемчилик кылган тилемчилер болбогонун, мамлекет өз жарандарын азык-оокат, кийим-кече, үй-жай, таалим, дарылануу жана коопсуздук сыяктуу бардык негизги муктаждыктарын камсыздап койгонуна күбө болобуз. Бул абал Уммат салыккор мамлекет эмес, камкор Халифалык көлөкөсүндө жашаган замандарда болгон.
Бүгүн бүткүл дүйнө салыккор эмес, камкор мамлекетке муктаж. Тынч, кадыржам, бейпил жана көңүл ток жашоо берген мамлекетке муктаж. Бул болсо, Аллахка ант болсун, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети колдонгон Ислам түзүмүндө гана болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here