Президент жарандарды вакцина алууга чакырды

187
0

Президент жарандарды вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан калкын Курман айт майрамы менен куттуктап жатып жарандарды вакцина алууга чакырды. Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарда “эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен экинчи жолу коронавирус илдетине байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен коштолуп жатканы” айтылган.

Өлкө башчы куттуктоо сөзүндө: “Учурдан пайдаланып бардык жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө чакырып кетмекчимин. Күчтүү коом капилеттен келген ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго жана өзгөрүүлөргө каршы даяр болушу керек… Кудай Таала ар бир үйгө береке, ырыскы жана бакыт тартуулап, бизди ар кандай оору-сыркоолордон оолак кылсын!”, – деген.

 Комментарий: Мындан он күн мурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орунбасары Кыялбек Мукашев Кытай тарап кыргыз-кытай чек арасын толук ачуу үчүн Кыргызстан калкынын 70 пайызы вакцина алышын талап кылып жатканын билдирди.

 Улуттук статистикалык комитет тараткан кабарда келишинче, быйыл январь айына карата Кыргызстан калкынын саны 6 миллион 637 миңге жетти. Жалпы калктын үчтөн биринен көбүрөөгү (35 пайызы) жаш балдар жана өспүрүмдөр, 57 пайызы эмгекке жарамдуу адамдар. Ал эми 8 пайызы пенсия жашындагы жарандар.

Демек, 35 пайыздык жаш балдарды кошпогондо, жашы жеткен бардык жарандар вакцина алган күндө да Кытай талап кылып жаткан 70 пайыздык чекке жетпейт. Садыр Жапаровдун майрамдык куттуктоого кошуп калкты вакцина алууга чакырышын эсепке алсак, 18 жаштан жогорку жарандардын бардыгы вакцина алууга мажбурланышат. 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза вакцина келген, ушул айдын соңуна чейин дагы 1 миллион 250 миң вакцина алып келинет. Кабарларда келишинче, бүгүнкү күнгө чейин 391 миң адам Кытайдын “Sinopharm” жана Россиянын “Sputnik-V” вакцинасы менен эмделген. Демек, калктын негизги бөлүгү Кытайдын вакцинасы менен эмделет жана буга мажбурланат. Себеби, кыргыз өкмөтү үчүн азыркы экономикалык абалда Кытайдан кирип келген товарларды сатып алуу жана реэкспорт кылуу о.э. бериле турган материалдык жардамдар менен карыздар маанилүүрөөк.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here