Кыргызстан Орусия менен Казакстандан курал-жарак жардамга алат

408
0

Кыргызстан Орусия менен Казакстандан курал-жарак жардамга алат

Президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы жана Орусиядагы мамлекеттик жана иш сапарынын алкагында Кыргызстан аталган өлкөлөрдөн курал-жарак жардамга алат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Казакстандан алына турган техниканын көлөмү, суммасы жазылган эмес. Ал эми Орусия менен учкучсуз учактарды жана С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталык комплексти алуу тууралуу келишим түзүлгөн.

Эксперттер аталган жардамдарды Орусия Канттагы аскер базасын коргоо үчүн берип жатканын белгилешүүдө. Анын үстүнө С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракета эскирип, азыр С-400 ракетасы чыккан. Маселен, эл аралык саясат боюнча эксперт Таалатбек Масадыковдун айтымында, Борбор Азиядагы беш мамлекетке Орусия эле эмес, Кытай жана Батыш мамлекеттери көбүрөөк көңүл буруп турат. Айрыкча АКШ Ооганстан менен Борбор Азияны бириктирип, чоң долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу бул аймактагы Орусиянын таасирин жоготуу аракетин көрүп жатат. Ал эми Орусиянын Кыргызстанга аскер техникасынын бериши – дестаблизация аракеттери жакындап жатканын түшүндүрөт.

Учурда Кыргызстанда АКШнын маалыматтык жана саясий-сакафий таасири күчөп баратат. Айрыкча, жаңы келген бийликтин Матраимов, Көлбаевдерди камакка алуу операцияларынын жасалмалуулугун ачып таштап, коомдук пикирди бийликке каршы бура алды. Мындан улам ички саясатта чыңалуу жүз берип, саясий чөйрөдө туруксуздук күтүлө баштады. Ошондуктан, Орусия коомдук пикирди чек арада жаңжалды же мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүшү мүмкүн. Орусия буга чейин Тажикстанга да кайтарымсыз түрдө 5 млн. долларга бааланган аскер техникаларын жана курал-жарактарын бергени кабарланган. Демек, эки өлкөгө берилген “жардамдар” түпкүлүгүндө эки мусулман калктын канын төгүүгө каратылууда. Муну менен Орусия Батышка каршы позициясын бекемдеп алмакчы. Буга кошумча, Кыргызстан Орусия менен чогуу бир катар эл аралык жана аймактык уюмдарга мүчө. Алар Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ). Мындан сырткары Орусия ЕАЭБ уюму аркылуу да экономикалык, саясий кызыкчылыктарын ишке ашырып келет.

Андыктан, ири мамлекеттердин өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларына жол бербейли. Ошондой эле аткаминерлерди кыянаттык кадамдардан эскертип, жакшылыкка чакыруу вазыйпабызды так аткаралы.

Акыйкатта жеңиш Ислам динибизди турмушка алып келүү менен гана болот. Ошондо гана үммөттү державаларга күнкор абалдан алып чыгып, адилеттүү башкаруу менен бакубат жашоого жете алабыз. Бул үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын тарыйкатынан кыйшайбай пикирий жана саясий күрөштү тынымсыз алып баруу шарт. Бул пикирий-саясий күрөштөр бузук саясий чөйрөнү оңдоого же жаңы калыс мусулмандардан турган саясий чөйрөнү калыптандырууга каратылышы керек. Ошондой эле коомго үстүбүздө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын зулумдугу Исламды колдонуу менен гана токтой турганын түшүндүрүп баруу шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here