Аң-сезимдүү чөйрө – козголоңдун коопсуздук клапаны

181
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аң-сезимдүү чөйрө – козголоңдун коопсуздук клапаны

 Устаз Абду Дали

Саясий чөйрөнүн болушу ар кандай элдик кыймыл үчүн зарыл. Ал козголоң үчүн коопсуздук клапаны о.э. бүткүл элдин каршылыгына учураган режимге басым кылуучу куралдардын бири болуп саналат.

Чынында, Шамда ушундай чөйрө болбоду. Себеби, БААС партиясы бийликке келгенде алгач ишти өзүнүн атаандаштары болгон саясатчыларды – «Улуттук Азаттык фронту» аты астында куугунтуктоо жана аракеттерин чектөө аркылуу – жок кылуудан баштаган… Бул бир партиялык башкаруу астындагы мамлекетте саясий чөйрөнү жок кылууга карай ташталган биринчи кадам болду.

«Улуттук Азаттык фронту» кыймылы козголоңдон кийин пайда болду. Анткени, Шам козголоңу алдын ала иреттелбеген элдик координациялар аркылуу ишке ашырылды. Саясий чөйрө болсо, жогоруда айтылган себептерге ылайык майданда жок эле. Акыйкат менен батылды бириктирүү жараяны ондогон жылдарга созулган эле.

Козголоңдун баштапкы жылдарында көптөгөн жамааттар, блоктор жана партиялар козголоңго жетекчилик кылуу максатында саясий чөйрөгө айланууга аракет кылышты. Бирок, аракет кылгандардын көпчүлүгүнүн сыпаты тышкы күчтөргө байлангандыгы болду. Бул сыпат козголоңдун баскычтарында жүз берген иштерде өз тастыгын тапты. Акыбетте, бул саясий блоктордун катарында аракет кылып жаткан көптөгөн адамдар блоктордун көз карандылык сыпатын көрүшкөн соң, аракет кылууну токтотушту жана аларга мүчө болгондордун көлөмү азайды.

Адамдардын саясий чөйрөгө карата реакциясы доорго карап ар түрдүү болду. Козголоңдун башталгыч доорунда саясий чөйрөнүн айланасында чогулгандар өтө көп болду жана бул табигый албетте. Себеби, адамдар саясий өкүлдөргө өтө суусап турушат. Айрыкча, Шам жери кудум жаандын жаашына муктаж болуп турган кургак топуракка окшойт. Бирок, козголоңдун ортолоруна келип, өзгөчө, адамдар саясий чөйрөнүн көз карандылыгын сезип, күн тартиби эмнеден турганын түшүнүп жетишкенден кийин анын айланасында чогулгандар азайып кетти.

Ооба, чындыгында саясий блоктордун жана чөйрөлөрдүн аброю түшүп кетти. Эмне үчүн?! Себеби, бул чөйрөлөр адамдардын акыйдасынан туулган жок жана акыйданы туюнта алган жок. Анткени, алар тышкы күчтөр менен байланышпаган жана көз каранды болбогон күнү болбоду. Дагы бир себеби, саясий чөйрөлөрдүн колунда эч кандай чечим жок эле, ошондуктан, алар адамдарга чет элдик элчиликтер ыраазы болгон жана чет элде даярдалган чечимдерди беришти. Бул чечимдер болсо, залим режимдин өкүмдарлыгын сактап калуудан башка нерсеге багытталбаган эле.

Саясий блоктор жана алардын пландары адамдардын назарында талкаланды дегени, адамдар козголоңду жана анын талаптарын туюнткандарды издөөнү жаман көрүп калды дегени эмес. Бирок, бирер блокко козголоңду туюнтуу укугун берүү этияттыкты талап кылган ишке айланды.

Ошондуктан, мабдага негизделген долбоору бар саясий хизбге жана аң-сезимдүү саясий чөйрөгө кошулуу бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй важиб болуп турат. Себеби, амандык жээгине мына ушул хизб жана чөйрө чыгара алат.

Аракеттин максатка карай түз сызык менен уланышынын жалгыз кепили – саясий хизб о.э. анын айланасындагы чөйрө жана ал калыптандырган аң-сезимдүү коомдук пикир. Мына ушундай саясий хизб гана эмне кылуу керектигин билет, түзүлүп жаткан фитналарды көрөт, максатка кандай жетип барууну, кандай план жана долбоор түзүү зарылдыгын түшүнөт.

Бүгүнкү күндө Шам козголоңу мына ушундай саясий чөйрөнүн айланасында биригүүгө өтө-өтө муктаж болуп турат. Ушул аркылуу гана козголоңдун башталышына себеп болгон максат жүзөгө чыгып, козголоңдун ураандары ишке ашат, душмандардын козголоңго каршы тил бириктирүүлөрү кыйрап, козголоңго каршы тузактары ачыкка чыгат.

Бүгүн козголоңго өтө керек болгон жалгыз нерсе – козголоңдун бардык деталдарына жана окуяларына карата Аллах Субханахунун шариятына жана өкүмдөрүнө ылайык жандашкан пикирлүү аң-сезимдүү саясий чөйрө. Козголоңубуз ушул чөйрөнү ээрчисе гана Аллах Таала бизге бул канкор режимден кутулууга, Аллахтын ыраазылыгына жетүү ниъматына тартуу кылат жана бул Аллахка жеңил.

 Роя гезити, №343, 2021-жыл, 16-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here