بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Биз Халифалык менен тирүүбүз, мечиттерибизди жана ыйык жайларыбызды Халифалык коргойт
Хизб-ут-Тахрир – Судан вилаяты
маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз
Абдуссалам Исхак
Ислам жана куфр ортосундагы күрөш байыртадан, Набий ﷺдын заманынан бери ар түрдүү услуб жана каражаттар аркылуу уланып келүүдө, алардын катарында түздөн-түз душмандык кылынып, жетекчилик алсыз жана ийгиликсиз кылып көрсөтүлүүдө, өтө жаман сыпаттар менен жаманатты кылынууда. Ислам турмуш манхажы жана жетик түзүм болуп, анда адам проблемаларынын чечимдери бар. Анткени, Исламда адамдар бирдей этибарда, алардын ар бирине Аллахтын кулдары деп каралат.
Мухаммад алайхиссалам пайгамбар болуп жиберилгенде Ислам турмушта кеңири көлөмдүү саясий ыңкылап жасашы Курайш кафирлерине ачык-айкын болуп калган эле. Ошондо Набий ﷺ Курайш чоңдорун жана жетекчилерин чогултуп, бир гана калиманы айткыла, ушул себептүү бүткүл арабдарга өкүмдар болосуңар, бүткүл ажамдар силерге моюн сунат деди. Кафирлер: бир эмес, жүз калиманы айтпайбызбы, дешти. Ошондо ал ла илаха иллаллах, калимасын айткыла, деди. Алар болсо, эч качан бул калиманы айтпайбыз дешти. Кийин алар бир нече услубдарды колдонуп, Пайгамбар ﷺ жана анын сахабаларынын манхажына каршы күрөшүүнү башташты. Алар азаптоо, Пайгамбар алайхиссаламдын сахабаларын куугунтуктоо, ал зат ﷺды акаараттоо… сыяктуу бир нече услубдарды ишке салышты. Бул услуб жана дооматтар Набий ﷺга жана сахабаларына зыян жеткире албады. Тескерисинче, мабдада бекем турууларын, эч кимге жагынбай, жалынбай, Аллах Өз даъватына нусрат беришине болгон ишенимдерин дагы да бекемдеди.
Ооба, күрөштүн касиеттери жана Исламга каршы ашынган чабуулдар ошондон башталды. Курайш жетекчилери Мухаммад ﷺ тез арада алардын бийлигин тартып алуусун билишкен. Ошондуктан, анын аброюн төгүү, пайгамбарлыгын жалганга чыгаруу, маскаралап-күлүү жана азапка салуу, адамдарды андан тосуу үчүн ар түрдүү доомат жана жалгандарды таркатуу, ага ыйман келтиргендерди кордоо сыяктуу колдорундагы бардык ыкмалардан пайдаланышты.
Кээде, ал затты мажнун-жиндисиң, дешти:
﴿وَقَالُوا يَا أَيُّهَا الَّذِي نُـزِّلَ عَلَيْهِ الذِّكْرُ إِنَّكَ لَمَجْنُونٌ﴾
«Алар «Эй (өзүнө) эскертме-Куран түшүрүлгөн (деп мактанып жаткан) киши, чынында эле сен мажнун-жиндисиң, дешти» [15:6]
Кээде, ал затты сыйкырчылык жана жалганчылыкта айыпташты:
﴿وَعَجِبُوا أَنْ جَاءَهُمْ مُنْذِرٌ مِنْهُمْ وَقَالَ الْكَافِرُونَ هَذَا سَاحِرٌ كَذَّابٌ﴾
«Аларга өздөрүнөн бир эскертүүчү-пайгамбар келгенине таң калышты. Кафирлер – бул бир жалганчы сыйкырчы, дешти» [38:4]
Кээде ал затты акын жана сыйкырчы деп аташса, кээде бечара сахабаларын маскаралашты, аларды күлкүнү келтире турган жана азил-тамаша кыла турган кимселердей көрсөтүштү:
﴿وَكَذَلِكَ فَتَنَّا بَعْضَهُم بِبَعْضٍ لِّيَقُولُوا أَهَؤُلَاءِ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْهِم مِّن بَيْنِنَا أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَعْلَمَ بِالشَّاكِرِينَ﴾
«Биздин арабыздан мына ушуларга Аллах жакшылык кылганбы?», – деши үчүн алардын айрымдары менен мына ушундай сынадык. Акыры шүгүр кылуучуларды Аллах жакшыраак билүүчү эмеспи?!» [6:53]
Күрөш услубдарынын дагы бири – маалымат күрөшү. Мисалы, маалымат согушуна Ислам өкүмдөрүн бузуп көрсөтүү жана мусулмандар арасында шек-күмөн ойготуу сыяктуулар кирет. Алар сахабалардан башкалардын даъватты кабыл алышы тиякта турсун, ал тургай, бул жөнүндө пикирлөөгө да орун калтырбоону көздөшкөн. Ушул себептен улам, Куръан жөнүндө:
﴿إِنْ هَذَا إِلا إِفْكٌ افْتَرَاهُ وَأَعَانَهُ عَلَيْهِ قَوْمٌ آخَرُونَ﴾
«Бул (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарып алган бир жалган, ага бул (жалганды ойлоп чыгууда) башка бир коом жардам берген» [25:4]
дешти.
﴿وَقَالُوا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ اكْتَتَبَهَا فَهِيَ تُمْلَى عَلَيْهِ بُكْرَةً وَأَصِيلاً﴾
«Дагы алар – бул абалкылардан калган уламыштар. (Мухаммад) аларды көчүрүп алган. Анан (бул уламыштар бирөөлөр тарабынан) ага эретли-кеч окуп берилет, дешти» [25:5]
Алар дагы мындай дешти:
﴿وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّهُمْ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُ بَشَرٌ﴾
«Биз алардын – (Куръанды Мухаммадга) бирээр адам үйрөтүүдө, деп жатканын билебиз»
[16:103]
Ошондо мусулмандар үчүн Ислам манхажы жана мафкурасы өтө анык болгон. Абу Бакр Сыддык разияллаху анху да Курайштын Исра жана Миъраж маселесинде күмөн салышына кудум ушул жосунда мамиле билдирген. Ошондо Курайш Абу Бакр Сыддыктын алдына барып, Расулуллахтын Исра жана Миъраж окуясы жөнүндөгү сөздөрүн айтып берет. Ушул аркылуу ал киши менен Расулуллах ﷺдын ортосуна фитна салууга урунат. Ошондо Абу Бакр: «Муну Расулуллах айттыбы?», – деп сурайт. Курайш: «Ооба», – деп жооп берет. Абу Бакр: «Расулуллах андай деген болсо, туура айтыптыр», – дейт. Курайш болсо: «Бул маселеде аны тастыктайсыңбы?!», – деп сурайт. Абу Бакр минтип жооп берет: «Мен ал затты мындан чоңураак маселелерде да, ал затка күнү-түнү асмандан вахий келип жатканын да тастыктайм го, эмне үчүн ал заттын тосмодон ашып, асманга көтөрүлгөнүн тастыктабайын. Аллахка ант болсун, мунусу анысынан да оорураак». Абу Бакр ушинтип Расулуллах ﷺдын алдына барат. Ал зат адамдарга Исра жана Миъраж окуясын айтып берип жаткан. Абу Бакр баш ийкеп: «Туура айттыңыз, мен Аллахтын Расулу экениңизди тастыктаймын», – дейт. Ошондо Набий ﷺ Абу Бакрга жөнүндө: «Эй Абу Бакр, сиз сыддыксыз», – дейт. Чындыгында, Абу Бакр Сыддыктын Исра жана Миъражды тастыкташы көптөгөн момундардын да бу окуяны тастыктоолоруна себеп болот. Бирок, манхаж кайып болуп, Усманий Халифалыктын акырында мамлекет күчсүздөнгөн соң, Батыш мусулмандарды өз мыйзамчылыгы менен ачыктан-ачык күрөшүүгө чакырды. Акыбетте мусулмандар ушул күрөштө жеңилип, саясий жактан бүтүндөй ойрон болду.
Мусулмандар Батыштын мыйзамчылык чабуулуна учураганда Батыш жетишкен ири өнөр жай ыңкылабына ооздору ачылып-таң калышкан. Ушул себептен улам, өздөрүндөгү проблемалардын чечимин капиталисттик системага о.э. Батыш жетишкен чоң ачылыштарга жана өнөр жайларга байлашкан. Ушул жерден пикирлөө бузулду. Өз кезегинде, Ислам өкүмдөрүнө болгон ишенимдеринде да бузулуу пайда болду. Мисалы, Батыш «банктар экономика үчүн зарыл, Исламда банктар айтылганбы?» дегенде, мусулмандар банктар жөнүндөгү Исламдын өкүмүн сурашпады, тескерисинче Исламдын заманга ылайыкташы керектигин айтышты. Акыбетте уламалар «зарылчылык фикхи», «жетимдин малын зыян жетишинен сактоо» сыяктуу үйөлөр менен аз пайыздуу сүткордукка фатва беришти о.э. башкаруу, экономика жана социалдык тарапка байланыштуу исламий мыйзамдардагы Батыш чабуул кылган бир нече өкүмдөрдү бузушту. Ушул таризде Батыш сакафаты менен көздөрү сокур болгон кимселер Батыштын жолунан жүрүштү. Бүгүнкү күнгө келип, абалыбыз ушундай бир даражага жетти, ал тургай, намаз өкүмдөрүндө да коронавирус пандемиясы деген нерсени шылтоолоп, аралыкты сактап намаз окула турган болуп калды. Т.а. бул проблеманы чечүүдө да Батышка ээрчидик. Расулуллах ﷺ айткан:
«لتَتَّبِعُنَّ سَنَنَ مَنْ قَبْلَكُمْ شِبْراً بِشبْرٍ، وَذِرَاعاً بِذِرَاعٍ، حَتَّى لَوْ سَلَكُوا جُحْرَ ضَبٍّ لَسَلَكْتُمُوهُ»
«Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолуна изме-из ээрчийсиңер… Ал тургай, алар кескелдириктин ийинине киришсе, силер да киресиңер».
Азыркы күндө кафир Батыштын назариясына ылайыкташуу үчүн диний хытабды жаңылоого көңүл бурулуп, сарай уламаларынын бул туурасында Аллахтын шариятын өзгөртүп берген фатвалары кеңири таралууда. Ошондой болсо да, залимдерге баш ийбеген о.э. колонизатор кафирге кул болууну ыраа көргүн кимселерге ооп кетпеген Мухаммад ﷺдын сүйүктүү Умматы өз пайгамбарынын акааратталышына каршы көтөрүлдү. Мунун артынан Франция продукциялары бойкот кылынып, Макрон өз өлкөсүнүн кыйыкчылыктары үчүн тынчсызданып калды. Натыйжада, Макрон жалтактап, Франция дин катары Исламга душман эмес деп билдирүү берүүгө мажбур болду. Карагыла, мусулмандардын бул позициясы Исламдын мусулмандардын жүрөгүнөн орун алганын жана бул нерсе Батышты коркутуп жатканын канчалык көрсөтүүдө! Ошондуктан, Батыш Умматты адаштырууга урунуп жатат. Эми, Умматтын мамлекети, камкору болсо эмне болушун элестетип көрө бергиле!
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Халифа – артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».
Биз Халифалык менен тирүүбүз. Өмүрүбүздү жана намысыбызды да Халифалык коргойт. Халифалык менен мечиттерибиз коопсуздукта, акыйдабыз аманчылыкта, ыйык жайларыбыз корголгон болот.
Роя гезити