Орусия Тажикстан жана Өзбекстан менен бирге аскердик машыгуу өткөрөт

221
0

Орусия Тажикстан жана Өзбекстан менен бирге аскердик машыгуу өткөрөт

Тажикстандын жана Өзбекстандын аскерлери Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен чогуу аскердик машыгуу өткөрөт. Машыгуулар Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагында болот. Бул тууралуу “Азия Плюс” агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуулар “Харбамайдон” полигонунда 1-августта башталып, он күнгө уланат. Ага аба күчтөрү, чопкутталган аскердик техникалар жана атайын отрярддар катышат. Машыгуу Ооган жергесинен кирип келиши мүмкүн болгон согушкерлерге каршы туруу максатында уюштурулууда.

Орусия Борбор Азиядагы таасирин сактап калуу үчүн Ооганстан маселесинен пайдаланууга аракет кылып жатат. Башкача айтканда Борбор Азия өлкөлөрүн коркууга салуу менен өзүнүн таасирин күчөтүп алмакчы. Ооганстан чек араларында пландалып жаткан машыгуулар да түпкүлүгүндө аймактагы калкка өзүн коргоочу катары көрсөтүү максатында кылынып жатат. Орусиянын кызыкчылыгы негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанда террористтик актыны ишке ашырмакчы болгон деген шылтоо менен бир адамды кармады. Ал Ооганстанда эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөн имиш. Демек, Орусия аймактагы калктарды мына ушундай теракттар, чек ара коркунучу астында кармоо менен АКШнын таасирине каршы турууну көздөп жатат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here