بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Америка Фалестиндеги шайлоолорго негиз болгон үч башкы негизди баса белгилөөдө!
АКШ расмий булактары баса белгилешинде, жаңы администрация Американын адаттагы позициясына амал кылууда. Бул позиция – «Фалестин маселеси демократиялык тандоо болуп, ушул демократиялык жараянда катышкандар Осло келишими сыяктуу мурунку келишимдерди кабыл алышы, зомбулук жана «терроризмден» баш тартып, (израилди) моюнга алышы зарыл».
Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндин маалымат бөлүмү өз сайтында билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:
«Шайлоолордун вакиълиги жана негизи мурунку келишимдерге, негизинен Осло келишимине амал кылууга, (Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүүнүн ураанына айланган) «терроризмден» жана зомбулуктан баш тартууга о.э (израилди) моюнга алууга таянат. Ушул үч ыплас негиз Фалестин администрациясы чакырып жаткан жана Фалестин калкын катышууга тартып жаткан шайлоолордогу кылмыштуулуктун негизги акыйкатын көрсөтүүдө. Өлкөдөгү ар бир саясатчы билбестен же билип туруп адаштыруу максатында бул үч негизге көз жумушууда. Фалестин администрациясынын, Азаттык Уюмунун жана шайлоолордогу эксклюзив демөөрчү Мисирдин тизгинин кармап турган Америка ушундай ыплас максаттарды көздөгөн.
Фалестин калкынын бул шайлоолордон баш тартышы үчүн мындай ыплас негиздердин болгону бирөөсү гана жетиштүү. Эми, бул үч негиздин ар бири шаръий өкүмдөргө тескери келип, Фалестин маселесин жок кылса жана баскынчы яхудий вужудун моюнга алса, абал эмне болушу мүмкүн?! Бул нерсе «каршылык кыймылы» деген ураанды көтөрүп чыккан жамааттардан Фалестин маселесинде мындай кылмыштарга катышпоону талап кылат. Антпесе, саткын Фалестин администрациясы жана анын уюмунун кербенине билип же билбеген абалда ээрчип калышы турган кеп.
Роя гезити, №327, 2021-жыл, 24-февраль.